Көпчүлүк учурда берилүүчү суроолор

Көпчүлүк учурда берилүүчү суроолор

Салттуу билимдер деген эмне?

Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунда (ИМБДУ – штаб квартирасы Женевада) 1998-жылдан бери өткөрүлүп келе жаткан эл аралык талкууларда “СБ” деген түшүнүк (мындан ары – СБ) кеңири мааниде колдонулуп келүүдө, башкача айтканда ушундай билимди, ошондой эле маданияттын салттуу көрүнүштөрү (МСК) деген сыяктуу терминди камтыйт. “СБ” деген термин мындай кеңири мааниде көптөгөн контексттерде колдонулуп келген жана белгиленген укуктук аныктамага ээ болгон эмес.Азыркы учурда “СБ” деген термин ИМБДУда кыйла тар маанисинде пайдаланылат жана салттуу билимдердин мазмунуна жана маңызына, ыкмаларына жана билимдерине таандык.

СБ жана МСК маданий, илимий жана экономикалык мааниге ээ жана бул аларды сактоо (жоготуудан жана жок болуп кетүүдөн сактоо) жана коргоо (башка жактардын укуктуксуз колдонуусунан же санкцияланбаган пайдалануусунан коргоо) зарылдыгын аныктайт. Ошондой эле СБны жана аларга байланышкан генетикалык ресурстарды биокаракчылыктан коргоону белгилейт.

Коргоонун формасы салттуу техникалык ноу-хау же салттуу экологиялык, илимий же медициналык билимдер сыяктуу билимдерди пайдаланууга багытталган. Ал СБ түзүмдөрү жаатындагы салттуу ноу-хаунун, инновациялардын, маалыматтын, тажрыйбанын, ыкмалардын жана эрудициялардын мазмунун же маңызын камтыйт, атап айтканда бул айыл чарба жаатындагы, курчап турган чөйрөдөгү жана медицинадагы СБ. Билимдердин бул формаларын маданияттын салттуу көрүнүштөрү (МСК) же фольклордун көрүнүштөрү, мисалы, ырлар, чогулуп ырдоолор, узак аңгемелер, күүлөр жана сүрөттөр менен шайкеш келтирүүгө болот.

Салттуу курал өз ичинде СБны ишке ашыра алат, бирок ошондой эле оймо-чийме менен, анын сүрөтү менен кооздоодо өзүнчө бир маданияттын көрүнүшү катары дагы түшүнүлүшү мүмкүн. Бул СБ жана аларды түшүндүрүү формалары ажыратылгыс бүтүндүк экендигин көптөгөн коомдор көрүп билип турат дегенди билдирет.

Кыргыз мыйзамдарындагы СБ – бул анын ичинде генетикалык ресурстарды пайдалануу менен белгилүү бир тартипте жана мааниде бир муундан экинчи муунга өтүп келген, адамдык ишмердүүлүктүн ар түрдүү тармактарында колдонулуучу

билимдер, ыкмалар жол-жоболор. Бул билимдер жергиликтүү коомдун жана СБ ээлеринин тигил же башка керектөөлөрү үчүн сакталып жана ыңгайлаштырылып келген жана турмуш тиричилигинин ар түрдүү чөйрөсүн өнүктүрүү үчүн белгилүү бир баалуулукка ээ.

“Салттуу билимдерди укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (2007-ж.) ылайык мындай коргоо адам ишмердүүлүгүнүн тигил же бул чөйрөсүндө иш жүзүндө колдонулуучу жана алар колдонулган чөйрөдө жакшы натыйжа берген СБга жайылтылат.

Кандай салттуу билимдер катталбайт?

Адам ишмердүүлүгүнүн тигил же бул чөйрөсүндө иш жүзүндө колдонулуучу жана алар колдонулган чөйрөдө жакшы натыйжа берген салттуу билимдерге карата укуктук коргоо колдонулат.

Адамдын өмүрүнө жана саламаттыгына, ошондой эле курчап турган чөйрөгө чыныгы же кыйыр түрдө залал келтире турган салттуу билимдерге карата укуктук коргоо колдонулбайт.

