26 апрель – Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана улуттук күнү
Бүгүн, 2011-жылдын 26-апрелинде «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүнүн урматына салтанаттуу чогулуш болуп өттү. Ага өкмөттүн, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын жетекчилери жана адистери, илимий жана чыгармачылык коомдоштуктардын, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышты.
Кыргызпатентте автордук укук жана китеп басып чыгаруу маселелерин талкуулашты
Бүгүн, 22-апрелде, Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүн утурлап, КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын (Кыргызпатент) жыйындар залында “Китеп басып чыгаруудагы автордук укук маселелери” деген темада тегерек стол болду. Иш-чарага басмалардын өкүлдөрү, жазуучулар, котормочулар, журналисттер, Кыргызпатенттин адистери катышышты.
"Кыргыз Туусу": "Ажибай КАЛМАМАТОВ: “Быйыл биринчи жолу Президенттин сыйлыгы тапшырылмакчы”
Ажибай КАЛМАМАТОВ: “Быйыл биринчи жолу Президенттин сыйлыгы тапшырылмакчы”
Кыргызпатент ата мекендик селекциячыларды сыйлады
2011-жылдын 21-апрелинде Интеллектуалдык менчиктин эл аралык күнүнүн жана Өсүмдүктөрдүн жаңы сортторун коргоо боюнча эл аралык союздун (UPOV) түзүлгөндүгүнүн элүү жылдыгынын урматына, КРнын МИМКсы менен үзүрлүү кызматташкандыгы жана селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо системасын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн, селекциячыларга Кыргызпатенттин статс-катчысы бүтүндөй мекеменин атынан Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын Ардак грамоталарын тапшырды.
Кыргызпатентте мыкты ойлоп табуучуларга сыйлык тапшыруу аземи болду
Бүгүн, 2011-жылдын 21-апрелинде, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын имаратында Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүн майрамдоонун алкагында 2009-2010-жылдар үчүн “Ойлоп табуучулук ишмердүүлүк жаатындагы мыкты иштер” аттуу Сегизинчи республикалык сынактын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшыруунун салтанаттуу аземи болду.
Кыргызпатентте селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо маселелери боюнча тегерек стол болду
Бүгүн 2011-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын имаратында “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо” деген темада тегерек стол болду.
Кыргызпатентте "Келечекке багыт алып" аттуу сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду
Бүгүн, 20-апрелде Кыргызпатентте Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук Күнүн майрамдоого арналган “Келечекке багыт алып” деген девиз астында мыкты сүрөткө сынактын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болду.
«Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо» деген темада тегерек стол
Уюштуруучу: КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (Кыргызпатент)
Датасы: 2011-жылдын 21- апрели
Убактысы: 9:30 дан 12:00ге чейин
Өтө турган жери: Москва көч., 62, 1-кабат.
2011-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын имаратында “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо” деген темада тегерек стол болот.
Кыргызпатентте студенттик таймаш турнири болду
Биздин коомго интеллектуалдык менчик жөнүндө билимдер керекпи? Бул жөнүндө бүгүн, 19-апрелде Интеллектуалдык менчиктин Бүткүл дүйнөлүк жана Улуттук күнүнө арналган бир айлыктын алкагында Кыргызпатент тарабынан уюштурулган студенттик таймаш мини-турниринин катышуучулары ой жүгүртүштү.
МПТКда интеллектуалдык менчик маселелери боюнча викторина болду
Бүгүн, 2011-жылдын 15-апрелинде борборубуздагы ЖОЖдордун биринин студенттери Кыргызпатент жана Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана (МПТК) тарабынан уюштурулган “Интеллектуалдык менчик” сынагына катышышты.
Иш-чара 26-апрель – Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүн майрамдоого арналды. Быйыл Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнүн белгилөө “Келечекке багыт алып” деген девиз астында өтүп жатат.












































