Көпчүлүк үчүрда берилүүчү суроолор

Товардык белгини улуттук каттоонун максаты

Товардык белги белгинин ээсине анын товарларын жана кызмат көрсөтүүлөрүн бирдейлештирүү үчүн белгини пайдаланууга өзгөчө укук түрүндө коргоону берет. Товардык белгинин ээсинин укугун бузуу деп санкцияланбаган даярдап чыгаруу, колдонуу, алып кирүү, сатууга сунуштоо, сатуу жана чарбалык жүгүртүүгө башка киргизүү же ушул максатта товардык белгини же ушул белги менен белгиленген же бир түрдүү товарларга карата аны менен аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош товарды сактоо таанылат.Товардык белгинин ээсинин укугун бузуу деп, ошондой эле, Интернет түйүнүндөгү адресат катары, ушул ээсинин товардык белгиси менен аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош же бирдей белгинин санкцияланбаган пайдаланылышы таанылат.

Товардык белгинин коргоо мөөнөтү 10 жыл, бирок коргоонун алгачкы белгиленген мөөнөтү өткөндөн кийин кошумча алымдар төлөнгөн шартта, коргоонун мөөнөтү ар бир жолу 10 жылга узартылышы мүмкүн.

Корголуучу товардык белгилерди коргоону соттор ишке ашырышат жана көпчүлүк өлкөлөрдө алар товардык белгилерге укуктардын бузулушуна бөгөт коюу боюнча чараларды кабыл алууга укуктуу.

Товардык белгилерди коргоо кайсы аймакта күчүндө болот?

Дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөлөрү товардык белгилерди каттоону жүргүзүшөт жана коргоо беришет. Ар бир улуттук же аймактык ведомстводо товардык белгилердин реестрлери бар, анда бардык каттоолорго жана узартууларга өтүнмөлөр жөнүндө толук маалымат камтылат, бул эксперттөө жүргүзүүнү жана издөөнү, ошондой эле мүмкүн болуучу каршылыктар планында үчүнчү жактардын аракеттерин жеңилдетет. Бирок, мындай каттоонун күчү ал ишке ашырылган өлкөнүн аймагы менен, ал эми аймактык каттоо учурунда – тиешелүү өлкөлөрдүн аймактары менен чектелет.

Отүнмөнү кантип толтуруу керек?

Товардык белгилерге өтүнмө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек ш., Москва көч., 62 (кабыл алуу сааттары ишемби, жекшембиден тышкары күн сайын 9-00дан 18-00га чейин, тыныгуу убактысы 12-30дөн 13-30гө чейин).  Өтүнмө берүү үчүн Сиз арыз толтурушуңуз (басма түрүндө, бир нускада) жана алым төлөшүңүз керек. Арыздын бланкын сиздер Кыргызпатенттин сайтынан таба аласыздар.

Арызда анын атына каттоо суралган юридикалык жактын толук расмий аталышын, же Сиздин фамилияңызды, аты-жөнүңүздү, эгерде сиз өзүңүздүн белгиңизди ишкер катарында билдирсеңиз (71-графа), толук почта дарегиңизди, телефон номериңизди, электрондук почта дарегиңизди: (98-графа) көрсөтүңүз.

Эгерде Сиздин иштериңизди патенттик ишенимдүү өкүл жүргүзө турган болсо, анда ал өзү жөнүндө маалыматтарды 74-графага киргизүүгө тийиш.

Чарчыга (54-графа) 5×5 см. өлчөмүндөгү Сиздин белгинин сүрөттөлүшүн жайгаштырыңыз.

Өзүнчө конвертте дагы 25 ушул сыяктуу сүрөттөлүштөрдү даярдаңыз. Этикетка өзү кандай чоңдукта болсо, ошондой берилет, бирок 21×29,7см. дан ашпоого тийиш. Көлөмдүү белгини каттоо учурунда 5×5 см. өлчөмүндөгү жалпы көрүнүштүн сүрөттөлүшүн пайдалангыла. Фотосүрөт, типографиялык оттиск же компьютердик графика түрүндөгү сүрөттөлүштөргө жол берилет. Эң башкысы – ал жогорку сапаттуу болууга тийиш. Сүрөттөлүш Сиздин белгиге кандай түрдө коргоо алгыңыз келгендигине жараша кара-ак же түстүү болушу мүмкүн.

