Кыргызпатент товардык белгилерди каттоого өтүнмөлөрдү берүү жана кабыл алууу системасын автоматташтырат
Бул маселе бүгүн, 1-апрелде Мамлекеттик интеллектуалдык мүлк кызматынын (МИМК) директору Улан Мелисбектин патенттик ишенимдүү өкүлдөр менен болгон жумушчу кеңешмеси учурунда талкууланды.
Кыргызпатент мурдагы патенттик ишенимдүү өкүл Евгений Алексеевич Дондун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын туугандарына жана жакындарына көңүл айтуусун билдирет
КРнын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын жетекчилиги жана жамааты мурдагы патенттик ишенимдүү өкүл Евгений Алексеевич Дондун мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу анын туугандарына жана жакындарына көңүл айтуусун билдирет.
Орду толгус жоготууңарды жана аза-кайгыңарды терең кайгыруу менен тең бөлүшөбүз.
Саадат Шакирова патенттик ишенимдүү өкүлдүн талапкерлигине экзаменди ийгиликтүү тапшырды
Бүгүн, 2010-жылдын 20-январында Өнөр жай менчиги объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди эксперттөө башкармалыгынын начальниги Абдыкалил Токоевдин төрагалыгы астында патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн аттестациясын өткөрүү боюнча комиссиянын отуруму болду.
Отурумдун максаты патенттик ишенимдүү өкүлдүн талапкерлигине Саадат Шакированы аттестациялык экзаменден өткөрүү болду.
А. А. Бритнер Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн реестринен чыгарылды
Патенттик ишенимдүү өкүл Аделия Александровна Бритнер, каттоо номери № 3, “Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-статьясынын 1-бөлүгүнүн 2-абзацынын негизинде Патенттик ишенимдүү өкүлдөр реестринен чыгарылды (23.11.2009-ж. № 224-буйрук).
А.А. Бритнер өзүн Кыргыз Республикасынын Патенттик ишенимдүү өкүлдөр реестринен чыгаруу жөнүндө келип түшкөн арызынын негизинде Патенттик ишенимдүү өкүлдөр реестринен чыгарылды.
«Кыргызпатенттин» башчысы: Мен, кирешелерди бөлүштүрүүнүн кыйла калыстыгы үчүн
“Контролдун жоктугунан “Кыргызпатентте” көптөгөн мыйзам бузуулар болууда: Патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн кайсы бири башка жакка кетип, жылдар бою жоголот экен жана иш боюнча кесиптештерине эскертип койбойт. Патенттик ишенимдүү өкүл жарандыгын жана жашаган жерин алмаштырган, муну менен бизде иштөөсүн уланта берген учурлар болгон”, -дейт ведомствонун башчысы Улан Мелисбек. Бул жөнүндө кечээ «МСН» гезити кабарлады.
Вечерний Бишкек: "Улан Мелисбек: Реформалар системаны өз нугуна алып келет"
Бул ведомствонун адистештирилиши өтө жайылтылбаган мүнөздө болгону менен, жарандардын анын ишмердүүлүгүнө кызыгуусуна тоскоолдук жок экендиги белгилүү болду. Мамлекеттик патент кызматы менен кыргызстандыктардын аз гана санынын иши бардай көрүнгөн. Бирок, «Вечерканын» «түз байланышындагы» анын төрагасы Улан Мелисбекке суроолор жамгырдай жаады.Суроолордун көпчүлүгүнө чиновник ошол эле жерде жооп берип жатты, айрым бирлерин жзып алды, ал эми дагы башка кайрылгандар менен көйгөйдү кыйла толугураак териштирүү үчүн өз кабыл алуусуна убакыт белгиледи.
Идеялардын генератору
Г. Пахман патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн реестринен чыгарылды
2009-жылдын 7-сентябрында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын Апелляциялык комиссиясынын отуруму болду.
Отурумду Апелляциялык комиссиянын төрайымы Н.Букашева ачты. Төрайым Г.В.Пахмандын үстүнөн арыз түшкөндүгү жөнүндө кабарлады.
Белгилүү болгондой, 2009-жылдын 4-сентябрында АКИрrеss маалыматтык агенттигинде патенттик ишенимдүү өкүл Пахман Г.В. жана анын жубайынын катышуусу менен пресс-конференция болгон.
Жубайлар Г. Пахман менен В. Федорова бардык ишенимдүү өкүлдөрдүн атынан чыгып сүйлөөгө укуксуз
Кыргызпатенттин пресс-кызматы маалымат агенттиктерине патенттик ишенимдүү өкүл Г.В.Пахмандын негизсиз билдирүүсүн, атап айтканда, ал жана анын жубайы В.Ф.Федорова тарабынан 2009-жылдын 4-сентябрында “Акипресс” МАда уюштурулган апесс-конференцияга байланыштуу маалыматтарды жайылтпоону сунуш кылат.
Кыргызпатент В.Ф. Федоровага жана Г.В. Пахманга каршы доо арызын берет
Кыргызпатент, Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Граждандык кодексин жана Граждандык-процесстик кодексин жетекчиликке алып, ар-намысын жана беделин коргоо, ошондой эле моралдык зыянды компенсациялоо жөнүндө Г.В. Пахманга жана В.Ф. Федоровага карата доо арызы менен кайрылат.
Акипресс:Кыргызпатенттин башчысы менен укук коргоочулардын ортосундагы каршылашуулар күч алууда (баяндама)
Кыргызстандын патент кызматынын башчысы Улан Мелисбек жана өз тарабына Кыргызстандын патентик ишенимдүү өкүлдөрүн кошуп алууга аракет кылып жатышкан Акыйкатчыга караштуу Укук коргоочулар кеңешинин ортосундагы чыр-чатактар жана маалыматтык каршылашуулар күч алууда.
Ушул учурда түшүнүксүз нерселер көп, ал эми тараптар өз пайдасына коомдук пикирди тартууга умтулуу менен бири-биринин дарегине бир нече билдирүүлөр менен алмашышты.

