Баракелде - Кечээ, 22-декабрда Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы тарабынан чыгарылган 5 китептин бетачары болду. Бул тууралуу Кыргызпатенттин басма сөз кызматы билдирди.
Салтанаттуу иш-чара Мамлекеттик тарых музейинде өткөрүлүп, ага жазуучулар, акындар, обончулар, манасчылар, коомдук жана маданий ишмерлер катышты. Бетачарда «Кыргыз Республикасынын жазуучулары (2-том)», «Кыргыз Республикасынын обончулары», «Кыргыз элинин манасчылары» маалымдама китептери жана балдарга арналган «Кыргыз эл жомоктору», «Байчечекей балдарга» аттуу китептер коюлду.
Маалымдама китептерди чыгаруу менен Кыргызпатент кыргыз тилиндеги китептердин катарын жаңы маалыматтар менен толуктады. Буга чейин сүрөтчүлөр, композиторлор, ойлоп табуучулар жөнүндө китептер чыгарылган. Манасчылар менен обончулардын маалымдама китептери Кыргыз Республикасынын тарыхында биринчи жолу жарык көрүп жатат. Бөбөктөргө арналган китептер азыркы учурда балдар үчүн кыргыз тилиндеги китептердин жетишпестик көйгөйүн чечүүгө өз калымын кошот.
Иш-чаранын аягында Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы тарабынан чыгарылган маалымдама китептер авторлорго: манасчыларга, обончуларга, жазуучу-акындарга бекер берилди.
