Жалпы маалымат

Салттуу билимдерди коргоонун эл аралык аспекти

Салттуу билимдерге жана аларга байланышкан генетикалык ресурстарга укуктук коргоо берүү бүгүнкү күндө Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун алкагында актуалдуу жана кеңири талкууга алынуучу маселе болуп эсептелет.

2001-жылдан бери ИМБДУда Интеллектуалдык менчик, генетикалык ресурстар, салттуу билимдер жана фольклор боюнча өкмөттөр аралык комитет (мындан ары – Комитет) ушул маселелер боюнча эл аралык саясий форум катары иштейт.

Бул укуктук документ башка адамдар же мамлекеттер салттуу билимдерди өзүмдүк кылып албаш үчүн же өзүлөрүнүн салттуу билими деп көрсөтпөш үчүн, ошондой эле генетикалык ресурстардын негизинде салттуу дары каражаттарын түзүү ыкмасына мыйзамсыз патент берүүдөн коргоо үчүн зарыл.

Негизги генетикалык ресурстар жана ушундай билимдер Түндүк жана Түштүк Америка сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө, Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө, Австралияда, ошондой эле биздин өлкөдө дагы бар. Бардык ушул билимдер жана генетикалык ресурстар укуктук коргоого муктаж.

Бирок бул документ интеллектуалдык менчиктин алкагына кирбейт, себеби алар муундан муунга көпчүлүк учурда оозеки түрдө өтүп келгендиктен, бул билимдердин автору (укук ээси) жок.

Бул документ sui generis алкагында азырынча Өкмөттөр аралык комитеттин сессияларында талкууланып келе жатат.

Эң кеңири маанисинде салттуу билимдер – бул тарыхый калыптанып калган коомдор тарабынан муундан муунга берилүүчү билимдер жана материалдык эмес жана материалдык формада бекемделген жашап туруу чөйрөсү жөнүндөгү тажрыйбалык ыкмалар. Салттуу билимдердин көптөгөн түрлөрү бар: булар айыл чарбасы, экология, медицина, азык-түлүк өнөр жайы ж.б. жаатындагы билимдер. Бирок булардын бардыгын белгилүү бир элге же ал жашаган аймакка таандык болуп, муундан муунга өтүп келгендиги жана курчап турган чөйрөнүн өзгөрүшүнө ылайык дайыма өнүгүп келгендиги бириктирип турат.

Кыргыздардын салттуу билимдери

Кыргыз эли көптөгөн кылымдардан бери келе жаткан маданий мурастарга абадан бай.

Кыргыздардын салттуу билимдерин шарттуу түрдө төмөнкүлөргө тиешелүү деп бөлүүгө болот: улуттук тамак ашка тиешелүүлөр (жылкынын этинен “чучук” жасоонун салттуу ыкмалары, жылкынын сүтүнөн “кымыз” ачытуу, дан азыктарынан “максым” суусундугун жасоо ыкмасы, дан азыктарынан жумшак алкоголдуу “бозо” суусундугун ж.б. жасоо ыкмасы, ошондой эле тамак-аш продуктуларын сактоонун жана консервациялоонун ыкмалары);

– турак үй жана тиричилик буюмдарына тиешелүүлөр (боз үйдүн, бала бөлөнө турган – “бешиктин” конструкциялары)

– материалдык маданиятка жана декоративдык искусствого тиешелүүлөр (боз үйдүн ички жана тышкы жасалгалары, улуттук кийим-кечектер, ат жабдыктары, кийизден жасалуучу буюмдар, чийден жасалуучу буюмдар (Achnatherum splendens));

– пасторалдык билимдерге тиешелүүлөр (био ар түрдүүлүктү коргоо, жайыттарды ротациялоо, алыскы жайыттарга көчүү, үй жаныбарларын дарылоо);

– салттуу медицинага;

– улуттук оюндарга жана фольклорго тиешелүүлөр (эпостор, жомоктор, макалдар, ылакаптар) ж.б.

Элдик дипломатия, бийлик системасы жана аны салттуу башкаруу, дүйнөгө болгон көз караштар жана философия боюнча билимдер, астрономиялык ж.б. билимдер бар.

Салттуу билимдер генетикалык ресурстар менен үзгүлтүксүз байланышта өнүгөт жана аларды пайдалануу кылымдардан бери келе жаткан салттар, кыргыз элинин жаратылышты салттуу пайдалануу салттары менен байланыштуу.

