• English
  • Кыргызча
  • Русский
Улуттук стратегия

Концепция бар – демек стратегия дагы болот

Жайындалган күнү : 
2010-03-19

Бүгүн, 2010-жылдын 19-мартында Кыргызпатенттин отурумдар залында, Стратегиялык өнүктүрүү бөлүмү тарабынан даярдалган, интеллектуалдык менчик (ИМ) боюнча келечектеги Улуттук стратегиянын концепциясынын долбоорунун бет ачары болду. Жолугушууга Кыргызпатенттин директорунун орун басары Данияр Сыдыков, статс-катчы Бакыт Кененбаев, директордун кеңешчиси Туруспек Коеналиев, бөлүмдөрдүн башчылары жана адистер катышты.

"24.kg"МА:Кыргызстанда Интеллектуалдык менчик боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу башталды

Жайындалган күнү : 
2010-03-05

Кыргызстанда Интеллектуалдык менчик боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу башталды. Бул жөнүндө ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн директору башчылык кылган Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) делегациясынын депутаттар менен болгон жолугушуусунун жыйынтыктары боюнча Жогорку Кеңештин пресс-кызматы кабарлады.

Интеллектуалдык менчик боюнча стратегияны иштеп чыгуу үчүн кызматташууга КРнын Юстиция министрлиги ачык

Жайындалган күнү : 
2010-03-03

Бул жөнүндө бүгүн, 2010-жылдын 3-мартында мекеменин башчысы Курмантай Абдиев интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча, КРнын Улуттук стратегиясын иштеп чыгууга байланыштуу маселелерди талкуулоого арналган ИМБДУнун делегациясы жана Кыргызпатенттин өкүлдөрү менен жолугушуусу учурунда билдирди.

Контрафактылык менен каракчылыкты стратегия менен согобуз!

Жайындалган күнү : 
2010-03-02

Мыйзамдардагы кенемтелер жана укуктарды колдонуу практикасындагы кемчиликтер интеллектуалдык менчикти натыйжалуу коргоо үчүн олуттуу тоскоолдуктарды жаратат.

Бул жөнүндө Мамлекеттик бажы кызматынын жыйындар залында өткөн ИМ тармагында Улуттук стратегияны иштеп чыгуу маселелери боюнча «тегерек столдун» катышуучулары айтышты.