Сыпаттамада транслитерацияны же чет элдик сөздүн котормосун бериңиз, сөздүн маани-маңызын түшүндүрүңүз. Сүрөттөлүш белгинин бардык элементтерин баяндаңыз, эгерде ал абстрактуу мүнөздү алып жүрсө, белги эмнени символдоштурарын көрсөтүңүз ж.б.

Эгерде белги түстүү болсо, түсүн же түстүк айкалышын көрсөтүңүз (59-графа). (57) графасын толтурууга өзгөчө көңүл буруңуз, бул жерде алар үчүн Сиз өз белгиңизди каттагыңыз келген товарлардын жана/же кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмеси берилет. Сиз өз белгиңизди каттагыңыз келет. Товарлар жана/же кызмат көрсөтүүлөр так терминдер, өзгөчө Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын (ТКЭК) терминдери менен белгиленүүгө жана алардын өсүү тартибинде ТКЭК класстары боюнча топтоштурулууга тийиш.

Юридикалык жактын атынан берилген өтүнмөдө жетекчинин же ага ыйгарым укугу бар адамдын колу коюлгандыгын жана колу мөөр менен күбөлөндүрүлгөндүгүн текшериңиз. Эгерде Сиз өтүнмөнү ишкер катарында берсеңиз, сиздин кол тамга жетиштүү болот. Кол тамга фамилияны жана аты-жөнүн көрсөтүү менен чечмеленүүгө тийиш.

Белгини улуттук каттоонун наркы кандай?

Өтүнмөнү бергендиги жана экспертизалоо үчүн алымдын өлчөмү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 3-октябрындагы №523-токтому менен бекитилген “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө Жобого” ылайык аныкталат. Төлөм дүмүрчөгүн (квитанция) же анын Кыргызпатенттин Кадрлар жана иш кагаздарын жүргүзүү бөлүмүндө күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсүн өтүнмөнүн материалдарына тиркеңиз.Товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого өтүнмө берүү жана алдын ала экспертиза жүргүзүү:

– 50 эсептик көрсөткүч (1 эсептик көрсөткүч = 100сом)

Экспертизаны жүргүзүү:

– Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл –аралык классификациясынын (ТКЭК) бир классы үчүн – 150 эсептик көрсөткүч

– Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын (ТКЭК) бирден ашык ар бир классы үчүн – 75 эсептик көрсөткүч

Товардык белгини каттоо, жарыялоо жана аларга күбөлүк берүү – 150 эсептик көрсөткүч

Товардык белгини каттоого өтүнмөнү тариздөөгө талаптар жөнүндө кеңири маалыматты Сиздер «Товардык белгини жана тейлөө белгисин каттоого өтүнмө түзүүнүн, берүүнүн жана карап чыгуунун эрежелеринен» таба аласыздар.

Товардык белгиге өтүнмөнү эксперттөөнүн жол-жоболору жана мөөнөттөрү кандай?

Өтүнмөнү эксперттөө Кыргызпатент тарабынан ишке ашырылат жана алдын ала эксперттөөнү жана билдирилген белгини эксперттөөнү камтыйт.
Эксперттөө жүргүзүү мезгили ичинде ал боюнча чечим чыкканга чейин өтүнмө ээси өтүнмөнүн материалдарын толуктоого, тактоого же оңдоого укуктуу.

Эгерде кошумча материалдар ал берилген датага өтүнмөгө кирбеген товарларга көрсөтмөлөрдү камтыса же билдирилген белгинин маңызын өзгөртсө, анда алар карап чыгууга кабыл алынбайт.

Өтүнмө аны карап чыгуунун кайсы болбосун этабында өтүнмө ээсинин өтүнүчү боюнча чакыртылып алынышы мүмкүн, бирок Мамлекеттик реестрде товардык белги катталган датадан кеч эмес убакыт ичинде.

