• Кыргызча
  • Русский
МСН: "Данияр Cыдыков: Биз интеллектуалдык мамиле үчүн"
Жарыяланган күнү : 
03/12/2010

Жакында Ош областынын губернатору өзүнүн кол алдындагылардан иш кагаздарын толугу менен мамлекеттик тилге которууну жана мындан аркы кызматта аны пайдаланууну талап кылды. Бул жаңылык деле эмес дейли, бирок анда эмне үчүн көптөгөн массалык маалымат каражаттары аны жарыялоого шашылышты, ал эми башкалары кайрадан басышты? Бул жаңы фактынын өзү тил көйгөйүнүн дагы да болсо бар экендиги жана Кыргызстандын коомчулугунун тынчын алуусун улантып жаткандыгы жөнүндө күбөлөндүрөт. Узак талаш-тартыштардан кийин мындан алты жыл мурун “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Мыйзам кабыл алынган эле, ушул кезге чейин апыртып айтпаганда да мамлекеттин тагдырына байланыштуу болгон бул чечимдерди аткаруу маселелери актуалдуу бойдон калууда. Бирөөлөрү – радикалдуу ыкмалардын, ал эми экинчилери – эне тилди жалпыга түшүнүктүү кылуу боюнча маселелерди чечүүдөгү кыйла ийкемдүү ыкманын тарапкерлери.

Кыргызпатент интеллектуалдык менчикти коргоо жана пропагандалоо боюнча алдыңкы структурада иш алып баруу менен, коюлган милдеттерди ишке ашырууда жаңы технологияны пайдаланууда. Аталган мекеменин директорунун орун басары Данияр Сыдыков менен иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүүнүн улуттук өзгөчөлүктөрү жөнүндө жана кадрларды сактап калуу маселеси тууралуу баарлаштык.

- Данияр Батырович, Ош областык администрациясынын башчысы өзүнө тапшырылган аймакты тартипке келтирүү үчүн анча ыңгайлуу эмес мезгилди тандап алып жаткан жокпу, сиз буга кандай көз караштасыз? Бул аймакта ансыз да чечилбей жаткан маанилүү көйгөйлөр бир топ эмеспи.

- Жок, мен андай деп ойлобойм. Түшүнсөңөр, бул деген модага урмат көрсөтүү эмес. Кыргыз тилин үйрөнүү, жалпыга жеткирүү – көптөн бери жана ар кандай деңгээлдерде талкууланып келе жаткан тема. Коомдо аны билүү зарыл, же ансыз анын аталышынын негизинде “кыргыз” деген түшүнүк жаткан өлкөнүн келечеги жок деген түшүнүк бар. Ошондуктан бул таптакыр биздин республиканы жердеген башка элдерди кемсинткендик эмес жана толук объективдүү зарылчылык деп эсептеймин.

Мен мындан бир аз убакыт мурда дипломат болуп иштегенмин, ошондо мен казактар менен орусча сүйлөшсөм, алар мага токтолбостон өз эне тилинде жооп беришчү. Ошондуктан Ош областында болуп жаткан иштер менин көз карашымда толук туура процесс.

Биз Кыргызпатентте дагы кыргыз тилин кеңири колдонууну жана аны иш кагаздарында колдонууну жигердүү колго алуудабыз. Муну менен мен жетектеген мамлекеттик тил боюнча комиссия бул ишти алга жылдыруу үчүн жаңы чечимдерди табууну чечти. Ведомство интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча иш алып бара тургандыгын эске алуу менен, бул милдетти биздин ишмердиктин профилине ылайык чече баштадык. Тактап айтканда маалымат технологиясынын жардамы менен ишке ашырмакчыбыз.

Кыргызпатент мамлекеттик ведомстволордун ичинен биринчилерден болуп MS Office кеңселик программасы бар Windows операциялык системасына кошумча катары эсептелген “Тамга-Кит” электрондук программанын пакетин колдоно баштады. Ал Эмил Асанов башында турган энтузиасттардын тобу тарабынан иштелип чыкты. Ушул программанын жардамы менен кыргыз тилиндеги тексттер менен иштөө жүз эсе жеңилдейт жана тилди үйрөнүүгө жаңыдан гана баш койгондор үчүн дагы жеткиликтүү болуп калат. Бул программалык камсыз кылуу 20дан ашуун компоненттерден турат жана өз ичине тексттердин орфографиялык текшерүүсүн, ташымалдардын туура коюлушун жана синонимдердин сөздүгүн, бир нече сөздүктөрдү, анын ичинде Константин Юдахиндин кыргызча-орусча жана орусча-кыргызча сөздүктөрүн, ошондой эле терминдердин, географиялык аталыштардын сөздүктөрүн жана макал-ылакаптар менен учкул сөздөрдү камтыйт.

- Бул программалык продукт канчалык жайылтылган?

- Башкалар үчүн жооп бере албайм, бирок биз аны иштеп чыгуучулардан 100 комплектини алдык. “Тамга-Кит” программасын өздөштүрүү документ жүгүртүүнү мамлекеттик тилге өткөрүүдө маселени тез жана оңой чечүүгө мүмкүндүк берээрине ишенем.

