Башкаруу машинасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун арасынан Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы, же жөн гана Кыргызпатент, өзгөчө орунду ээлейт. Анын ишмердиги соода, илим, укук, айыл чарбасы, көркөм чыгармачылык сыяктуу ар түрдүү чөйрө менен байланыштуу. Жаңы товарларда же кызмат көрсөтүүлөрдө, технологияларда же адабият жана искусство чыгармаларында ишке ашкан ар бир идеянын өзүнүн кожоюну – автору же ээси бар. Адамдын акылы жана фантазиясы менен жаралгандын бардыгы ак ниетсиз тартып алуулардан жана окшоштуруп жасоодон корголууга муктаж. Ал эми эгерде биз дүйнөлүк прогресстин бортунун сыртында калбоого умтулсак, анда биз анын негизги кыймылдаткыч күчү – инновацияларсыз эч нерсе кыла албайбыз. Кыргызпатент азыркы күндө эмнени башынан кечирип жаткандыгы жана өлкөнүн экономикасына интеллектуалдык потенциалды буруу үчүн эмне иштелип жаткандыгы туурасында биз аталган мекеменин директору Зина ИСАБАЕВА менен баарлаштык.
Автор – жеке ат.
- Зина Беккелдиевна, сизге кыйын учурда ведомствону башкаруу ишин алып барууга туура келди. Анын ишине өлкөдөгү саясий кырдаал таасир тийгиздиби?
- Чындыгында эле өлкө башынан кечирген саясий коогалаң бизди айланып өткөн жок. Барыдан мурда өзүлөрүнүн мүлктүк укуктарын башкарууга өткөрүп берүү жөнүндө Кыргызпатент менен келишим түзүшкөн авторлор жана музыкалык чыгармаларды аткаруучулар жапа чегишти. Биздин ведомство “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзамга ылайык башка иштер менен катар автордук сый акыларды чогултуу боюнча иш алып барат. Ал кафелердин, ресторандардын жана башка көңүл ачуучу жана оюн-шоок жайларынын кожоюндарынан, ошондой эле “жандуу” музыка же фонограмма жаңырып туруучу телекомпаниялардан, радиостанциялардан, клубдардан чогултулган жыйымдардын мыйзам тарабынан аныкталган суммасынан төлөнөт. Ошентип, жаз жана жай айлары үчүн чогултулган жыйымдар өткөн жылдагыга салыштырмалуу, өзгөчө өлкөнүн түштүгүндө жана Ысык-Көлдүн жээгинде бир кыйла төмөн болуп калды. Ошого байланыштуу жылына эки жолу жүргүзүлүүчү автордук сый акыларды төлөп берүү өнөктүгүн ушул жылдын күзүнөн келерки жылдын жаз айларына жылдырууга туура келди.
Автордук сый акыларды жыйноо – бир топ түйшүктүү жана күч аракетти жумшоону талап кылган иш. Бул боюнча иш алып баруучу инспекторлорубуздун штаты анча чоң эмес, ал эми мыйзам боюнча авторлордун пайдасына тапкан кирешесинен белгилүү бир пайызда төлөп берүүгө милдеттүү болгон кафелер, клубдар, ресторандар жана башка мекемелер – жүздөп саналат. Муну менен алардын ээлерине инспекторлор мыйзамдын талаптарын көпкө чейин түшүндүрүүгө туура келет, ал эми тигилер болсо көпчүлүк учурларда ар кандай жолдор менен музыка үчүн төлөө зарылдыгынан качууга аракеттенишет. Бирок, ашкана жана ички жасалга менен катар эле музыка дагы келүүчүлөрдү өзүнө тартып жана ошонусу менен мындай жайлардын кирешелери көбөйөт эмеспи. Ал эми жалпы тамактануучу жайлардын көпчүлүгүндө ал тургай музыкалык коштоого өзүнчө төлөмдөр караштырылган.
Тилекке каршы, биздин коомдо интеллектуалдык менчикке карата керектүү деңгээлде сый-урмат көрсөтүү деген жок. Биз түшүнөбүз, дүкөндөн товар алганда төлөбөй кетип калууга болбойт. Ал эми мындай дайыма эле материалдык боло бербеген, интеллектуалдык эмгектен же чыгармачылык эргүүдөн келип чыккан өнүмдөр тууралуу сөзгө келгенде бул иштебей калат. Качан биз бардыгыбыз интеллектуалдык менчик башка бардык менчиктердей эле кол тийгис экендигин түшүнгөндө, бизде адабият, илим, искусство адамдары – генерацияга жана чыгармачылык идеяларды ишке ашырууга жөндөмдүү болгон чыгармачыл адамдар – татыктуу сый акыларын ала башташат. Анан да, эгерде бизде жаңы сапаттуу фильмдер, китептер же музыкалык чыгармалар гана эмес, товарлардын, кызмат көрсөтүүлөрдүн жаңы түрлөрү, жаңы технологиялар, өсүмдүктөрдүн сорттору, жаныбарлардын породалары пайда болсо, бүтүндөй коом утат.