Билдирилген белгини эксперттөө өтүнмө берилген датадан тартып алдын ала эксперттөө аяктагандан кийин он эки айдын ичинде жүргүзүлөт.

Эксперттөөнүн жыйынтыктары боюнча товардык белгини каттоо жөнүндө же товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

Товардык белгини каттоо жөнүндө чечимдин негизинде белгиленген алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө документти алган датадан тартып бир айдын ичинде Мамлекеттик реестрде товардык белгини каттоо жүргүзүлөт.

Товардык белгини каттоого тиешелүү жана Реестрге киргизилген маалыматтар Мамлекеттик реестрде товардык белги катталган датадан тартып, же товардык белгинин каттоосуна өзгөртүүлөрдү Мамлекеттик реестрге киргизген датадан тартып үч айдын ичинде Кыргызпатент тарабынан расмий бюллетенде жарыяланат.

Товардык белгиге күбөлүк берүү  Кыргызпатент тарабынан расмий бюллетенде товардык белги жарыяланган датадан тартып үч ай өткөндөн кийин жүргүзүлөт.

Товардык белгини өткөрүп берүү келишимин каттоонун жол-жобосу кандай?

Товардык белгиге укукту өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоо үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 04.10.2019-жылдагы № 519 токтому менен бекитилген Коргоо документин өткөрүп берүү жөнүндө келишимди каттоо эрежелерине ылайык Кыргызпатентке өтүнмо берүү зарыл.

Өтүнмө төмөнкү документтерди камтууга тийиш:

1) аталган Эрежелерге тиркемелерге ылайык форма боюнча арыз;

2) келишим (түп нускасы) же андан көчүрмө бөлүк, документ келип чыккан өлкөнүн мыйзамы боюнча үч нускада күбөлөндүрүлүүгө тийиш (алардын экөө көчүрмө болушу мүмкүн);

3) коргоо документинин көчүрмөсү.

Эл аралык товардык белгиге карата келишимди каттоодо Мадрид Монитор маалымат базасынан басылма көрсөтүлөт;

4) келишимди каттоо үчүн алым төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ.

Өтүнмө менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ тапшырылбаган учурда өтүнмө каралбайт;

5) укук ээсинин мураскору же укук улантуучусу болуп эсептелген өтүнмө ээсинин укугун тастыктоочу талапка ылайык күбөлөндүрүлгөн документтин көчүрмөсү;

6) эгерде укук ээси тарабынан келишимди каттоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн патенттик ишенимдүү өкүл же өкүл дайындалган болсо, документ келип чыккан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте таризделген ишеним кат;

Келишимди каттоого өтүнмөнү кароо өтүнмө берилген күндөн тартып эки айдын ичинде жүргүзүлөт.

Мында, өтүнмөнүн жогоруда аталган документтеринин ичинен бирөө бир учурда тапшырылбаган учурда, өтүнмө берилген күн катары алардын акыркысы келип түшкөн күн эсептелет.

Катталган келишимдин бир нускасы (түп нуска) контролдук болуп саналат жана Кыргызпатентте сакталат.

Товардык белгиге укуктук коргоо берүү кандайча ишке ашырылат?

Кыргыз Республикасында товардык белгинин укуктук коргоосу аны мамлекеттик каттоонун негизинде берилет. Товардык белги ишкердик иш жүргүзүүчү юридикалык жактын, ошондой эле жеке жактын атына катталышы мүмкүн.

Товардык белгинин ээси товардык белгини пайдалануунун жана тескөөнүн, ошондой эле башка жактардын аны пайдалануусуна тыюу салуунун өзгөчө укугуна ээ. Товардык белгиге өзгөчө укук күрөөнүн предмети болушу мүмүн. Кыргыз Республикасында товардык белгини анын ээсинин уруксатысыз эч ким пайдалана албайт.

Товардык белгинин ээсинин укукгун бузуу катары товардык белгини же ушул белги менен белгиленген товарды, же бир түрдүү товарларга карата ага аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош белгини санкцияланбаган даярдоо, колдонуу, алып кирүү, сатууга сунуштоо, сатуу жана башка чарбалык жүгүртүүгө киргизүү же ушул максаттарда сактоо таанылат.