Кыргызпатентте иш кагаздарын жүргүзүү кыргыз тилине которулган, бирок биздин жамаат көп улуттуу. Биз бул тил эне тили болуп эсептелбеген кызматкерлер үчүн аны өз алдынча үйрөнүү, ал эми аны билгендерге –өркүндөтүү максаттарын койдук.

Азыркы Кыргызстанда бир нече тил билүү – демек, карьердик өсүүдө артыкчылыкка ээ болуу, атаандаштыкка жарамдуу болуу дегендик. Бул жол бизге баарыдан да ылайык келет. Ведомстводо бүгүнкү күндө биздин чөйрөдө колдонулуучу терминдерди тизмелөөнү жүргүзүп жаткан жумушчу топ түзүлгөн. Биринчи этапта биз интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын орусча-кыргызча кыргызча-орусча сөздүгүн чыгарабыз, ал адегенде мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссияга макулдашуу үчүн жиберилет. Эксперттердин корутундусунан кийин анын кагаз түрүндөгү жана электрондук версияларын чыгарууну пландаштырып жатабыз. Сөздүктү өзүбүздүн ишмердигибизде гана кеңири колдонбостон, ошондой эле биздин өнөктөштөрдүн, ММКлардын арасында да жигердүү жайылталы деп жатабыз.

Жаңы терминдерге түшүнүк берүү – жетишээрлик олуттуу иш. Ошондуктан биз интеллектуалдык менчиктин сөздүгүн түзүүдөн баштап, кийин акырындап глоссарийге өтөлү деп чечтик. Бул жумуш адистерди тартууну, терең изилдөөнү талап кылат. Бизде терминдерди бир тилден экинчи тилге которууда анчалык көйгөйлөр жок.

- Алыскы аймактарда жаш муундар орус тилин, ал эми чоң шаарларда болсо – кыргыз тилин билишпейт. Эгерде мындай тенденция уланып кете берсе, анда…

- Мен жагдайды драмалаштырбайт элем. Бүгүнкү күндө сиз кайсы гана жакка барбаңыз, бардык жерде мамлекеттик тил жигердүү колдонулууда. Жарнактар, кулактандыруулар, көрнөк-жарнактар, телеберүүлөрдүн программалары. Мунун түшүнүү менен кабыл алынышы кубандырат.

Жакында Бишкекте Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) эксперттер тобу болду. Мына ошолор кандайдыр бир жагдайда борбордук аянт аркылуу өтүп бара жатышып даярданбастан эле жамактоо концертинин көрүүчүлөрү болуп калышыптыр. Өспүрүм балдар жана кыздар көчөдө рэп, брейк-данс түрүндө кыргыз тилинде стилдештирилген ырларды жана бийлерди аткарышкандыгына күбө болушуптур. Коноктор өз алдынча көркөм чыгармачылык кылган артистерден алар кандайдыр бир сынакка даярданып жатышкан жокпу деп сурашканда алар: “Биз жөн гана ушундайча эс алабыз”-деп жооп беришиптир. Мен мунун менен белгилүү бир маданият түзүлүп калгандыгын жана бул ага жаңы мисал экендигин гана айтмакчымын.

Ал эми орто жаштагы адамдарга келе турган болсок, алар дагы бүгүнкү күндө мамлекеттик тилди билүү керектигин жана ансыз алыска бара албастыгын абдан жакшы түшүнүшөт. Албетте азыркы саясатты мамлекеттик тилди үйрөнүүгө карай жакшыртуу жана жаңы методологиялык жолдорду аныктоо зарыл. Бул маселени жөнгө салуунун стратегиясын мамлекет иштеп чыга турган, ал эми калк болсо буга түшүнүү менен мамиле жасагандай кылып, эки тарапка бирдей багыты бар көчөнү түзүү керек. Мисалы, эл чыгармачылыгын, салттуу билимдерди, ошондой эле азыркы эстраданы жайылтуу аркылуу, таңуулабастан, жаш муундардын тилди үйрөнүүгө жана өркүндөтүүгө болгон кызыгуусуна өбөлгө түзүүгө болот.

- Өлкөнүн жарандары өз тилин билүү керек экендиги талкууланбайт деле. Орус тилдүү калктын жок дегенде кайсы бир бөлүгүнүн көңүлү чөгүп турган азыркы учурда буга көңүл бурууну курчутуу керекпи деген башка маселе. Бул күчөп турган миграцияны (жер которууну) көкүтпөйбү?

- Өткөн кылымдын 90-жылдарында мындай сактануулар болгон. Бирок ал кезде бийликтер чара кабыл алышкан – орус тилине расмий тил деген статус берген, Кыргыз-Россия Славян университетин ачкан. Бул чыны менен курч маселе болгон. Бирок, бүгүн, өзгөчө Кыргызстандын кош тилдүүлүктү жактоочулугун тастыктаган референдумдан жана жаңы Конституцияны кабыл алгандан кийин маселе башкада турат. Орус тили бизде англис тили сыяктуу эле мыйзам менен корголгон, ал биз үчүн стратегиялык маанилүү, анткени бул дүйнөлүк билимге жана маданиятка карай ачкыч.

