• English
  • Кыргызча
  • Русский
Вечерний Бишкек: "Кулибиндерге кубанычтуу кабар"
Жарыяланган күнү : 
12/10/2010

Кыргызстандын ойлоп табуучуларында, илимий коомдоштуктардын бардык өкүлдөрүндө жана техникалык ЖОЖдорунун студенттеринде технологияны өнүктүрүүгө жана инновацияларды алга жылдырууга байланышкан кеңештерди жана башка кызмат көрсөтүүлөрдү алууга чыныгы мүмкүнчүлүк түзүлдү.

Буга Женевада Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун башчысы Фрэнсис Гарри менен Кыргызпатенттин директору Зина Исабаева кол койгон биздин республикада технологияларды жана инновацияларды колдоо борборлорун түзүү боюнча Макулдашуу арналды.

Азыркы мезгилде ата мекендик адистер Кыргызстанда Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондусунун базасында мындай борборду ачып жатышат, андан кийинки кезек өлкөнүн илимий уюмдарында жана ЖОЖдорунда ушундай борборлорду ачууга жетмекчи.

Долбоорлорду ишке ашыруу экинчи глобалдуу симпозиумдун ишине катышуу үчүн Швейцарияга кыргыз делегациясынын баруу мезгилинде болгон. Ага 60 өлкөнүн патенттик ведомстволорунун жетекчилери катышкан. Форумда эл аралык интеллектуалдык менчиктин жана экономикалык өсүүдөгү инновациялардын ролу жана келечектүү жумушчу орундарын түзүү маселелери каралган.

Эльза КИМ.
Фотосүрөт Кыргызпатенттен алынды.