Товардык белгиге өзгөчө укук товардык белгини Кыргыз Республикасынын Товардык белгилеринин мамлекеттик реестрине киргизген датадан тартып пайда болот.

Катталган лицензиялык келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн жол-жоболору кандай?

Катталган лицензиялык келишимди төмөнкү бөлүктөрүндө өзгөртүүгө болот:

– тараптарды аныктоо;

– келишимдин предмети;

– келишимдин күчүнүн мөөнөтү;

– келишимдин финансылык шарттарын;

– келишимдин күчүнүн аймактарын;

– өткөруп берилген укуктардын көлөмүн;

– келишимдин күчүн токтотууну.

Тараптардын макулдашуусу боюнча келишимдин башка өзгөртүүлөрү катталышы мүмкүн.

Кыргызпатентте келишимдин өзгөртүүлөрүнүн каттоосу жок болгон учурда алар жараксыз болуп эсептелинет.

Өтүнмөгө төмөкүлөр тиркелет:

– кошумча макулдашуу же макулдашуу (түп нуска) же катталган келишимге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө тараптардын макулдугун тастыктаган документ келип чыккан өлкөнүн мыйзамдары боюнча күбөлөндүрүлгөн келишимден (түп нускадан) көчүрмө бөлүк, үч нускада (алардын экөө көчүрмө болушу мүмкүн);

– коргоо документинин көчүрмөсү;

– катталган келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүү үчүн алым төлөнгөндүгүн тастыктоочу документ;

– эгерде укук ээси тарабынан келишимди каттоо боюнча иштерди жүргүзүү үчүн өкүл дайындалган болсо, документ келип чыккан өлкөнүн мыйзамдарына ылайык белгиленген тартипте таризделген ишеним кат.

Өгзөртүүлөрдү каттоо жөнүндө чечим негизги келишимге тиркелет.

Товардык белгини мыйзамсыз пайдалануу деген эмне?

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1040-статьясына ылайык, интелектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына же жеке каражаттарга мүлктүк укуктун ээсине интеллектуалдык менчиктин ушул объектисин өзү каалагандай ар кандай түрдө жана ар кандай ыкма менен укукка ылайык пайдалануунун өзгөчө укугу таандык кылынат.

Мында өзгөчө укуктарды чектөөгө мындай чектөө интеллектуалдык менчикти туура пайдаланууга зыян келтирбеген жана укук ээлеринин мыйзамдуу таламдарына шек келтирбеген шартта жол берилет.

Жогоруда аталган Мыйзамдын 20-статьясына ылайык, товардык белгини колдонуу деп, товардык белгинин ээсинин булар үчүн товардык белги катталган товарларга жана (же) алардын сырткы оромосуна товардык белгини колдонуусу эсептелет.

Товардык белгинин ээси товардык белгини пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле аны башка жактардын пайдалануусуна тыюу салууга өзгөчө укукка ээ. Кыргыз Республикасында эч ким товардык белгини анын ээсинин уруксатысыз пайдалана албайт. Товардык белгинин ээсинин укукгун бузуу катары товардык белгини же ушул белги менен белгиленген товарды, же бир түрдүү товарларга карата ага аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош белгини санкцияланбаган даярдоо, колдонуу, алып кирүү, сатууга сунуштоо, сатуу жана башка чарбалык жүгүртүүгө киргизүү же ушул максаттарда сактоо таанылат.

Өнөр жай менчик объектисине өткөрүп берүү келишимин, кош өткөрүү келишимин, лицензиялык келишимди, сублицензиялык келишимди, франшиза келишимин же франчайзингди каттоонун тартиби кандай?

Товардык белгини пайдаланууга укук товардык белгинин ээси (лицензиар) тарабынан башка жакка (лицензиатка) бир товарга, бир нече товарга же алар үчүн белги катталган бардык товарларга карата лицензиялык келишим боюнча берилиши мүмкүн. Өз кезегинде лицензиялык келишим Кыргызпатентте катталат жана ал катталган датадан тартып күчүнө кирет. Бул каттоосуз келишим жараксыз болуп эсептелинет.