Ошол эле учурда жакынкы он жылга биздин өлкө үчүн эң маанилүү милдет – бул электрондук сыяктуу эле кагаз форматындагы мамлекеттик тилде маалыматтык базаны өстүрүү. Бул жерде дагы Кыргызпатент өз салымын кошууга ниеттенет. Мисалы, Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду жыл сайын “Саамалык” аттуу жаш прозачылардын жана акындардын чыгармаларынын жыйнактарын чыгарат (айтмакчы, аларга орус тилдүү авторлордун да чыгармалары киргизилет). Ал эми азыр болсо, Мамфонд дүйнө элдеринин жомокторун кыргыз тилинде басып чыгаруу боюнча долбоорду ишке ашырууга киришүүдө.

Мен тилди билүү талабы биринчи кезекте мамлекеттик кызматкерлерге тиешелүү болуш керек деген пикирдемин. Алар башкалардан талап кылуудан мурун өзүлөрүнөн баштоого тийиш. Эгерде муну түшүнбөсө – эч нерсе чыкпайт. Чиновниктер үчүн тилди үйрөнүү жана өркүндөтүү боюнча милдеттүү түрдөгү курстарды киргизүү керек. Аны тиричилик деңгээлинде колдонуу бир иш, ал эми өз оюңду кыргыз тилинде туура түшүндүрүү, сабаттуу жаза билүү – таптакыр башка нерсе.

Президенттин администрациясынын жетекчиси Эмил Каптагаев менен толук пикирлешмин, чиновниктердин тил билүүчүлүгүн далилдеген соң, андан кийин гана мамкызматка кабыл алуу керек. Бул ыктыярдуу иш жана адам Ата журтка кызмат кылууга даяр экендигин өзү тандап алууга тийиш. Эгерде ал муну каалабаса, анда анын укугун эч ким кыспайт. Мейли, башка чөйрөдө иштей берсин.

- Бирок, мамструктуралардын иш кагаздарын мамлекеттик тилге өткөрүү автоматтык түрдө башка бардык чөйрөлөрдүн, мисалы бизнес чөйрөсүнүн дагы жаңылыкка даярдануусуна алып барат. Котормочулардын штаттык жумуш орундарын кеңейтүү же өзүнүн кеңсесинде кызматкерлер үчүн курстарды ачуу керекпи.

- Ооба, эгерде система бар болсо, анда кайда бармак элек. Бирок, жалгыз гана курстар жана репетиторлор менен алыска бара албайбыз. Бул системалаштырылган процесс болууга тийиш. Эң башынан баштоо керек. Мектептерден, ЖОЖдордон. 2001-жылы он жылдык мезгилге мамлекеттик тил жөнүндө мамлекеттик программа бекитилген. Анын максаты – кыргыз тилин керектүү деңгээлге көтөрүү. Эстеп көргүлөчү, ошондо сын пикирлердин көп болгонуна карабай бул программаны көптөрү колдоого алышкан.

Бүгүн дагы убакыт көрсөткөндөй, бул программа өз милдетин аткарды. Сиздер көрүп тургандай бардык элдик маалыматтар иш жүзүндө эки тилде кайталанат. Бул бүгүнкү күндө туура көрүнүш.
Мен Россияда иштеп жүргөндө расмий адамдар менен көп баарлашууга туура келчү. Алардын бардыгы эреже катары бир өзгөчөлүктү – кыргыздардын сабырдуулугун, алардын орус тилин эң жакшы билүүсүн белгилешчү, бул, биздин жарандарды жумуш берүүчүлөр үчүн кыйла жагымдуу жана эмгек базарында кыйла атаандаштыкка жөндөмдүү кылуучу. Ушунун өзү Кыргызстандын бул кылдат чөйрөдөгү ийилүүгө жол бербегендиги жөнүндө күбөлөндүрүп турат.

- Ал эми сиз өзүңүздүн кыргыз тилин билүү деңгээлиңизди кандай баалайсыз? Орус тилин болсо сиз абдан жакшы билет экенсиз.

- Мен иштешим жана дагы иштешим керек. Мыктылыкка чек жок эмеспи. Бала кезимде, бешинчи класска чейин кыргыз тилин таптакыр билчү эмесмин. Бир жолу менин атам бет алдыма Чынгыз Айтматовдун кыргыз тилинде жазылган “Саманчынын жолу” аттуу романын ачып, андан он баракты окуп чыгуумду талап кылды. Мен тил албай коё албадым, ошондуктан тексти түшүнбөстөн эле окуп чыктым. Андан кийин атам түшүнгөнүмдү айтып берүүмдү суранды. Кийинчерээк ошол окуп чыккан он бетти кыргыз тилинде айтып берүүмдү талап кылды. Ошентип, улам барган сайын, күндөн - күнгө ал экөөбүздүн кыргыз тилин үйрөнүү боюнча сабактарыбыз өркүндөп турду. Бул үчүн мен атама абдан ыраазымын.

Лариса ЛИ.