Биз маданият менен искусствону өнүктүрүүгө мамлекет жетишээрлик каражат бөлбөй жаткандыгын айтып калабыз. Ал эми өнүккөн өлкөлөрдө искусство дал ошол интеллектуалдык менчикти билгичтик менен башкаруунун жана автордук укукка сый мамиле кылуунун натыйжасында гүлдөп өнүгүп жатат. Бул өлкөлөрдүн актерлору, жазуучулары же музыканттары – бул, эреже катары, жетишээрлик камсыз болгон адамдар экендиги кокустук эмес. АКШнын өкмөтү Голливуддун өнүгүшүнө каражат бөлбөйт – жеке компаниялар өзүлөрү гана жыргалчылыкта жашабастан, ошону менен бирге мамлекетке бир далай салыктарды төлөшөт. Ал эми кино жаратуучулар болсо, соттордо өзүлөрүнүн автордук укуктарын тырышчаактык менен талашат.
Контрафактылыкка жана каракчылыкка каршы стратегия
-Каракчылык көйгөйү бүгүнкү күндө бүткүл дүйнө боюнча курчуп турат, ал эми транзиттүү экономикадагы деп аталган өлкөлөрдө бул тема өзгөчө кызык. Бул көрүнүш менен күрөшүүдөгү иш майданында кандай өзгөрүүлөрдү күтсөк болот? Анын жаалынан коркуп сыйынышкандай “Каракчы” ушунчалык эле коркунучтуубу? Жасалма «адидастар» же тиричилик буюмдары менен соода кылуучулар керектөөчүлөрдү арзан товар менен гана камсыз кылбастан, ошону менен бирге көпчүлүк учурда ак ниеттүү салык төлөөчүлөр дагы болуп эсептелишет эмеспи.
- “Каракчылар” бүткүл дүйнөдө интеллектуалдык менчиктин түзүүчүлөрүнө зор финансылык зыян келтиришет. Анчалык финансы каражаттарын салбай, күч аракет жумшабай, алар башкалардын эмгегинин жана талантынын эсебинен пайда табышат. Мааниси боюнча, каракчылык – бул уурдалгандар менен соода кылуу жана көптөгөн өлкөлөрдө мындай ишмердик жетишээрлик катуу жазаланат. Биздин мыйзамдар бир катар себептерден улам азырынча али мындай чараларды жана соода кылгандыгы үчүн караштырылуучу айып пулдарды камтыбайт, мисалы, аудио-жана видиоөнүмдөрдү сатуу символикалуу суммаларды түзөт. Бул каракчылык дисктерди сатуучуларга өзүлөрүн салыштырмалуу ыңгайлуу сезүүгө мүмкүндүк берет.
Бирок, маселенин экинчи жагы да бар. Белгилүү товардык маркаларды жасалма кайталап чыгаруу алардын ээлерине зыян келтиргенден тышкары, мындай товарлар көпчүлүк учурларда адамдардын ден-соолугуна, ал тургай өмүрүнө дагы коркунучтуу, бул өзгөчө медициналык дарыларга, тамак-аш өнүмдөрүнө же алкоголдук ичимдиктерге тиешелүү. Ошондуктан, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн жаңы улуттук стратегиясынын долбоорун түзүүнүн үстүндө азыр Кыргызпатенттин адистери иштеп жатышат, ал жакын арада бардык кызыкдар болгон тараптардын талкуусуна коюлат, биз дал ушул товарлардын категорияларынын үстүнөн көзөмөлдү күчөтүүгө биринчи кезекте багытталган бир катар негизги чараларды сунуштайбыз.
Бул жерде биз Саламаттыкты сактоо министрлиги, Бажы кызматы, укук коргоо органдары жана албетте коомдук бирикмелер менен тыкыз кызматташабыз.
