• English
  • Кыргызча
  • Русский
Тарых

КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы менен КРнын Соода-өнөр жай палатасынын (КР СӨП) ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду

Жарыяланган күнү : 
18/05/2011

Бүгүн, 2011-жылдын 18-майында КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы менен КРнын Соода-өнөр жай палатасынын (КР СӨП) ортосундагы кызматташтык жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

ИМБДУнун башкы директору менен Кыргызпатенттин башчысынын эки тараптуу жолугушуусу болду

Жарыяланган күнү : 
16/05/2011

2011-жылдын 2–14-майында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын башчысы Ажибай Калмаматовдун Женева ш. Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) штаб-квартирасына жумушчу иш-сапарынын алкагында ИМБДУнун башкы директору Фрэнсис Гарри мырза менен Кыргызпатенттин директорунун эки ттараптуу жолугушуусу болду.

Кыргызпатенттин директорунун жаңы орун басары дайындалды

Жарыяланган күнү : 
07/04/2011

Кыргыз Республикасынын Премьер-министри А.Атамбаевдин 2011-жылдын 6-апрелиндеги буйругу менен КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директорунун орун басары болуп Орозбаева Айнура Джантаевна дайындалды.

Ошол эле күнү Өкмөттүн аппаратынын укуктук коргоо башкармасынын орун басары Тимур Шамбетов МИМКнын директорунун жаңы орун басарын ведомствонун жамаатына тааныштырды.

Калмаматов Ажибай Айтиевич КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директору болуп дайындалды

Жарыяланган күнү : 
14/02/2011

Бүгүн, 2011-жылдын 14-февралында Өкмөттүн Аппаратынын жетекчисинин орун басары Мурат Мукамбетов Кыргызпатенттин жамаатына жаңы директорду тааныштырды.

"Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы кабыл алынды

Жарыяланган күнү : 
01/01/2008

27.02.2003 - “Кыргыз Республикасынын кээ бир мыйзамдык актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын № 46 Мыйзамы кабыл алынды, бул жерде Патент мыйзамына жана “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” мыйзамга эл аралык келишимдердин жоболоруна ылайык өзгөртүүлөр киргизилди.

ИМБДУнун Штаб-квартирасына Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын расмий баруусу

Жарыяланган күнү : 
01/01/2008

17-19.02.2003 - Интеллектуалдык менчикти коргоо, анын инфраструктурасын өнүктүрүү, ошондой эле глобалдык экономикалык коомдаштукка республиканы жуурулуштуруу жаатында КРнын Өкмөтү менен ИМБДУнун ортосундагы кызматташтыктын алкагында ИМБДУнун Штаб-квартирасына (Женева) Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясы расмий визит менен барды.

Кыргыз Республикасы Будапешт келишимине, Рим Конвенциясына жана Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык депонирлөө жөнүндө Гаага макулдашуусуна 1960-жылдын 28-ноябрындагы Гаага актысына жана 1999-жылдын 2-июлундагы Женева актысына кошулду

Жарыяланган күнү : 
01/01/2008

2003-жылдын 15-январында Кыргыз Республикасы төмөндөгүлөргө кошулду:

- 1977-жылдын 28-апрелиндеги Патенттик жол-жоболордун максаттары үчүн микроорганизмдерди депонирлөөнү эл аралык таануу жөнүндө Будапешт келишимине;

- 1961-жылдын 26-октябрындагы Аткаруучулардын, фонограмма чыгаруучулардын жана уктуруу уюмдарынын укуктарын коргоо жөнүндө Эл аралык Конвенцияга (Рим Конвенциясы);

- Өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык депонирлөө жөнүндө Гаага макулдашуусуна 1960-жылдын 28-ноябрындагы Гаага актысына жана 1999-жылдын 2-июлундагы Женева актысына.

""ЭЭМ, маалымат базалары үчүн программаларды жана интегралдык микросхемалардын топологияларын расмий каттагандыгы үчүн жыйымдар жөнүндө Жобого" өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" КРнын Өкмөтүнүн № 850 токтому кабыл алынды

Жарыяланган күнү : 
01/01/2008

14.12.2002 - “”ЭЭМ, маалымат базалары үчүн программаларды жана интегралдык микросхемалардын топологияларын расмий каттагандыгы үчүн жыйымдар жөнүндө Жобого” өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” КРнын Өкмөтүнүн № 850 токтому кабыл алынды.

ИМ укуктарын коргоо жана жүзөгө ашыруу маселелери боюнча консультативдик жолугушуу

Жарыяланган күнү : 
01/01/2008

04-06.12.2002 - БУУнун Европалык экономикалык комиссиясынын Консультативдик тобу тарабынан Кыргызпатент менен биргеликте уюштурулган ИМ укуктарын коргоо жана жүзөгө ашыруу маселелери боюнча консультативдик жолугушуу болду.