Кыргызстанда отундун салттуу түрлөрүн үнөмдөөгө түрткү берүүчү жаңы иштеп чыгуулар пайда болду. Көп курамдуу аба-суу күн энергетикалык орнотмо “Ортоңку Жалда” “Ротор” от жаккычынан текшерүүдөн ийгиликтүү өттү.
Инновация бул жылы Кыргызпатент тарабынан актуалдуулугу, өзгөчөлүгү жана экономикалык натыйжалуулугужагынан мыкты ата мекендик ойлоп табуу деп табылды. Орнотмо техника илимдеринин доктору, профессор Алайбек Обозовдун жетекчилиги менен жамаат тарабынан иштелип чыккан.
Алайбек Жумадылович отуз жылдан бери энергия булактарын: күн коллекторлорун, биротордук жел жана кайра иштетүүчү органикалык чийки заттардын биогаздык орнотмолорун кайрадан түзүүнүн үстүндө иштеп келет. Ал мындан бир нече жыл мурда мыкты жетишкендиктерди кантип колдонуу жана күн энергиясын пайдалануунун дагы бир топ натыйжалуу ыкмаларын табуу жөнүндө ойлонгон. Кыргызстан өзүнүн географиялык абалынын натыйжасында жылына орточо 4,64 миллиард МВт.с күн энергиясын алат!
А. Обозов үч жыл мурда өзүнүн аспиранттары менен бирге ушундай орнотмонун илимий негиздемесин даярдап, германиялык “Фольксфаген” илимий фондуна өтүнмө берген. Немистер атаандаш энергетика жаатында инновациялык иштеп чыгууларды дүйнө жүзүнөн издеп жүрүшөт, ошондуктан дароо эле кызматташууну сунушташкан.
Немис адистери дароо эле эксперимент жүргүзүү үчүн бардык керектүү жабдууларды: температураны өлчөөчү датчиктерди, манометрлерди, жылуулук алмаштыргычтарды, ар түрдүү материалдарды алып келишти. Бирок окумуштууларга абдан керектүүлөрдү биздин бажычылар чегарадан көпкө өткөрбөй – көп салык талап кылышты. Бул жүк Кыргызстанга коммерциялык эмес, илимий гана максаттарда келгенин далилдөөгө туура келди.
Немис окумуштууларынын топторун Кассель университетинен профессор Клаус Файн жетектеп келди. Үч жыл эсперимент жүргүзүлдү. Түшүнүү жана колдоо башкы инженер Режап Баялиевдин атынан табылды.
– Бир жолу Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде немис окумуштуулар менен жолугушуп, сүйлөшүп отурганбыз, – дейт Р. Баялиев. – Анан мен эксперимент жүргүзүү үчүн өзүмдүн от жаккычымды сунуштадым.
Баса, бул сунуш окумуштуулар үчүн да пайдалуу эле: от жаккыч шаардан анча алыс эмес, жетишерлик күчтүү – бүткүл “Жал” кичирайонун ысык суу жана жылуулук менен камсыз кылып, ошол эле мезгилде типтүү болчу. Бул жерде алынган тажрыйба көптөгөн башка жылуулук объектилеринде колдонулушу мүмкүн.
Орнотмо эки бөлүктөн: имараттын сырткы дубалына жайгаштырылган аба жана килем түрүндө жаткырылган узунунан кеткен тасманы элестеткен күн коллекторунан турат. Бардык элементтер кадимки колдонулуп жүрүүчү айнектен эмес, немис пластикасынан конструкцияланган – ал арзан жана көпкө чыдайт.
Аракет принциби абдан жөнөкөй, – дейт инженер. – Муздак суу түтүктөр менен аба жылуулук алмаштыргычына берилет, андан кийин күн абсорбергине түшөт. Ал жерде 20 градуска чейин ысыйт, андан кийин бакта отундун жардамы менен “градус толукталат”. Азыр бизде орнотулган күн коллекторунун аянты – 100 квадрат метр. Ар бир квадрат метрден сезондо дээрлик 950 киловатт-саат жылуулук энергиясын алабыз. Орнотмонун өлчөмүнө карата бул көп эмес.
– Талдоо биздин система ЖЭБ үчүн да натыйжалуу боло тургандыгын көрсөттү, – дейт Алайбек Обозов. – Айрыкча Ош ЖЭБи үчүн абдан жарактуу – ал отундун жетишпестигинен жайкы мезгилде таптакыр иштебейт эмеспи. Энергияны болуп көрбөгөндөй үнөмдөө болот эле. Ошондой эле сезондуу райондук жана ведомстволук өндүрүштөрдө, маселен, Ысык-Көлдөгү пансионаттар үчүн дагы жарактуу. “Ротор” орнотмосу бир жылда өзүн-өзү актайт. Конструкция көп чыгымды талап кылбайт. Немистер комплектөөчүлөрдү биздин өлкөгө орнотууга даяр. Баса, биргелешкен иштеп чыгуулар Германияда кеңири колдонулуп жатат, – деп сөзүн аяктады А.Обозов.
Анастасия ХОДЫКИНА.
Сүрөт автордуку.

