• English
  • Кыргызча
  • Русский
КТРК: Улуттук каада-салттар боюнча семинар башталды
Жарыяланган күнү : 
10/11/2011

Бишкек, 10-ноябрь, 2011-жыл (КТРК). Унутта калып бара жаткан кыргыздын улуттук каада-салттарын өнүктүрүүнүн мезгили келип жетти. Маселен, улуттун улуулугун даңазалоо элдик оозеки чыгармаларда кенен чагылдырылган. Аны урпактарга жеткиликтүү билим аркылуу бере алсак, анда өз элин сыйлаган өлкө болуп, кыргыздар дүйнө элдерине тааныла алат.

Жаштарды мекенчилдикке үндөгөн баяндамалар - “Салттуу билимди өнүктүрүүгө” арналган семинарда айтылды. Ал үчүн 2001-жылы Женева шаарында түзүлгөн Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдаланса болот. Кыргызстан 2007-жылы салттуу билимди өркүндөтүү боюнча мыйзам кабыл алып, уюмга мүчө болгон.

Үч күнгө созулган семинарга - Женевадан келген коноктор, философия адистеринен тартып, ойлоп табуучулар, элдик оозеки чыгарма топтоочулар, уз-чеберлер жана агартуу тармагынын кызматкерлери катышат. Улуттук каада-салт боюнча адистерден куралган комиссия түзүлүп, канткенде салттуу билимди өнүктүрүүгө болоорун Жогорку Кеңешке сунуштайт.

Талантаалы Бакчиев, филология илимдеринин кандидаты, манасчы: “Акыркы 16 жылдан бери улуттук каада-салтыбыз сакталбай келе жатат. Бирок, негизинен, кыргыздын улуттук салттуу билимин биздин элдик эпос Манаста илгери эле айтылып калган. Ошонун негизинде, учурда дүйнө коомчулугу жаңы баскычтарды жасоодо. Мисал келтирсем ого эле көп”.

Айнура Орозбаева, Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директорунун орун басары: “Мындай тегерек столду биз ар дайым өткөрүп туруубуз зарыл. Келечек муундарга өткөрүп бербесек, анда биз кандай кыргыз болобуз? Мына, бизге чет мамлекеттик коноктор келип, өздөрүнүн ойлору менен чогуу бөлүшүүдө. Жыйынтыгында, бир принципке токтолуп, канткенде салттуу билимди өнүктүрүү керек экени тууралуу жогорку кызматтагыларга сунуш жөнөтөбүз”.