Эмне үчүн “Салттуу билимдерди укуктук коргоо жөнүндө” КРнын Мыйзамы менен биздин боз үй, комуз, улуттук тамагыбыз “беш бармак” ж.б. СБлар патенттелбейт?

Укуктук коргоо фольклордун жана элдик кол өнөрчүлүк искусствонун объектилерине жайылтылбайт. Башкача айтканда элдик ырлар, поэмалар, легендалар, эпостор, айтыштар, музыкалык чыгармалар ж.б. сыяктууларга жайылтылбайт.

Элдик жасалга колдонмо чыгармачылыкка турмушта колдонулуучу жана ошону менен бирге жасалгалоо катары кызмат кылган буюмдарды киргизүүгө болот. Колдонмо – турмушта колдонулуучу дегенди, ал эми жасалга – кооздук дегенди билдирет. Жасалга-колдонмо искусство өзүнүн келип келип чыгышы боюнча – элдик искусство: эл буюмду жаратат, аларга керектүү форманы жана түшүндүрмөнү табат, эл алардан табылган сулуулукту сактайт жана өзүнүн бардык жетишкендиктерин кийинки муундарга мурас кылып калтырат. Буга эң сонун мисал катары боз үйдүн өзү жана анын ички жасалгалары, ошондой эле идиш аяк, ат жабдыктары, кийим кечектер, музыкалык аспаптар кызмат кылат. Жогоруда саналып өткөн объектилер Кыргыз Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин карамагына кирет.

Салттуу билимдерге патенттер берилбейт. СБ ээсинин күбөлүгү берилет.

Укуктук коргоо качан келет?

КРнын мыйзамына ылайык СБны укуктук коргоо ушул Мыйзамда же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте күчүнө кирүүчү Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринде белгиленген тартипте каттоонун негизинде пайда болот.

Жок. СБны коргоонун укуктук режими Кыргыз Республикасынын аймагында гана жайылтылат.

СБга өтүнмөнү ким бере алат?

Салттуу билимдер тармагындагы укуктук мамилелердин субъектилери болуп мамлекет, жергиликтүү шериктештиктер, ар кандай уюштуруу-укуктук формаларынан жана менчик формаларынан көз карандысыз жеке жана юридикалык жактар, ошондой эле чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар эсептелишет.

СБлер менчик формаларынан көз карандысыз, СБнын ээси болуп эсептелген бир же биргелешкен бир нече юридикалык же жеке жактар тарабынан катталышы мүмкүн.

Чет өлкөлүк жеке жана юридикалык жактар ушул Мыйзамга ылайык өзүлөрүнүн расмий өкүлдөрү аркылуу өз ишмердүүлүгүн ишке ашырууга укуктуу.

Кыргыз Республикасында СБны коргоо жана аларды маалымат базасына киргизүү максаттарында СБны каттоого өтүнмөлөр мамлекеттик органдар жана мекемелер тарабынан берилиши мүмкүн.

Өтүнмөнү карап чыгуу, аны каттоо жана узартуу, үчүнчү жактарга салттуу билимдерди пайдалануу укугун берүү үчүн ылайыктуу алымдар төлөнөт.

Салттуу билимдерге патент берилеби же башка документпи жана канча жылга?

Коргоо документи болуп СБны каттоо жөнүндө күбөлүк эсептелет. Кыргыз Республикасында СБны каттоо мөөнөтсүз.

Генетикалык ресурстарга кирүү мүмкүндүгүнө алдын ала макулдук берүү жана пайданы бөлүштүрүү деген эмне?

Негизги генетикалык ресурстар жана салттуу билимдер Түндүк жана Түштүк Америка, Африка сыяктуу өнүккөн өлкөлөрдө орун алган жана Түштүк-Чыгыш Азия өлкөлөрүндө, Австралияда, ошондой эле биздин өлкөдө бар. Бардык ушул билимдер жана генетикалык ресурстар укуктук коргоого муктаж.