Бул Мыйзамда пайдаланылган негизги түшүнүктөр.

салттуу билимдер – убакыттын өтүшү менен, белгилүү бир тартипте жана мааниде, бир муундан экинчи муунга өтүп, адамдардын ишмердүүлүгүнүн ар түрдүү тармактарында колдонулуучу билимдер, усулдар жана ыкмалар. Бул билимдер жергиликтүү шериктештиктер менен салттуу билимдердин ээлеринин тигил же бул муктаждыктары үчүн сакталып келген, алар жашоо ишмердүүлүгүнүн ар кандай чөйрөлөрүн өнүктүрүү үчүн белгилүү баалуулуктарга ээ болуп саналат;

салттуу билимдердин ээлери – салттуу билимдерге ээ болушкан, уюштуруучу укуктук формасы жана менчигинин түрү ар кандай жергиликтүү шериктештиктер, жеке жана юридикалык жактар;

жергиликтүү шериктештиктер – адамдардын ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарында калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу үчүн чыныгы баалуулукка ээ, өздөрүнүн улуттук жана маданий салттары, жашоо ыкмалары жана салттуу билимдери бар айылдык, поселоктук, шаардык кеңештин аймактарында жана Кыргыз Республикасынын башка белгилүү аймактарында туруктуу жашаган калк;

генетикалык ресурстар – ал өзүнө салттуу билимдердин ээлери ишмердүүлүктүн тигил же бул чөйрөсүндө белгилүү иш натыйжаларын алуу үчүн пайдаланышы мүмкүн болгон, жердеги жана сууда жана башка жакта болуучу бүткүл жаныбарлар жана өсүмдүктөр дүйнөсүн камтыйт.

Мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары жана милдеттери

Салттуу билимдер тармагында мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары салттуу билимдерди укуктук коргоо, сактоо жана адамдардын ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарында кеңири колдонууга, салттуу билимдерди, анын ичинде өнөр жай өндүрүшүндө генетикалык ресурстарда негизделгендерди пайдаланууга көмөктөшүү, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжасында өндүрүлгөн объектилерди андан ары коммерциялаштыруу болуп саналат.

Салттуу билимдер тармагында мамлекеттик жөнгө салуу буларды камтыйт:

– салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди укук ченемдүү эмес патенттөөдөн салттуу билимдерди коргоо жана генетикалык ресурстарды пайдалануу менен салттуу билимдерди маалымат базаларына киргизүү аркылуу алдын-ала механизмди түзүү;

– салттуу билимдерди жергиликтүү шериктештиктин пайдалануусунан алынган пайданы акыйкат бөлүштүрүү;

– салттуу билимдерди пайдалануудан жана генетикалык ресурстарды пайдалануудан алынган каражаттан жергиликтүү шериктештиктерди өнүктүрүү үчүн фондуну түзүү;

– салттуу билимдерди пайдалануунун системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондусун түзүү;

 – генетикалык ресурстарды пайдалануунун жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу жана өнүктүрүү;

– Кыргыз Республикасынын аймагында салттуу билимдерди инвентаризациялоо максатында изилдөө иштерин өткөрүү;

– жалпыга белгилүү жана кеңири колдонулуучу салттуу билимдерди белгилөө.

Салттуу билимдер тармагындагы мамлекеттик саясатты интеллектуалдык менчик тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ишке ашырат (мындан ары – ыйгарым укуктуу орган). Бул Мыйзамга ылайык ыйгарым укуктуу орган салттуу билимдерди каттоого өтүнмөлөрдү кабыл алат, мамлекеттик каттоону ишке ашырат, каттоонун маалыматтарын мамлекеттик реестрге киргизет, салттуу билимдер боюнча маалымат базаларын калыптандырат, салттуу билимдер жөнүндө маалыматтарды жарыялайт, ушул Мыйзамды колдонуу боюнча ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгат жана басып чыгарат.

 

Салттуу билимдерди укуктук коргоо

Адам ишмердүүлүгүнүн тигил же бул чөйрөсүндө иш жүзүндө колдонулуучу жана алар колдонулган чөйрөдө жакшы натыйжа берген салттуу билимдерге карата укуктук коргоо колдонулат.

Адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына, ошондой эле курчап турган чөйрөгө чыныгы же кыйыр түрдө залал келтире турган салттуу билимдерге карата укуктук коргоо колдонулбайт.

Салттуу билимдерди укуктук коргоо ушул Мыйзамда белгиленген тартипте каттоонун же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери менен күчүнө киришинин негизинде келип чыгат.

Салттуу билимдер салттуу билимдердин ээлери болуп эсептелишкендердин менчик формасына карабастан, бир же бир нече юридикалык же жеке жактар тарабынан катталышы мүмкүн.

Кыргыз Республикасында салттуу билимдерди коргоо максатында, аларды маалымат базасына киргизүү, салттуу билимдерди каттоого өтүнмөлөр мамлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан берилиши мүмкүн.

Мамлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан салттуу билимдерди каттоонун жана пайдалануунун тартибин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү аныктайт.

Кыргыз Республикасында салттуу билимдерди каттоо мөөнөтсүз.

Салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди патенттөө

Кыргыз Республикасында салттуу билимдер болуп саналган объектилерди патенттөөгө жол берилбейт.

Салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди патенттөөдө өтүнүүчү өтүнмөнүн материалдарында прототип же оригинал катары пайдаланылган салттуу билимдердин келип чыгышын милдеттүү түрдө көрсөтүшү керек. Өтүнүүчү жалпыга маалымат үчүн салттуу билимдер өздөштүрүп алынган булактарды көрсөтүшү керек.

Салттуу билим катталган күбөлүктүн ээси, салттуу билимди пайдалануу менен жараткан ойлоп табууга патент ээсинен сыйакы (эмгек акы) алууга укуктуу.

Ойлоп табууну жаратуу максатында салттуу билимди пайдалануу үчүн сыйакы (эмгек акы) төлөөнүн тартиби салттуу билимдерге күбөлүктүн ээси менен ойлоп табуунун патент ээсинин ортосундагы макулдашуу менен аныкталат.

Мында макулдашуу салттуу билимдерди пайдалануу үчүн Жергиликтүү шериктештикти өнүктүрүү фондуна же Салттуу билимдерди пайдалануунун системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна милдеттүү түрдө төлөмдөрдү чегерүүнү караштырат.

Салттуу билимдердин негизинде түзүлгөн объектилерди укук ченемсиз патенттөөдөн алдын алуу үчүн патент берилүүчү объектилерге экспертиза жүргүзүүдө пайдаланылуучу салттуу билимдер боюнча маалымат базасы түзүлөт.

Маалымат базасын калыптандыруу жалпыбызга жеткиликтүү болгон катталган салттуу билимдер жөнүндө маалыматтардын жана салттуу билимдер жөнүндө маалыматтардын негизинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан ишке ашырылат.

Салттуу билимдерди каттоо

Салттуу билимдерди каттоого же аны пайдаланууга укук берүүгө же мурда катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө

Салттуу билимдерди каттоого же аны пайдаланууга укук берүүгө же катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүүгө өтүнмө (мындан ары – өтүнмө) ыйгарым укуктуу органга өтүнүүчүнүн өзү же анын кызыкчылыгын билдирген, өз ишмердүүлүгүн мыйзам менен белгиленген тартипте өтүнүүчү берген ишеним каттын негизинде ишке ашырган өкүлү (өкүлдөрү) аркылуу берилет.

Өтүнмө мамлекеттик же расмий тилде берилет.

Өтүнмөдө булар болушу керек:

1) өтүнүүчүнү, ошондой эле анын турган жерин жана жашаган жерин көрсөтүү менен салттуу билимди каттоо жөнүндө жана катталган салттуу билимдерди пайдаланууга укук берүү жөнүндө арыз;

2) билдирилген салттуу билимдердин так жана толук баяндоосу, аны менен кошо:

– салттуу билимдин жаралган жери (географиялык объектинин чек аралары),

– салттуу билимдер менен байланышта пайдаланылуучу генетикалык ресурстун баяндоосу;

– пайдаланылуучу тармактар жана жетишилген өз натыйжалар;

– өтүнмө берилген салттуу билимдердин каттоо жөнүндө, мурда басылып чыккан жарыялоолор жөнүндө маалыматтар өтүнмөгө булар тиркелиши керек:

1) Салттуу билимди иш жүзүндө пайдаланууга жарактуулугун, ишмердүүлүктүн тигил же бул чөйрөсүндө аны пайдаланган учурда өз жыйынтыгын ырастаган компетенттүү органдын берген расмий документи;

2) өтүнүүчү жергиликтүү шериктештиктин мүчөсү экендиги же салттуу билим ага таандык болуп саналган географиялык объектиде тургандыгы жөнүндө компетенттүү органдын (компетенттүү органдардын) корутундусу.

