• English
  • Кыргызча
  • Русский
Автоматизация

Азаттык радиосу: "Улан Мелисбек: Кыргызстанды биз көтөрбөсөк, ким көтөрөт?"

Жарыяланган күнү : 
24/09/2009

Кыргызпатент кызматынын төрөгасы Улан Мелисбек өткөн жумада Чехияда иш сапары менен болуп, кайтып кетээринде “Азаттыктын” Прагадагы студиясына келип маек куруп берди.

“Азаттык”: Улан, кош келипсиз Прагага. Кандай максатта келип калдыңыз Чехияга?

Кыргызпатенттин төрагасы У. Мелисбек Чехия Республикасынын Өнөр жай менчиги боюнча ведомствосуна барды

Жарыяланган күнү : 
18/09/2009

2009-жылдын 17-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын төрагасы Улан Мелисбек Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) окуу тренингинин алкагында Прагадагы Чехия Республикасынын өнөр жай менчиги боюнча ведомствосуна барды.

Визит учурунда Чехия ведомствосунун адистери экскурсия өткөрүшүп, анын жүрүшүндө Кыргызпатенттин делегациясын иштин уюштурулушу жана структурасы, ошондой эле өз мекемесинин алдыңкы тажрыйбасы менен тааныштырышты.

Вечерний Бишкек: "Улан Мелисбек: Реформалар системаны өз нугуна алып келет"

Жарыяланган күнү : 
11/09/2009

Бул ведомствонун адистештирилиши өтө жайылтылбаган мүнөздө болгону менен, жарандардын анын ишмердүүлүгүнө кызыгуусуна тоскоолдук жок экендиги белгилүү болду. Мамлекеттик патент кызматы менен кыргызстандыктардын аз гана санынын иши бардай көрүнгөн. Бирок, «Вечерканын» «түз байланышындагы» анын төрагасы Улан Мелисбекке суроолор жамгырдай жаады.Суроолордун көпчүлүгүнө чиновник ошол эле жерде жооп берип жатты, айрым бирлерин жзып алды, ал эми дагы башка кайрылгандар менен көйгөйдү кыйла толугураак териштирүү үчүн өз кабыл алуусуна убакыт белгиледи.

Идеялардын генератору

Кыргызпатенттин жетекчилиги менен АРС компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу

Жарыяланган күнү : 
02/09/2009

2009-жылдын 2-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматында ведомствонун жетекчилиги - төрагасы Улан Мелисбек жана статс-катчысы Бакыт Кененбаев менен APC компаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө катышуучулар Кыргызпатент менен АРС компаниясынын мындан ары кызматташуусунун келечегин талкуулашты. Тараптар актуалдуу маселелер, тактап айтканда маалыматтык технологиялар тармагында ар кандай долбоорлорду ишке ашыруу боюнча бири-бири үчүн баалуу сунуштары жана пикирлери менен алмашышты.

Акипресс:Кыргызпатенттин башчысы менен укук коргоочулардын ортосундагы каршылашуулар күч алууда (баяндама)

Жарыяланган күнү : 
21/08/2009

Кыргызстандын патент кызматынын башчысы Улан Мелисбек жана өз тарабына Кыргызстандын патентик ишенимдүү өкүлдөрүн кошуп алууга аракет кылып жатышкан Акыйкатчыга караштуу Укук коргоочулар кеңешинин ортосундагы чыр-чатактар жана маалыматтык каршылашуулар күч алууда.

Ушул учурда түшүнүксүз нерселер көп, ал эми тараптар өз пайдасына коомдук пикирди тартууга умтулуу менен бири-биринин дарегине бир нече билдирүүлөр менен алмашышты.

Башкарууну документтик камсыздоо системасын автоматташтыруу боюнча "Э.Д.Е.М." программасынын бет ачаары

Жарыяланган күнү : 
20/08/2009

[i]2009-жылы 19-августта Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармалыгынын Коомдук маалыматтык борборунун жыйындар залында Башкарууну документтик камсыздоонун Автоматташтырылган системасы боюнча «Э.Д.Э.М.» (Электрондук иш жүргүзүү Электрондук Москва) программасынын бет ачаары болду. Бул иш-чаранын уюштуруучусу «Электронная Москва» Ачык Акционердик коому болду./i]

Азаттык: Домендик зона талашы уланууда

Жарыяланган күнү : 
21/08/2009

Акыйкатчы институтунун алдындагы укук коргоочулар кеңеши Мамлекеттик патент кызматынын башчысы Улан Мелисбек уулун коррупциялык иштерге аралашты деп айыптоодо. Муну жалганга чыгарган Кыргызпатенттин башчысы тармакты реформалоого атайылап бут тосуу болуп жаткандыгын билдирүүдө.

Азыркы патенттик ведомствону автоматташтыруу жана өтүнмөлөрдү электрондук берүү аттуу семинар Дүйшөмбү шаарында

Жарыяланган күнү : 
17/07/2009

2009-жылдын 22- 24 июлунда Дүйшөмбүдө (Тажикстан) “Азыркы патенттик ведомствону автоматташтыруу жана өтүнмөлөрдү электрондук берүү” аттуу семинар Дүйшөмбү шаарында болот.

Семинар Евразиялык патенттик уюмдун Административдик Кеңешинин ХХ отурумунун чечимине ылайык уюштурулат.

Семинардын ишине Кыргызпатенттин Маалыматтык камсыз кылуу жана мамлекеттик реестрлер башкармалыгынын начальниги Анаркан Джаманкулов катышат.