Салттуу билимдерди жана генетикалык ресурстарды коргоо маселелерин чагылдырган бирден бир эл аралык макулдашуу болуп, 1993-жылы күчүнө кирген Биологиялык ар түрдүүлүк жөнүндө конвенция эсептелет. 2002-жылы Конвенциянын катышуучу-мамлекеттеринин алтынчы конференциясында Bonn сунуштары кабыл алынгандыгын белгилөө керек, буга ылайык өлкөлөр генетикалык ресурстарга кирүү мүмкүндүгү жана акыйкат сый акы маселелерин жөнгө салуучу укуктук актыларды иштеп чыгууга карата өзүлөрүнүн мамилелерин шайкеш келтирүүгө милдеттүү.

Генетикалык ресурстарды пайдалануунун негизги чөйрөсү болуп өсүмдүктөрдөн косметикалык жана фармакологиялык каражаттарды өндүрүү, генетикалык өсүмдүк ресурстарын азык-түлүк өндүрүү жана айыл чарбасына киргизүү үчүн пайдалануу, ошондой эле, анын ичинде генндик инженерия ыкмаларын пайдалануу менен малдын жаңы породаларын алып чыгуу эсептелет. Мында көпчүлүк учурда фармацевтикалык корпорацияларга миллиарддаган акчалай пайдаларды алып келүүчү өнөр жайлык технологиялардын негизи катары өсүмдүктөр, аборигендик жаныбарлар, жергиликтүү калктан алынган дары каражаттарын даярдоонун рецептери жана технологиялары пайдаланылат. Башкача айтканда өзүнүн жаратылышы боюнча жамааттык болуп эсептелген салттуу билимдердин пайдаланылышы көрүнүп турат (алар жергиликтүү элдер тарабынан иштелип чыккан жана сынактан өткөн жана коомдо бир нече муундар аралыгында биринен экинчисине өтүп келген).

1995-жылы салттуу медицинадан (фармакологиядан) алынган туундулардын рыноктук баалуулугу ИМБДУ тарабынан дүйнө боюнча 43 миллиард АКШ доллары суммасына бааланган. Эреже катары, мындай салттуу билимдер интеллектуалдык менчикке патенттер жана башка атрибуттар менен корголгон эмес. Эл аралык рынокто генетикалык ресурстарга жана биотехнологияга интеллектуалдык менчик укуктарын коргоого карата өлкөлөрдүн бирдей эместиги: патенттик коргоо жана генетикалык ресурстарга кирүү мүмкүндүгүн жөнгө салуу жана өлкөдө аларды пайдалануудан түшкөн пайдага кошулуу жок болгондо, ал ак ниет эмес фирмалар жана корпорациялар үчүн оңой акча табуунун объектиси болуп калышы мүмкүн.

Бирок интеллектуалдык менчик укугу салттуу билимдерди коммерциялык пайдалануудагы компенсация боюнча жергиликтүү элдердин салттуу медициналык билимин пайдаланган компаниялардын милдеттенмелерин караштырбайт.

Кыргыз Республикасы жогоруда көрсөтүлгөн Био ар түрдүүлүк боюнча конвенцияга КРнын 1996-жылдын 26-июлундагы № 40 Мыйзамы менен кошулган. Конвенциянын үч максатынын бири болуп генетикалык ресурстарга кирүү мүмкүндүгүн жана пайданы биргелешип пайдаланууну жөнгө салуунун эл аралык режимин жайылтууга колдоо көрсөтүү эсептелет. Бирок келечекте генетикалык ресурстарга кирүү мүмкүндүгү жана пайданы биргелешип пайдалануу боюнча Нагоя протоколуна Кыргызстандын кол коюу маселесин чечүү зарыл.

Салттуу билимдер жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу кандайча ишке ашырылат?