Ошол эле учурда биздин ата мекендик өндүрүүчүлөр бүгүнкү күндө брендингдер, өздөрүнүн соода маркаларын алга жылдыруу менен жетишээрлик иш алып барышпайт. Өтүмдүү бренд өнүмдү кыйла жогорку баада сатууга мүмкүндүк берет жана аны илгерлетүү белгилүү бир күч аракеттерди жана чыгымдарды талап кылат, ошого карабай бүткүл дүйнөдөгү чоң компаниялар брендингге бир кыйла каражаттарды салышат. Бүгүн биздин тигүүчүлөрдүн өнүмдөрүн жакшы билишет жана жакынкы чет өлкөлөрдүн базарларында чын көңүлү менен сатып алышат, ал эми ата мекендик тигүү тармагында оригиналдуу моделдерди түзүүчү, көптөгөн таланттуу кийим дизайнчылары эмгектенишет. Бирок алар азырынча баалык атаандаштыктын эсебинен утуп жатышат жана иш жүзүндө окшоштурулган жасалмалуулуктан коргоого алынышпайт. Албетте, чакан фирма үчүн өзүнүн маркасын каттоо жана илгерлетүү – жетишээрлик кымбат нерсе. Бирок “жамааттык товардык белги” деген сыяктуу дагы түшүнүк бар. Айталык, “Жеңил өнөр жай” бирикмелеринин ишканалары жалпы товардык белгини катташат жана аны биргелешип алга жылдырышат. Пайдалуулугу боло турган нерсе. Ал эми идеяны кантип сатуу керек?
-Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн жаңы стратегиясы тууралуу сүйлөшөлү. Ал канчалык милдеттерди коет жана аны ишке ашырууда өлкөнүн жана биздин жарандардын турмушунда эмнелер өзгөрөт?
- Дүйнөдө бүгүнкү күндө экономика жаңы технологияларды жана инновацияларды өздөштүрүүнүн эсебинен өнүгүп жаткандыгы жашырын эмес. Россияда, Белорусияда жана мурдагы советтик өлкөлөрдө экономиканы өнүктүрүү боюнча билимдерге негизденген кандай долбоорлор жүзөгө ашырылып жаткандыгын силер билесиңер.
- Бирок бул долбоорлор маанилүү салымдарды жана белгилүү бир шарттарды талап кылат эмеспи. Кичинекей Кыргызстадынн өзүнүн экономикасын инновациялык рельстерге коюуга күчү жетеби?
- Бизде жөн гана башка жол жок. Казакстандан же Россиядан айырмачылыгыбыз биздин бай жаратылыш ресурстарыбыз жок, ошол эле учурда бизде белгилүү бир инновациялык дареметтүүлүк бар, инновациялык ишмердик менен иш алып бара турган адамдарыбыз бар. Андан тышкары, жаңы технологиялар жана жабдуулар түрүндө тышкы инвестицияларды тартуу сыяктуу жол бар. Бул үчүн жагымдуу шарттарды гана түзүү керек. Укуктук базаны, ойлоп табууларды баалоо системасын калыптандырып, адистерди даярдоо керек.
Бүгүнкү күндө биздин ишкерлер инновациялык технологияларга каражат салууга, биздин ойлоп табуучуларга жана новаторлорго иштелмелерге буйрутма берүүгө али даяр эмес. Ошондуктан биздин алдыбызда абдан чоң маалыматтык, түшүндүрүү иштери турат.
Биз инновацияларды өздөштүрүү жолуна ата мекендик бизнести буруу үчүн олуттуу кадам жасадык.
Жакында Женевада ИМБДУ менен Кыргызпатенттин базасында Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборун түзүү жөнүндө макулдашууга кол коюлду. Ноябрдын аягында бизге ата мекендик ишкерлер жана иштеп чыгуучулар үчүн тренинг өткөрүп, патенттик маалыматты издөөнү кандай жүргүзүү керектигин жана аны бизнести өнүктүрүүдө жана инновацияларды алга жылдырууда кандайча пайдалануу керектигин үйрөтүү үчүн эл аралык эксперттер келишет. Андан тышкары бул борбордо бардык инновациялык процесстер боюнча – идеялардын концепциясынан тартып иштелмелерди базарга алып чыгууга чейин консультацияларды алууга болот. Бул өзүнчө бир сүйлөшүүлөрдүн аянты болуп калат, бул жерде өз-ара пайдалуу кызматташтыкты жөнгө салуу үчүн бизнестин өкүлдөрү жана изилдөөчүлөр жолугушуп турушат. Келечекте мындай борборлорду аймактарда түзүү пландаштырылууда жана бул инновациялардын ата мекендик базарын түзүүгө олуттуу түрткү болмокчу.