Эл аралык товардык белгиге карата келишимди каттоодо товардык белгилерди эл аралык каттоонун Мадрид Монитор маалымат базасынан көчүрмө берилет.

Евразия патентине карата келишимди каттоодо Евразия патенттеринин реестринен көчүрмө берилет.

Сурам үчүн негиз болуп өтүнмөдө көрсөтүлгөн документтердин биринин жок болгондугу эсептелет.

Лицензиялык келишимдин күчүнүн мөөнөтүнөн ашкан мөөнөткө түзүлгөн сублицензиялык келишим лицензиялык келишимдин күчүнүн мөөнөтүнө түзүлгөн болуп саналат.

Өзгөчө укуктун күрөөсү жөнүндө келишимди каттоодо, келишимде төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

– күрөө жөнүндө келишимдин күчүнүн мөөнөтү;

– өнөр жай менчик объектисин пайдаланууга күрөөгө берүүчүнүн укуктарынын чектелиши.

Арызды жана ага тиркелген материалдарды кароонун мөөнөтү Кыргызпатент тарабынан 2 айдын ичинде ишке ашырылат.

Бардык катталган келишимдер жана аларга өзгөртүүлөр Кыргызпатенттин сайтында жарыяланат.

Лицензиялык келишимге, атап айтканда төмөнкүлөргө карата өзгөртүүлөр катталууга тийиш:

— тараптарды аныктоо;

— келишимдин предмети;

— келишимдин күчүнүн мөөнөтү;

— келишимдин финансылык шарттары;

— келишимдин күчүнүн аймагы;

— өткөрүлүп берилген укуктардын көлөмү;

— келишимдин күчунүн токтотулушу.

Тараптардын макулдашуусу боюнча келишимдин башка дагы өзгөрүүлөрү катталышы мүмкүн.

Келишим төмөнкү шарттарды камтууга тийиш:

– өткөрүлүп берилген укуктардын көлөмү жана ЭЭМ үчун программаны же маалымат базасын пайдалануунун ыкмасы;

– сыйакынын өлчөмү жана төлөп берүү тартиби;

– пайдалануу аймагы;

– келишимдин күчүнүн мөөнөтү.

Мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим же интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталган ЭЭМ үчун программага же маалымат базасына лицензиялык келишим милдеттүү түрдө интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталууга тийиш.

Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталбаган ЭЭМ үчун программага же маалымат базасына мүлктүк укуктарды өткөрүп берүү жөнүндө келишим тараптардын макулдашуусу боюнча интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда катталышы мүмкүн.

ЭЭМ үчун программага же маалымат базасына мүлктүк укуктар мыйзам тартибинде белгиленген мураскердик боюнча өтөт.

Карап чыгуунун оң натыйжасында интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган ЭЭМ үчун программаны же маалымат базасын Кыргыз Республикасынын ЭЭМ үчүн программаларынын мамлекеттик реестрине же Кыргыз Республикасынын ЭЭМ маалымат базаларынын мамлекеттик реестрине ылайыгына жараша киргизет, укук ээсине расмий катоо жөнүндө күбөлүк берет жана расмий катталган ЭЭМ үчүн программа же маалымат базасы жөнүндө маалыматтарды интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын расмий бюллетенинде жарыялайт.

Товардык белгинин сөз түрүндөгү белгилеме менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшоштугу кантип аныкталат?

Сөз түрүндөгү белгилемелерге сөздөр, сөз мүнөзүндөгү тамгалардын айкалышы, сөз айкалыштары, сүйлөмдөр, тилдин башка бирдиктери, ошондой эле алардын айкалыштары кирет.

