• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатент жаңылыктары

Марат Назарбеков КР Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды

Жарыяланган күнү : 
01/02/2012

Бүгүн, 2012-жылдын 1-февралында КР Өкмөтүнүн Аппаратынын экономика жана инвестиция бөлүмүнүн башчысы Абдыгулов Толкунбек Сагынбаевич жаңы директорду тааныштырды.

Марат Назарбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы болуп дайындалды. Бул буйрукка премьер-министр Өмүрбек Бабанов кол койду.

Өкмөт башчысынын башка буйругу менен Ажибай Калмаматов Кыргызпатенттин жетекчилик кызматынан бошотулду.

Кыргызпатент токтом долбоорун коомдук талкууга алып чыгат

Жарыяланган күнү : 
02/02/2012

[b][i]Интеллектуалдык менчик укуктарын, анын ичинде автордук жана чектеш укуктарды коргоо системасын жакшыртуу, контрафакттык продукцияларды сатуу деңгээлин азайтуу, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 593 токтому менен бекитилген 2012–2016-жылдары Кыргыз Республикасында Интеллектуалдык менчикти жана инновацияны өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын милдеттерин ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын 31-пунктун аткаруу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы тарабынан “Кыргыз Республик

Кыргызпатенттин жетекчилиги америкалык делегация менен жолугушту

Жарыяланган күнү : 
01/02/2012

2012-жылдын 1-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын жетекчилигинин АКШнын Соода министрлигинин Коммерциялык маселелер боюнча департаментинин делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.

Адам өмүрүндө демейки жумуш күндөрү эс алууга айланган бир күн келет

Жарыяланган күнү : 
30/01/2012

2012-жылдын 28-январында Кыргызпатентке караштуу Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын окуу залында Баклыкова Людмила Алексеевнаны ардактуу эс алууга узатуу иш-чарасы болуп өттү.

Кыргызпатент көчмө семинар уюштурду

Жарыяланган күнү : 
23/01/2012

2012-жылдын 20-январында И. Раззаков атындагы Кыргыз Мамлекеттик техникалык университетинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар кызматы тарабынан уюштурулган “Кыргыз Республикасындагы интеллектуалдык менчик” деген темада семинар болуп өттү.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы токтом долбоорун коомдук талкууга коет

Жарыяланган күнү : 
24/01/2012

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы “Кыргыз Республикасынын “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомунун долбоорун жана “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун коомдук талкууга коет.

Сын пикирлерди жана сунуштарды , тел.681053 дарегине жөнөтсөңүздөр болот.

Кыргызпатенттин аталышына “инновация” деген сөз кошулду

Жарыяланган күнү : 
20/01/2012

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 12-январындагы № 12 токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы болуп кайра түзүлдү.

Кайра түзүү Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2011-жылдын 23-декабрындагы № 1452-V “Кыргыз Республикасынын түзүмү жөнүндө” токтомуна ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жаңы түзүмүн бекитүүгө байланыштуу болду.

Словакия Республикасынын Кошице шаарында болуп өткөн өткөөл экономикалык өлкөлөрдөгү салттуу билимдер боюнча аймактар аралык семинар

Жарыяланган күнү : 
10/01/2012

2011-жылдын 20–21-декабрында Словакия Республикасынын Кошице шаарында өткөөл экономикалык өлкөлөрдөгү салттуу билимдер боюнча ИМБДУнун аймактар аралык семинары болуп өттү.

Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму 10 жылдан ашуун жылдан бери салттуу билимдерди интеллектуалдык менчик катары коргоо маселелеринин үстүндө иштеп келе жатат. Ошентип, 2001-жылдан бери Интеллектуалдык менчик, генетикалык ресурстар, салттуу билимдер жана маданияттын салттуу чагылышы (фольклор) боюнча Өкмөт аралык комитет иштейт.

2011–2012-жылдарга “Дерзай” бизнес-пландарынын сынагы жөнүндө жарыя

Жарыяланган күнү : 
13/01/2012

CRDF Global сынакка катышууга укугу бар Сахарадан түштүгүрөөк Африка, Түштүк, Түштүк-Чыгыш жана Борбордук Азия өлкөлөрүнөн бардык талапкерлерди “Дерзай” бизнес-пландарынын ар жылы өткөрүлүүчү биринчи сынагына сунуштарды берүүгө чакырат. Бул сынак илим жана техника жаатындагы максатка умтулган ишкерлерге, алардын базарга чыгуусуна жардам көрсөтүү жана каржылоо, жетектөө, байланыш чөйрөсүн кеңейтүү аркылуу ийгиликтүү бизнести өнүктүрүүсүн колдоо үчүн өткөрүлөт. Биринчи орун үчүн байге 50,000 долларды түзөт (Толук маалымат алуу үчүн 3-беттеги IV бөлүм, Байгелерди караңыздар).