Слово Кыргызстана: "ДОМЕНдештиребиз"
Юстиция министрлигинде жаңы юридикалык жак – Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу «KG» домен аймагын башкаруу борбору катталды. Ошентип, улуттук домен аймагын башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды Кыргызпатентке өткөрүп берүү жөнүндөгү өлкө башчысынын Жарлыгын ишке ашыруу жолунда дагы бир чечкиндүү кадам жасалды. Жаңы түзүлгөн түзүм эмне менен иш алып бара тургандыгы жөнүндө Борбордун директору Нурлан Баяман айтып берет.
Кыргызпатент Кыргызстан үчүн жогорку деңгээлдеги кириллдик домендин варианттары боюнча суроо жүргүзөт
Сайттардын аталыштар системасын жөнгө салуучу ICANN уюму латындык эмес домен наамдарын өздөштүрүүнү жактырды. ICANN эксперттери белгилегендей, латындык эмес домендердин жакын арада пайда болуусу, 40 жыл мурда Глобалдык түйүн пайда болгондон берки маанилүү өзгөрүү болуп калат.
Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы 2009-жылдын декабрында жогорку деңгээлдеги кириллдик доменди өкүлдөөгө ICANNге алдын ала өтүнмө берген.
Кыргызпатент GAC ICANNдеги Кыргызстандын расмий өкүлү болуп калды
Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Мамлекеттер аралык байкоо жүргүзүү комитетинде (GAC ICANN) Кыргызстандын расмий өкүлү болуп калды.
Кыргызпатент 2009-жылы декабрда GACка кирүү боюнча сүйлөшүүлөрдү демилгелеген болчу, ал эми жаңы жылдын башында эле Кыргызстан Мамлекеттер аралык байкоо жүргүзүү комитетине кабыл алынды.
Улан Мелисбек: «Шахмат ойногонду мен абдан эрте баштаганмын, бул оюнга мени менин милиционер-атам үйрөткөн»
«Тилекке каршы, мен шахмат ойноону адистикте уланта алган жокмун, бирок жакшы ойноп утуп алчумун», – деп белгилейт КРнын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору Улан Мелисбек, бүгүнкү Би-би-синин Пресс-клубуна берген дем алыш күндөрүн кантип өткөрө тургандыгы жөнүндө интервюсунда.
Өзүнүн бош убактысын кантип өткөрө тургандыгы жөнүндө айтып берип жатып, Улан Мелисбек достору менен шахмат ойногонду жакшы көрөөрүн белгиледи.
Кыргызпатент Таттуу Мамбеталиевага «KG» улуттук домен аймагын башкаруу борборунун ишине катышууну сунуштады
Бүгүн, 2009-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы «Интернет Саясаттын Жарандык Демилгеси» Коомдук Фондунун директору Таттуу Мамбеталиеванын атына кат жөнөттү, анда ИСЖД КФнын директоруна «KG» улуттук домен аймагын башкаруу борборунун Координациялык Кеңешинин ишине катышуу сунушталды.
Вечерний Бишкек: КG менен «КГ» ынтымакташа алышабы?
Кыргызпатент биздин республикада дагы бир– кириллдик домен аймагын түзүү үчүн ICANNге өтүнмө берди.
Слово Кыргызстана: Өткөрүүнүн кыйынчылыктары. Эмне үчүн kg домен аймагынын айланасындагы бүйүр кызытуулар басаңдабайт?
Улуттук бизнес-ассоциациялыр Альянсы(УБАА) уюштурган kg доменин башкаруу маселеси боюнча өткөн жумада болгон «тегерек стол» чоң ыңгайсыздык менен аяктады. Ушул иш-чарага катышууга чакырылган, Интернеттин даректик мейкиндигин башкаруучу эл аралык ICANN корпорациясынын өкүлү Джордж Садовски, ушул иш-чаранын жүрүшүндө анын айткандарынын бир бөлүгү бурмалангандыгы, же туура эмес түшүндүрүлгөндүгү (алар кыргыз ММКларында жарыяланган) жөнүндө жакынкы күндөрдө билдирүү жасоого аргасыз болгон. Айтмакчы, бардыгы жөнүндө сөз ырааты менен болсун…
Сөздөрдүн оюну
Джордж Садовски: ICANN ар бир конкреттүү өлкөдөгү кайра өкүлдөөгө карата бейтараптуулукту сактайт жана мамлекеттин ичинде жүргүзүлүүчү саясатка таасир этпейт.
Джордж Садовски: ICANN ар бир конкреттүү өлкөдөгү кайра өкүлдөөгө карата бейтараптуулукту сактайт жана мамлекеттин ичинде жүргүзүлүүчү саясатка таасир этпейт.
Белгилүү болгондой, 18-ноябрда Бишкекте Улуттук эмес Бизнес-Ассоциациялары Альянсы тарабынан уюштурулган чуулгандуу иш-чара болду, айым Т. Мамбеталиева билдиргендей, катышуучулар концерттин башкы дирижеруна карап эле буга ынанышты.
Кыргызпатенттин Т. Мамбеталиева өткөргөн конференцияга тиешеси жок
Мурда, 2009-жылдын 13-ноябрында Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы 25-ноябрда Бишкекте ИМБДУнун “Интернет-келишимдерин”: Автордук укук боюнча ИМБДУнун келишими жана Аткаруулар жана фонограммалар боюнча ИМБДУнун келишимин
жүзөгө ашыруу боюнча эл аралык семинардын өткөрүлүшү жөнүндө кабарлаган эле . Бүгүн, 2009-жылдын 23-ноябрында айым Таттуу Мамбеталиева жетектеген МСЖД ошол эле күнү, анын аталышына караганда, мазмуну бирдей болгон конференциянын өткөндүгү жөнүндө маалыматтык кабар жайылтты.
ICANN Кыргызпатенттин DNS-серверлеринин техникалык тестирлөөсү ийгиликтүү аяктагандыгы жөнүндө кабарлады
Белгилүү болгондой, Кыргыз Республикасынын Президенти К.С.Бакиев 2009-жылдын 7-апрелинде “Улуттук домен наамдарынын системасын иштетүүнү уюштуруу жөнүндө” Жарлыкка кол койгондон кийин Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) ICANN эл аралык корпорациясына “kg” улуттук аймагын башкарууну кайра өкүлдөө үчүн расмий өтүнмө берген эле, ошондон бери Жарлыкты ишке ашыруу боюнча активдүү иш жүргүзүп келет.