3. 3-беренеге ылайык (Мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары жана милдеттери) – Салттуу билимдер тармагында мамлекеттик жөнгө салуунун максаттары салттуу билимдерди укуктук коргоо, сактоо жана адамдардын ишмердүүлүгүнүн ар кандай тармактарында кеңири колдонууга, салттуу билимдерди, анын ичинде өнөр жай өндүрүшүндө генетикалык ресурстарда негизделгендерди пайдаланууга көмөктөшүү, ошондой эле аларды пайдалануунун натыйжасында өндүрүлгөн объектилерди андан ары коммерциялаштыруу болуп саналат.

Салттуу билимдер жаатындагы мамлекеттик жөнгө салуу кыскача төмөнкүлөрдү камтыйт:

– салттуу билимдерди маалымат базасына киргизүү аркылуу салттуу билимдердин негизинде жана генетикалык ресурстарды пайдалануу менен жаралган объектилерди мыйзамсыз патенттөөдөн салттуу билимдерди коргоо үчүн алдын ала механизмдерди түзүү;

– салттуу билимдерди пайдалануудан түшкөн пайдаларды жергиликтүү коомдоштуктарга бөлүштүрүү;

– салттуу билимдер жана колдонулуп жаткан генетикалык ресурстар боюнча аларды практикада колдонуу предметине илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү, төмөнкүлөрдү камтуу менен:

– курчап турган чөйрөнү коргоого маанилүү салым кошо ала турган генетикалык ресурстарды пайдалануу менен салттуу билимдер жаатындагы изилдөөлөрдүн кыйла артыкчылыктуу багыттарын табуу;

– Кыргыз Республикасынын аймагындагы салттуу билимдерди тизмеге алуу максатында изилдөө иштерин жүргүзүү;

3) салттуу билимдерди пайдалануудан жана генетикалык ресурстарды пайдалануудан алынган каражаттан жергиликтүү шериктештиктерди өнүктүрүү үчүн фондуну түзүү;

4) салттуу билимдерди пайдалануунун системасын өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондусун түзүү;

– генетикалык ресурстарды пайдалануунун жаңы түрлөрүн иштеп чыгуу жана өнүктүрүү;

– жалпыга белгилүү жана кеңири колдонулуучу салттуу билимдерди белгилөө.

Алдын ала механизмди түзүү деген жана салттуу билимдерди пайдалануудан түшкөн пайданы калыс бөлүштүрүү деген эмне?

Алдын ала механизм деген бул салттуу билимге негизденген патентке өтүнмө ээси тарабынан мыйзамсыз алынган коргоо боюнча алдын ала чаралар. Же мыйзамсыз патент алуудан СБнын өзүн коргоо боюнча чаралар.

Негизинен бул билимдер өсүмдүктөрдөн же жаныбарлардан дары-дамректерди даярдоо ыкмасына жана алар менен ар түрдүү ооруларды дарылоо ыкмасына же адамдын организмин стимуляциялоо үчүн жаңы продуктуну, балким СБга негизденген тамак-аш азыктарын түзүүгө, жаныбарларды дарылоо ыкмасына ж.б. тиешелүү.

Маалымат базасы келечекте эксперттерге өнөр жай менчик объектилери боюнча экспертиза жүргүзүү максаттары үчүн керек, бул жерде салттуу билимдер менен генетикалык ресурстардын; патент системасынын жана генетикалык ресурстардын (ачылган генетикалык ресурстар боюнча маалымат менен мыкты камсыз кылуу максаттарында патенттик өтүнмөлөр боюнча издөө жол-жоболору жана экспертиза үчүн) жана салттуу билимдерге же ойлоп табууларга байланышкан аспектилердин жана колдонуучулар менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктин ортосунда генетикалык ресурстарга кирүү мүмкүндүгүн берүүгө жана бул билимдерди жана патенттерди пайдалануудан түшкөн кирешени биргеликте пайдаланууга (генетикалык ресурстарды алуу жүргүзүлгөн жердин жергиликтүү калкы жана СБнын ээси үчүн үчүн) түзүлгөн келишимдердин ортосундагы өз ара байланышты карап чыгуу үчүн аларды ачуучу жана альтернативдик сунуштар талап кылынат;