• English
  • Кыргызча
  • Русский
Эл аралык кызматташуу

2011–2012-жылдарга “Дерзай” бизнес-пландарынын сынагы жөнүндө жарыя

Жарыяланган күнү : 
13/01/2012

CRDF Global сынакка катышууга укугу бар Сахарадан түштүгүрөөк Африка, Түштүк, Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн бардык талапкерлерди “Дерзай” бизнес-пландарынын ар жылы өткөрүлүүчү биринчи сынагына сунуштарды берүүгө чакырат. Бул сынак илим жана техника жаатындагы максатка умтулган ишкерлерге, алардын базарга чыгуусуна жардам көрсөтүү жана каржылоо, жетектөө, байланыш чөйрөсүн кеңейтүү аркылуу ийгиликтүү бизнести өнүктүрүүсүн колдоо үчүн өткөрүлөт. Биринчи орун үчүн байге 50,000 долларды түзөт (Толук маалымат алуу үчүн 3-беттеги IV бөлүм, Байгелерди караңыздар).

Тель Авивдеги “Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн интеллектуалдык менчик укуктары өткөөл экономикалык өнүгүүнүн таянычы катары” темасындагы тренинг

Жарыяланган күнү : 
13/12/2011

[b][i]Ушул жылдын 27-ноябрынан 8-декабрына чейин Тель Авивде (Израил) “Борбордук Азия жана Кавказ өлкөлөрү үчүн интеллектуалдык менчик укуктары өткөөл экономикалык өнүгүүнүн таянычы катары” деген темада окутуучу семинар болду. Тренинг Интеллектуалдык менчик кызматынын бүткүл дүйнөлүк уюму, Израилдин Тышкы иштер министрлигинин эл аралык кызматташуу боюнча агенттиги (МАШАВ) Weitz center for development studies (Израиль) тарабынан уюштурулган.

Кыргызпатенттин кызматкерлеринин Мюнхен шаарына (Германия) Европа патенттик ведомствосуна таанышуу визити

Жарыяланган күнү : 
14/12/2011

2011-жылдын 5-декабрынан 7-декабрына чейин Европа патенттик ведомствосунун штаб-квартирасына таанышуу визити болду.
Бул визиттин ишине КМШ өлкөлөрүнүн (Россия Федерациясы, Украина жана Кыргызстан) өкүлдөрү катышты.

Визиттин максаты ЕПВнын түзүмү, иши жөнүндө жана өнөр жай менчигинин ар түрдүү аспектилери тууралуу маалымат берүү, ошондой эле практикадан алынган конкреттүү мисалдардын негизинде катышуучулар арасында талкууларды өткөрүүдө турду.

ИМБДУнун Аймактык семинарынын катышуучулары интеллектуалдык менчиктин жана атаандаштыктын өз ара аракеттеринин маселелерин талкуулашты

Жарыяланган күнү : 
29/11/2011

2011-жылдын 29-ноябрында № 1 Мамлекеттик резиденцияда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан Интеллектуалдык менчик кызматынын бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосунда уюштурулган Интеллектуалдык менчик жана атаандаш саясат боюнча аймактык семинар өз ишин аяктады.

Семинарга Борбордук Азия, Кавказ жана Чыгыш Европа өкөлөрүнөн ИМ жаатындагы эл аралык эксперттер, соттор, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү, патенттик ишенимдүү өкүлдөр жана ишкерлер катышты.

Бишкекте Интеллектуалдык менчик жана атаандаш саясат боюнча аймактык семинар өз ишин баштады

Жарыяланган күнү : 
28/11/2011

Бүгүн, 2011-жылдын 28-ноябрында №1 Мамлекеттик резиденциянын Конгресс-холунда Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосу менен уюштурулган Интеллектуалдык менчик жана атаандаш саясат боюнча аймактык семинар өз ишин баштады. Семинарга Жогорку Кеңештин депутаттары, Өкмөт мүчөлөрү, интеллектуалдык менчик жаатындагы таанымал эл аралык эксперттер, соттор, патенттик ишенимдүү өкүлдөр, ишкерлер жана башкалар катышууда.

ӨНӨР ЖАЙ МЕНЧИГИН КОРГОО МАСЕЛЕЛЕРИ БОЮНЧА МАМЛЕКЕТТЕР АРАЛЫК КЕҢЕШТИН (ӨЖМКМК) 20-ОТУРУМУ

Жарыяланган күнү : 
13/09/2011

2011-жылдын 7-сентябрынан 9-сентябрына чейин Беларусь Республикасынын Минск шаарында Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (ӨЖМКМК) жана Интеллектуалдык менчик жаатында укук бузууларга бөгөт коюу боюнча кызматташуу жөнүндө макулдашуунун катышуучу-мамлекеттеринин биргелешкен жумушчу комиссиясынын 20-биргелешкен отуруму болду.

Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (ӨЖМКМК) отурумунда КР МИМКнын директору А. А. Калмаматовдун чыгып сүйлөгөн сөзү

Жарыяланган күнү : 
13/09/2011

Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин отурумуна Кыргыз Республикасынын атынан КР МИМКнын директору А. А. Калмаматов катышты.

GIST (GISTECH-I) инновациялык-техникалык идеялардын сынагы жөнүндө кулактандыруу

Жарыяланган күнү : 
22/08/2011

CRDF Global – бул, гранттарды, техникалык ресурстарды берүүнүн жана окутуу боюнча тренингдердин жардамы менен эл аралык илимий-техникалык кызматташууну өркүндөтүү ишине таасир көрсөтүү максатында түзүлгөн көз карандысыз, коммерциялык эмес уюм. CRDF Globalдын эл аралык изилдөөлөрдү финансылоо программаларын жетектөө тармагында, ошондой эле Евразиянын, Жакынкы Чыгыштын, Түндүк Американын жана Түштүк Азиянын 30дан ашуун өлкөлөрүндө илим жана технология чөйрөсүндө жаңыдан пайда болгон инфраструктураларга жардам көрсөтүүдө 15 жылдык тажрыйбасы бар.

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын (КР ИММК) жетекчилигинин «Технополис» Австриялык инновациялык борборунун өкүлү А. Радауер мырза жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү менен жолугушуусу болду

Жарыяланган күнү : 
02/08/2011

2011-жылдын 1-августунда Кыргызпатентте Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын (КР ИММК) жетекчилигинин «Технополис» Австриялык инновациялык борборунун өкүлү Альфред Радауер мырза жана Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасынын өкүлү А. Давлеталиев менен жолугушуусу болду.

Альфред Радауер мырза «Технополис» Австриялык инновациялык борборунун ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди.

Экономикалык кызматташуу жана алакалашуу боюнча БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын Комитетинин Интеллектуалдык менчик боюнча адистер тобунун бешинчи сессиясы

Жарыяланган күнү : 
15/07/2011

2011-жылдын 7-июлунан 8-июлуна чейин Женева шаарында БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын чакыруусу боюнча Кыргызпатенттин Тышкы байланыштар бөлүмүнүн башчысы Фархат Ибрагимов Экономикалык кызматташуу жана алакалашуу боюнча БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын Комитетинин интеллектуалдык менчик боюнча Адистер тобунун бешинчи сессиясынын ишине катышты.