Улуттук стратегияны ишке ашыруудан күтүлгөн натыйжалар жөнүндө айта турган болсок, анда биз аларды, бүткүл дүйнөдө экономикалык өнүктүрүүнүн стратегиялык ресурсу болуп эсептелген интеллектуалдык менчик (ИМ) интеллектуалдык эмгектин өнүмдөрүн жаратуучуларга жана аларды мыйзамдык негизде пайдалангандарга, ошондой эле бүтүндөй өлкөгө чыныгы кирешелерди алып келе тургандыгынан көрөбүз.
Республиканын интеллектуалдык мүлкү
- Ата мекендик илимдин өкүлдөрү аларга өз иштелмелерин сатуу абдан кыйын экендигин көп айтышат, анткени аларды кызыктырышы мүмкүн болгон ишкерлердин эркин каражаттары жок, же аларды өздөштүрүүдөн пайда алууга мүмкүн экендигин көрүп турса деле жөн гана инновацияга акча салууну алар каалашпайт. Кептин баары финансыда элеби?
- Иштелмелерге инвестицияларды салуу дайыма тобокелчиликтүү жана чыгашалуу болуп келген жана болуп кала берет. Батышта жана совет мезгилинен кийинки өлкөлөрдүн кай бирлеринде изилдөөлөрдү, жаңы технологиялардын иштелмелерин финансылоочу адистештирилген венчурдук (тобокелдик) атайын фонддор бар. Ийгилик болуп калса бул каражаттар өзүн актай тургандыгын болжолдоо менен, чоң бизнес өз капиталын тобокелге салууга даяр. Андан тышкары көптөгөн алдыңкы фирмалар ар кандай иштелмелерге жана изилдөөлөргө кирешелеринин көп үлүшүн салышат. Бирок иш жалгыз эле финансыда эмес, бүгүнкү күндө бизде эми гана калыптанып баштаган интеллектуалдык менчикти башкаруунун жалпы маданиятында да болуп жатат.
ИМ жана инновацияны өнүктүрүүнүн стратегиясы коюп жаткан башкы маселелердин бири – биздин жарандарга (товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү керектөөчүлөргө, мектеп окуучуларына жана студенттерге, илимдин ишмерлерине, ишкерлерге, мамструктуралардын өкүлдөрүнө, судялык корпуска, укук коргоо органдарына) интеллектуалдык менчик жөнүндөгү билимди жеткирүү. Дал ошол интеллектуалдык менчикти коргоого жана аны пайдаланууга байланыштуу маселелерди түшүнбөстүк бүгүнкү күндө биздин алга жылуубузга тоскоолдук кылып жатат.
Ошондуктан ар кандай билим берүү программаларында, ИМ системасы жана анын укуктук аспектилери жөнүндө билимдерди алга жылдырууга көп орун берилүүдө. Биз мектеп партасынан баштап кыргызстандыктардын интеллектуалдык менчикти сыйлоого, аны жаратууга жана аны башкарууга үйрөнүүсүнө шарттарды түзүшүбүз зарыл. Биз бир нече долбоорлорду, анын ичинде ойлоп табуучулардын жана новаторлордун жаңы муунун тарбиялоо, мектеп окуучуларынын жана жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыгын өнүктүрүү боюнча долбоорлорду иштеп чыктык. Айтмакчы биз азыр “Алтын түйүн” Республикалык балдар инженердик академиясы менен тыгыз кызматташуудабыз жана жакында Кыргызпатенттин колдоосу астында Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун базасында анын филиалы ачылмакчы.
Ошондой эле өсүп келе жаткан жаш муундарга арналган жана Мамфонд менен биргеликте ишке ашырыла турган дагы бир долбоор жөнүндө айткаым келет. Бул мектеп окуучулары үчүн кыргыз тилиндеги китептер сериясын чыгаруу. Кыргызстанда бүгүнкү күндө мамлекеттик тилде балдар адабияты басып чыгарылбай тургандыгы жашыруун эмес. Азыр биз эң кенжелер үчүн кыргыз авторлорунун чыгармаларын тандап алып жатабыз, мыкты сүрөтчүлөр менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Басылмалар ачык, кооз болот, кичинекей бөбөктөр бар ар бир үйдө булар керектүү болот деп ишенем. Нусканын бир бөлүгүн биз мектепке чейинки балдар мекемелерине белек катары берели деп ниеттенүүдөбүз. Өлкөнүн интеллектуалдык потенциалы дал ошол кичинекей кезден баштап калыптанат эмеспи.
Баарлашкан
Людмила ВЛАДИМИРОВА.

