• English
  • Кыргызча
  • Русский
ИМ талашуулар

IT коопсуздугу жаатында өрт коопсуздугу жана технологиялары тармагындагы инновациялык иштелмелердин көргөзмөсү Алматыда

Жарыяланган күнү : 
01/02/2011

2011-жылдын 2–4-мартында Алматыда “Сактоо, Коопсуздук, Куткаруу каражаттары жана Өрткө каршы коргонуу – AIPS 2011” аттуу көргөзмө, ошондой эле “Комплекстүү Коопсуздук” деген темада конференция болот.

Көргөзмөдө коопсуздукту камсыз кылуунун техникалык каражаттары; кайтаруу телевидениеси жана байкоо жүргүзүү системалары, өрт коопсуздугун камсыз кылуу каражаттары; өзүн-өзү коргоо каражаттары, ошондой эле IT коопсуздугу жаатындагы соңку иштелмелер көрсөтүлөт.

“Бороон башкаруучусунун” продюссери торренттердин беш миң пайдалануучусун сотко берди

Жарыяланган күнү : 
31/05/2010

Voltage Pictures кинокомпаниясы “Бороон башкаруучусу” аттуу фильминин продюссери торренттердин беш миң пайдалануучусун сотко берди, доо арызы Колумбия округунун сотуна 24-майда берилген деп кабарлайт Право.Ru.

Компания BitTorrent протоколун пайдалануу менен жалпы кирүү мүмкүндүгү үчүн интернетте “Бороон башкаруучусунун” көчүрмөсүн чыгарышкан пайдалануучуларга каршы доо арызын берди. Бирок, жоопкерлердин аттары али аныкталбагандыктан, доо арызында Voltage Pictures 5000 жашыруун пайдалануучулар жөнүндө айтат.

Вечерний Бишкек: “Контрга каршы фактылар”

Жарыяланган күнү : 
16/06/2010

Жагдайды жакшы жагына өзгөртүүгө карата Кыргызпатенттин кызматкерлеринин көптөгөн күч-аракеттерине карабастан, Кыргызстанда контрафактылык продуктуларга жана автордук укуктун бузулушуна каршы күрөшүү практика жүзүндө нөлгө теңелип калды.

«Слово Кыргызстана плюс» гезитинин редакциясы «Азия Инфодон» домен наамын кайтарып берүүнү талап кылууда

Жарыяланган күнү : 
16/03/2010

Ушул иш боюнча жардам сурап Кыргызпатентке «СК плюстун» башкы редактору Асель Оторбаева кайрылган.

Орус драм театрын автордук сый акыларды төлөп берүүгө милдеттендиришти

Жарыяланган күнү : 
16/03/2010

Бишкек райондор аралык соту Ч.Айтматов атындагы Улуттук орус драм театрынан 63 063 сом өлчөмүндө автордук сый акыларды төлөтүп алуу жөнүндөгү Кыргызпатенттин доо арызын канааттандырды. Ошентип, бир жылдан бери чечилбей келе жаткан соттук доолашууга чекит коюлду.

БЕЛГИлер согушу

Жарыяланган күнү : 
05/03/2010

Кыргызстанда митаамдыктын жаңы түрү өнүгүүдө. Көп өлкөлөрдө буга окшогондорду нонсенс катары эсептешмек, ал эми бизде болсо буга эч ким таң калып да койбойт.

Уурдоо жана «көбөйтүү»

Контрафактылыкка жана каракчылыкка карата – стратегия менен!

Жарыяланган күнү : 
02/03/2010

Мыйзамдардагы кенемтелер жана укуктарды колдонуу практикасындагы кемчиликтер интеллектуалдык менчикти натыйжалуу коргоо үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратат.

Бул жөнүндө Мамлекеттик бажы кызматынын жыйындар залында өткөн ИМ тармагында Улуттук стратегияны иштеп чыгуу маселелери боюнча «тегерек столдун» катышуучулары айтышты.

Жазуучу айым Джоан Роулинг уурулук жөнүндө соттук доо боюнча жоопкер болуп калды

Жарыяланган күнү : 
18/02/2010

Жазуучу айым Джоан Роулинг уурулук жөнүндө соттук доо боюнча жоопкер болуп калды
Британия жазуучусу Эдриан Джейкобстун мураскерлери жазуучу айым Джоан Роулингдин үстүнөн сотко доо арызын беришкендигин Associated Press кабарлайт. Доогерлер «Гарри Поттер жана от кубогу» аттуу китептин сюжетинин элементтери Джейкобстун «Сыйкырчы Виллинин жоруктары номер биринчи: каардуу жер» (The Adventures of Willy the Wizard. - No 1 Livid Land, 1987) аттуу китебинен өздөштүрүлүп алынгандыгын белгилешүүдө.

Лос-Анжелесте 7 миллион доллар суммасына каракчылык дисктердин чоң партиясы алынды.

Жарыяланган күнү : 
19/01/2010

2010-жылдын 7-январында Лос-Анжелестин порттук комплексинде АКШнын Бажылык-чегаралык кызматынын (CBP) кызматкерлери Түштүк Кореядан келген контейнерди конфискациялаган, анын ичинде контрафактылык продукция бар болуп чыккан -деп кабарланган америкалык ведомствонун сайтында.

CBP пресс-кызматынын маалыматтары боюнча, контейнерде фильмдери жана музыкасы менен 253 миңге жакын контрафактылык DVD-дисктер табылган. Жасалма товардык белгилери бар дисктер Лос-Анжелес аймагында импорттолууга арналган.

Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө укук бузууларга каршы күрөшүү жаатында укук коргоо жана сот органдары менен өз-ара аракеттенүү

Жарыяланган күнү : 
15/01/2010

2009-жылы Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө укук бузууларга каршы күрөшүү жаатында укук коргоо жана сот органдары менен өз-ара аракеттенүүсүн активдүү улантты. Ошентип атап айтканда прокуратура органдарынын, финансы полициясынын сурамдары боюнча интеллектуалдык менчик продуктуларын камтыган объектилерди изилдөө иштери жүргүзүлдү.