• English
  • Кыргызча
  • Русский
user warning: Table 'patent.semaphore' doesn't exist query: SELECT expire, value FROM semaphore WHERE name = 'locale_cache_kg' in /var/lib/drupal/includes/lock.inc on line 154.
Кыргызпатент жаңылыктары

CD-ROMдо КМШнын аймактык патенттик-маалыматтык продуктусун өнөр жайлык чыгаруу боюнча долбоордун координациялык кеңешинин отуруму

Жайындалган күнү : 
2010-02-18

2010-жылдын 17 - 18-мартында Москвада (Россия Федерациясы) CD-ROMдо КМШнын аймактык патенттик-маалыматтык продуктусун өнөр жайлык чыгаруу боюнча долбоордун координациялык кеңешинин отуруму болот.

"Кабар" КУМА: М.Свантнер: Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча улуттук стратегия экономиканы өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт

Жайындалган күнү : 
2010-03-05

Бүгүн, Кыргызстандын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча улуттук стратегиясын иштеп чыгуу жөнүндө маселелерди талкуулоо менен, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн директору Михаил Свантнер, интеллектуалдык менчик жаатындагы Улуттук стратегия Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп билдирди.

Акипресс: "Интернетте контрафактылык продуктуларды жайылтуу жалгыз Кыргызстан үчүн гана татаал көйгөй болуп эсептеблейт». – ИМБДУнун өкүлү

Жайындалган күнү : 
2010-03-05

Интернет аркылуу лицензияланбаган, каракчылык продуктуларды жайылтуу көйгөйү жалгыз Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн абдан татаал көйгөй болуп эсептелээрин 5-мартта «Кабар» КУМАда болгон пресс-конференцияда Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) көз карандысыз кеңешчиси Рон Маршан айтты.

Чыгармачыл союздар ИМ боюнча стратегияны иштеп чыгууга кошулууга даяр

Жайындалган күнү : 
2010-03-04

Бүгүн, 2010-жылдын 4-мартында КРнын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын отурумдар залында, интеллектуалдык менчик жаатында улуттук стратегияны иштеп чыгуу маселеси боюнча маалыматтар жана сунуштар менен алмашуу максатында, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) жана Кыргызпатенттин делегациясынын кезектеги чыгармачыл союздардын өкүлдөрү менен жолугушуусу болду.

Иш-чарага жазуучулар, композиторлор, сүрөтчүлөр, кинематографисттер союздарынын, элдик чеберлердин, ошондой эле Айылды өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү катышты.

"24.kg"МА:Кыргызстанда Интеллектуалдык менчик боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу башталды

Жайындалган күнү : 
2010-03-05

Кыргызстанда Интеллектуалдык менчик боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу башталды. Бул жөнүндө ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн директору башчылык кылган Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) делегациясынын депутаттар менен болгон жолугушуусунун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңештин пресс-кызматы кабарлады.

Акипресс: "Интеллектуалдык менчик боюнча улуттук стратегияны ийгиликтүү ишке ашыруу Кыргызстандын өзүнө көз каранды, – ИМБДУнун өкүлү”

Жайындалган күнү : 
2010-03-05

Кыргызстанда интеллектуалдык менчиктин (ИМ) укук ээлеринин укуктарын коргоо жана ИМ жана инновациялар боюнча улуттук стратегияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн өлкө өзүнүн күч аракеттерин жумшоого тийиш, деп айтты ИМдин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) өкүлү Михаил Свантнер.

Эмгек сиңирген артист Таттыбүбү Турсунбаеванын календары чыгарылды

Жайындалган күнү : 
2010-03-09

Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын юбилейине карата агасы Нуркан Турсунбаев анын автордук календарын чыгарды.

Арта салма календарда театр менен кинодогу Таттыбүбү Турсунбаеванын бардык кейипкерлери, ошондой эле таланттуу актриса жөнүндө белгилүү инсандардын, анын ичинде көрүнүктүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун эскерүүлөрү чагылдырылган.
Календарларды сатуудан түшкөн бардык каражатты Нуркан Турсунбаев юбилейлик иш-чараны өткөрүүгө жумшайт.

Календардын параметрлери: 22х25 см

БЕЛГИлер согушу

Жайындалган күнү : 
2010-03-05

Кыргызстанда митаамдыктын жаңы түрү өнүгүүдө. Көп өлкөлөрдө буга окшогондорду нонсенс катары эсептешмек, ал эми бизде болсо буга эч ким таң калып да койбойт.
Уурдоо жана «көбөйтүү»

МСН: "Интеллектуалдык стратегия"

Жайындалган күнү : 
2010-03-05

[b][i]Кыргызстан КМШда биринчи болуп Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) менен өнөктөштүктө Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууга киришет. Анын өкүлдөрү республика менен таанышып, анын мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин баалоо үчүн, ушул жумада Бишкеке келишти.

Илимдер өспүрүмдөрдү гана эмес, өлкөнүн экономикасын дагы азыктандырат.

Жайындалган күнү : 
2010-03-04

Ата мекендик иштеп чыгуучулардан өндүрүшчүлөргө чейинки жолду кандайча курабыз? Ушул суроо ата мекендик окумуштууларды жана өлкөнүн өкмөтүн көптөн бери түйшөлтүп келүүдө. Советтер Союзунан Кыргызстанда суктанарлык илимий-техникалык потенциал мураска калган, бирок мамлекеттик колдоо системасынын жоюлушу менен биздин илим кыйын мезгилди башынан кечирүүдө.