“Товардык белгилер, тейлөо белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына ылайык, товардык белги жана тейлөо белгилери – бул бир юридикалык жана жеке жактардын товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүн башка юридикалык жана жеке жактардын бир түрдүү товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүнөн айырмалоого жөндөмдүү белгилөөлөр. Сөз, сүрөт, көлөм жана башка белгилөөлөр же алардын айкалыштары товардык белгилер катары катталышы мүмкүн. Товардык белги кандай гана түстө же түстүк айкалышта болбосун катталышы мүмкүн. Товардык белги колдонулуучу товарлардын мүнөзү товардык белгини каттоого эч качан бөгөт болуп саналбоого тийиш. Бир түрдүү товарларга карата Кыргыз Республикасында башка адамдын атына мурда катталган же каттоого өтүнүлгөн жана кыйла мурдагы артыкчылыкка ээ болгон товардык белгилер менен бирдей же аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош белгилемелер товардык белги катары каттоого алынбайт.

Өтүнмө бир товардык белгиге тиешелүү болууга тийиш. Бири биринен кандайдыр бир элементтери менен айырмалануучу белгилемелер ар кандай товардык белгилер деп эсептелет.

Кыргызпатенттин алдындагы Апелляциялык кеңешке каршы пикир берүү жол-жобосунун тартиби кандай?

Каршы пикирлер же арыздар мамлекеттик же расмий тилде берилет.

Каршы пикирде же арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүүгө тийиш:

– ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө, товардык белгиге, тейлөө белгисине жана товарлар чыгарылган жердин аталышына, селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн каттоо номери, ал эми талашууда, коргоо документинин номери;

– каршы пикир берген жеке жактын аты-жөнү же юридикалык жактын аталышы жана кат жазышуу үчүн дареги;

– талаш чечимдерди даттанууга тиешелүү талаш-тартыштын мазмуну;

– сунушталган жана ага каршы коюлган бардык объектилердин салыштырмалуу талдоосун (коргоо документин берүүдөн баш тартуу учурунда) камтуу менен өтүнмө ээсинин бардык жүйөлөрүн жана далилдерин толук көрсөтүү;

– өтүнмө ээсинин пикири боюнча анын талаптарынын жана каршы пикиринин негизи болуп саналган жүйөлүү себептери, далилдер жана жагдайлардын негиздемеси;

– талаш предмети боюнча өтүнмө ээсинин талаптарын так түшүндүрүү.

Каршы пикир же арыз Апелляциялык кеңешке эки нускада берилет. Каршы пикирге же арызга каршы пикирди же арызды берүү үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгун тастыктоочу документ тиркелүүгө тийиш.

Алдын ала интеллектуалдык менчик укуктарын бузуу менен товарларда пайдаланылган белгилемелердин катталган товардык белгилер менен окшоштугунун даражасы жөнүндө Кыргызпатенттин эксперттик корутундусу кандайча берилет?

“Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-статьясынын 1-пунктунун 3-пунктчасына ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги ак ниет эмес атаандаштыкка, анын ичинде башка чарба жүргүзүүчү субъектинин ишмердүүлүгү менен аралашууга алып келүүгө жөндөмдүү болгон башка товардык белгини, тейлөө белгисин, товар чыгарылган жердин аталышын мыйзамсыз пайдаланууга жол бербөө боюнча арызды карайт.

“Атаандаштык жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын жогоруда аталган ченеми боюнча арыздарды кароонун алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги белгилемелердин корголуудагы интеллектуалдык менчик объектилери менен аралашып кетүү деңгээлине чейин окшоштук маселелери боюнча Кыргызпатенттин эксперттик корутунду чыгаруусу жөнүндө аныктама чыгарат.

ТОВАРДЫК БЕЛГИНИ ЖАЛПЫГА БЕЛГИЛҮҮ ДЕП ТААНУУНУН ЖОЛ-ЖОБОСУ КАНДАЙ?

Юридикалык же жеке жактын арызы боюнча аны мамлекеттик каттоонун же Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринин күчүнүн негизинде Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу товардык белги, же болбосо товардык белги катары пайдаланылуучу, бирок Кыргыз Республикасынын аймагында укуктук коргоосу болбогон белгилөө, эгерде мындай товардык белги же бул белгилөө интенсивдүү пайдалануунун натыйжасында арызда көрсөтүлгөн күнгө карай өтүнмө ээсинин товарларына карата тиешелүү керектөөчүлөрдүн арасында Кыргыз Республикасында кеңири белгилүү болуп калса, Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белги катары таанылышы мүмкүн.

Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо берүү жалпыга белгилүү товардык белгиге өзгөчө укукту таануунуу дегенди билдирет. Жалпыга белгилүү товардык белгинин укуктук коргоосу мөөнөтсүз күчүндө болот. Жалпыга белгилүү товардык белгиге укуктук коргоо юридикалык же жеке жактын арызы боюнча кабыл алынган Апелляциялык кеңештин чечиминин негизинде берилет.

ТОВАРДЫК БЕЛГИНИ МЫЙЗАМСЫЗ ПАЙДАЛАНУУ ДЕГЕН ЭМНЕ?

Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 1040-статьясына ылайык, интелектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына же жеке каражаттарга мүлктүк укуктун ээсине интеллектуалдык менчиктин ушул объектисин өзү каалагандай ар кандай түрдө жана ар кандай ыкма менен укукка ылайык пайдалануунун өзгөчө укугу таандык кылынат.

Мында өзгөчө укуктарды чектөөгө мындай чектөө интеллектуалдык менчикти туура пайдаланууга зыян келтирбеген жана укук ээлеринин мыйзамдуу таламдарына шек келтирбеген шартта жол берилет.

Жогоруда аталган Мыйзамдын 20-статьясына ылайык, товардык белгини колдонуу деп, товардык белгинин ээсинин булар үчүн товардык белги катталган товарларга жана (же) алардын сырткы оромосуна товардык белгини колдонуусу эсептелет.

Товардык белгинин ээси товардык белгини пайдаланууга жана тескөөгө, ошондой эле аны башка жактардын пайдалануусуна тыюу салууга өзгөчө укукка ээ. Кыргыз Республикасында эч ким товардык белгини анын ээсинин уруксатысыз пайдалана албайт. Товардык белгинин ээсинин укукгун бузуу катары товардык белгини же ушул белги менен белгиленген товарды, же бир түрдүү товарларга карата ага аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош белгини санкцияланбаган даярдоо, колдонуу, алып кирүү, сатууга сунуштоо, сатуу жана башка чарбалык жүгүртүүгө киргизүү же ушул максаттарда сактоо таанылат.

ТОВАРДЫК БЕЛГИНИН СӨЗ ТҮРҮНДӨГҮ БЕЛГИЛЕМЕ МЕНЕН АРАЛАШЫП КЕТҮҮ ДЕҢГЭЭЛИНЕ ЧЕЙИН ОКШОШТУГУ КАНТИП АНЫКТАЛАТ?

Сөз түрүндөгү белгилемелерге сөздөр, сөз мүнөзүндөгү тамгалардын айкалышы, сөз айкалыштары, сүйлөмдөр, тилдин башка бирдиктери, ошондой эле алардын айкалыштары кирет.

“Товардык белгилер, тейлөо белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 2-статьясына ылайык, товардык белги жана тейлөо белгилери – бул бир юридикалык жана жеке жактардын товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүн башка юридикалык жана жеке жактардын бир түрдүү товарлары менен кызмат көрсөтүүлөрүнөн айырмалоого жөндөмдүү белгилөөлөр. Сөз, сүрөт, көлөм жана башка белгилөөлөр же алардын айкалыштары товардык белгилер катары катталышы мүмкүн. Товардык белги кандай гана түстө же түстүк айкалышта болбосун катталышы мүмкүн. Товардык белги колдонулуучу товарлардын мүнөзү товардык белгини каттоого эч качан бөгөт болуп саналбоого тийиш. Бир түрдүү товарларга карата Кыргыз Республикасында башка адамдын атына мурда катталган же каттоого өтүнүлгөн жана кыйла мурдагы артыкчылыкка ээ болгон товардык белгилер менен бирдей же аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош белгилемелер товардык белги катары каттоого алынбайт.

Өтүнмө бир товардык белгиге тиешелүү болууга тийиш. Бири биринен кандайдыр бир элементтери менен айырмалануучу белгилемелер ар кандай товардык белгилер деп эсептелет.