• English
  • Кыргызча
  • Русский
Баракелде: Кыргызпатенттин жааматы «Тилибиз – биздин дилибиз» аттуу кароо-сынак уюштурду
Жарыяланган күнү : 
03/11/2011

28 октябрь 2011, 16:21

Баракелде - Кыргызпатенттин жетекчилиги жана эмгек жамааты кыргыз тилин жана улуттук нарк-насилдерди жаштардын көкүрөгүнө сиңирүү максатында 2011-жылдын 21-октябрында Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында «Тилибиз – биздин дилибиз» аттуу кароо-сынак уюштурушту.

Кыргызпатенттин басма сөз кызматынан Өктөм Калыева маалымдагандай, иш-чарага КР президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрагасынын орун басары Ч.Түмөнбаева катышып, көп жылдан бери интеллектуалдык менчикке тиешелүү терминдерди талыкпай которуп келе жаткан котормочу З.Исаковага «Кыргыз тили» төш белгисин, директордун орун басары А.Орозбаевага, Автордук укуктар жана чектеш укуктар секторунун башчысы Ж.Садыковага жана китепкананын кызматкери Ж.Бердикуловага комиссиянын Ардак грамотасын ыйгарды.

Республикалык «Кыргыз тили» коомунун президенти Р.Курбанов мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө зор салым кошкон жетекчи – Кыргызпатенттин директору А. Калмаматовду «Ыйык тил» төш белгиси менен сыйлады.

Кароо-сынакка жамааттан 13 топ катышып, элдик, эстрадалык ырлар, интермедиялар аткарылды, тил жөнүндө ырлар көркөм окулду. Жамаат арасында «Манас» айтып, комуз, ооз комуз черткендер да болду.

Улуттук ар түрдүү кийим кийген келин-кыздар кыргыздын ырым-жырымдарын жасашып, чыныгы майрамдык маанайды түзүштү, дейт басма сөз кызматы.

Мекеменин кызматкерлери кыргыздын унутулуп бара жаткан гүлазык, жупка, кошкон май, каймакка көөлөнгөн талкан, куурма чай сыяктуу улуттук тамак-аштарын даярдашып, заманбап жасалгалар менен дасторкон көркүнүн ажарын ачышты. Ошондой эле дасторкондорго кымыз, чалап, жарма, максым сыяктуу улуттук суусундуктар коюлуп, кой союлуп, устукан, бешбармак тартылды. Улуттук тамак аш менен даярдалган дасторконго «жайыл дасторкон» деген баа берилип, мыкты ырларга, интермедияларга ж.б. калыстар тобу тарабынан акчалай сыйлыктар ыйгарылды.