Салттуу билимди каттоого өтүнмө мамлекеттик орган тарабынан берилген учурда аталган корутунду талап кылынбайт.

3) Чет өлкөлүк өтүнүүчү үчүн салттуу билим жаралган өлкөдө анын укугун ырастоочу документ.

Салттуу билимдерди каттоо жана күбөлүк берүү

Ыйгарым укуктуу орган оң чечим кабыл алгандан кийин алым төлөнгөн шартта салттуу билимди каттоого алат жана анын катталгандыгы жөнүндө, анын катталгандыгы жана аны пайдалануу укугу берилгендиги жөнүндө маалыматтарды Кыргыз Республикасынын салттуу билимдер боюнча мамлекеттик реестрине (мындан ары – Реестр) киргизет. Реестрге маалыматтарды киргизүүнүн тартиби жана тизмеси ыйгарым укуктуу орган тарабынан аныкталат.

Салттуу билимдин ээлеринин каалоосу боюнча салттуу билимге тиешелүү, Реестрге киргизилген маалыматтар, белгиленген алым төлөнгөн шартта, алар Реестрге киргизилген күндөн тартып үч айдын ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан расмий бюллетенде жарыяланышы мүмкүн. Жарыялануучу маалыматтардын көлөмүн жана мазмунун салттуу билимдин ээси менен макулдашуу боюнча ыйгарым укуктуу орган белгилейт.

Жарым-жартылай жарыялануучу же жарыяланбоочу салттуу билимдер ыйгарым укуктуу орган тарабынан жашыруун режиминде сакталат.

Алым өтүнмө ээси чечимди алган күндөн тартып эки ай ичинде төлөнөт.

Салттуу билим кимдин атына катталса жана/же салттуу билимди пайдалануу укугу кимге берилсе ошол өтүнмө ээлерине ыйгарым укуктуу орган белгилеген үлгүдөгү күбөлүк берилет. Күбөлүктүн формасы жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленет.

Күбөлүк берүү ал жөнүндө расмий бюллетенде жарыяланган күндөн кийин эки айдын ичинде ыйгарым укуктуу орган тарабынан жүргүзүлөт.

Салттуу билимдерди пайдалануу

Салттуу билимдерди жана аларды камтыган жана алардын негизинде түзүлгөн объектилерди пайдалануу деп аларды даярдоо, колдонуу, ташып келүү, таратуу, сатууга сунуштоо, сатуу жана чарбалык жүгүртүүгө киргизүү же ушул максаттарда сактоо таанылат.

Салттуу билимдерди мыйзамсыз пайдалануу деп салттуу билимдердин ээлери менен келишим түзбөстөн коммерциялык максат менен өндүрүштө пайдалануу таанылат.

Салттуу билимдер булактарын көрсөтүү менен билим берүү жана илимий-изилдөө максаттарында, ошондой эле дээрлик жеке максаттарда пайдаланыла турган болсо аны салттуу билимдердин ээсинен макулдук албастан пайдаланууга жол берилет.

Салттуу билимдерди пайдаланууга келишим

Салттуу билимдин ээси болбогон жакка ушул Мыйзамда белгиленген тартипте катталган салттуу билимдин пайдалануу укугу аны менен салттуу билимди ыйгарым укуктуу органында каттаткан салттуу билимдин ээсинин ортосунда келишим түзүлгөн шартта берилиши мүмкүн.

Келишим боюнча салттуу билимдин ээси экинчи жакка салттуу билимди пайдалануу укугун келишимде макулдашылган көлөмдө, мөөнөттө, аймакта жана төлөө тартибинде берет. Келишимдин шарттары тараптардын макулдашуусу боюнча аныкталат. Келишимди ыйгарым укуктуу органда каттатуу белгиленген алымды төлөө шарты менен ишке ашырылат.