Мындан ары мамлекеттик кызматкерлер чындыкты текшерүү детекторунда тестирленүүгө түшүшөт. Ылайыктуу Жарлыкка Президент Роза Отунбаева 1-сентябрда кол койду, ал эми жакында эле мамлекет башчысынын жана айрым бир ведомстволордун жетекчилеринин катышуусунда полиграфтын эл алдында көрсөтүлүшү жана тааныштыруу тестирлөөсү болду. Бул жаңы детектор аркылуу биринчилерден болуп финансы полициясынын, бажы кызматынын, салык кызматынын кызматкерлери, ошондой эле министрликтер менен ведомстволордун статс-катчылары өткөрүлмөкчү.
Коомчулукта бул жаңылык ар кандай реакцияларды жаратты. Бирөөлөрү мындай чара көрүү зарылчылыгы эбак бышып жетилген дешсе, экинчилери анын натыйжалуулугунан шектенишет, үчүнчүлөрү аны мамлекеттик кызматкерлердин конституциялык укуктарына кол салуу катары көрүшүүдө.
Чындыкты текшерүү детекторун колдонуу чөйрөсүнүн тарыхы жана коорупциянын жана кызматтык кылмыштардын алдын алуунун мындай ыкмасынын кээ бир аспектилери жөнүндө айтып берүүсүн өтүнүп биз КРнын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын статс-катчысы Бакыт КЕНЕНБАЕВге кайрылдык.
– Бакыт Темирбекович, биринчи Сизге бере турган сурообуз патенттик ведомствонун өкүлүнө берилүүчү суроо катарында болмокчу: полиграфты ким жана качан ойлоп тапкан, чындыкты текшерүү детекциясы багытындагы иштелмелер менен кайсы өлкөлөр иш алып барышат?
– Сынакка түшүп жаткан адам канчалык деңгээлде чынчыл экендигин аныктоого мүмкүндүк берүүчү аппараттын ойлоп табуусуна алгачкы патент тарыхта биринчи болуп АКШда 1883-жылы октябрда катталган. Ал эми 1921-жылы Калифорния университетинин медицина жаатындагы студенти Джон Ларсон пульстун жыштыгын, дем алуу көрсөткүчүн жана кан басымын бир эле учурда чагылдырууга мүмкүндүк берүүчү полиграф-приборду ойлоп чыгарган. Ошол жылдары тестирлөөнүн атайын ыкмасынын жардамы менен ушул көрсөткүчтөрдүн өзгөрүүлөрү боюнча чындыкты текшерүү детекторунда сынактарды жүргүзүшкөн. Айтмакчы, Ларсондун ойлоп табуусун 2003-жылы Британиянын энциклопедиясы бардык мезгилдер ичиндеги 325 кыйла маанилүү ойлоп табуулардын бири деп тааныган.
Полиграфта тестирлөөнүн азыркы ыкмасынын ойлоп табуучусу болуп америкалык окумуштуу Джон Рейд эсептелет. Ойлоп табууга № 2538125 патент 1951-жылы 16-январда авторго берилген. Ошол эле учурда 30-жылдары көрүнүктүү советтик окумуштуу Александр Лурия жазыктуу кылмыш иштерин изилдөө практикасында жооптордун чынчыл эместигин билүүнүн психо физиологииялык ыкмасын колдонгон.
Ошондон бери чынчылдыкты өлчөө үчүн приборлор дайыма жакшыртылып, алардын тактыгы жогорулатылып келген. Салыштырмалуу жакында эле, 2005-жылы өзүлөрүнүн ойлоп табуусунда полиграфтын соңку моделин россиялыктар патенттешти. Авторлор алардын прибору чынчыл көрсөткүчтөрдүн так чагылдыруусун 100 пайызга, жана калпты так чагылдыруунун 98 пайызын (чет өлкөлүк модификациялардын 87–89 пайызына каршы) камсыз кылат деп белгилешүүдө.
Чындыкты текшерүү детекциясы жаатындагы иштелмелер өткөн жүз жылдыктын ортосунан баштап ошондой эле Польшада, Кытайда, Японияда, Индияда жүргүзүлүп келүүдө.
– Белгилүү болгондой, чындыкты текшерүү детекторлору сот иштеринде гана, атап айтканда криминалистикада пайдаланылчу. Бүгүнкү күндө полиграф кайсы чөйрөлөрдө колдонулууда?
– Чынында эле полиграф узак убакыттар бою укук коргоо органдарында, криминалдык практикада жана коопсуздук кызматынын органдарында пайдаланылган. 1950-жылдардан тартып АКШда түзүлүштү коммерциялык структураларда пайдалана башташкан. Бүгүнкү күндө полиграфтын федералдык пайдалануучулары болуп АКШда ЦРУ, Улуттук коопсуздук агенттиги, ФБР, коргоо, энергетика, финансы, эмгек, транспорт министрликтери жана башка көптөгөн структуралар эсептелишет.
Индия биринчи болуп 1948-жылдан баштап, Махатма Гандини өлтүрүүгө байланыштуу чындыкты текшерүү детекторунда текшерүүлөргө кызыга баштаган: АКШда алты жума даярдыктан өткөндөн кийин индиялык полициянын офицери бийликке каршы уюшулган жашырын аракеттерге тиешеси бар деп шектелген адамдардын чөйрөсүн тарытуу үчүн полиграфты пайдаланган. Андан кийин чындыкты текшерүү детекторун колдонуу бир нече он жылдыктарга токтотулган.
Ал эми СССРде Александр Луриянын ийгиликтүү тажрыйбаларынан кийин 30-жылдары полиграф эмоциялар менен дегеле илимге каршы эксперимент катары жарыяланып, бул багыттагы андан аркы изилдөөлөр токтотулган жана 70-жылдардын аягында гана ошол кездеги КГБнын башчысы Юрий Андроповдун аракеттеринин аркасында калыбына келтирилген. Бардык бул иштер жашыруун жайгайда жүргүзүлгөн. Айтмакчы, биринчи компьютердик полиграф Россияда 1985-жылы түзүлгөн. Бирок 90-жылдары гана чындыкты текшерүү детекторун пайдалануу жетишээрлик кеңири жайылтылган. Ошол кезде полиграф биринчи болуп поп Александр Менди өлтүрүүгө байланышкан кылмыштык иштин бетин ачууда колдонулган жана полиграфта тестирлөөнүн маалыматтары боюнча шектүү адам бул кылмышка тиешесиз деп таанылган. Айтмакчы, Россия Федерациясында Салык полициясынын, Юстиция министрлигинин жана Коргоо министрлигинин кызматкерлерин полиграфта тестирлөө 1996 жана 1998-жылдардан бери жүргүзүлөт. Ал эми жеке структуралар бул ыкманы 1994-жылдан бери пайдаланышат.
– Полиграфты пайдалануунун азыркы кездеги эл аралык практикасы жөнүндө эмне айтууга болот? Дүйнөдө ал канчалык кеңири жайылтылган?
– Бүгүнкү күндө полиграфологиялык изилдөөлөр болжол менен дүйнөнүн 90 өлкөсүндө жеке жана мамлекеттик укук коргоо секторлорунда жүргүзүлөт. Алар кызматтык изилдөөлөрдү жүргүзүүдө, ошондой эле, мисалы, мамлекеттик же коммерциялык сырды сактоону талап кылган кызматтарга же структураларга жумушка кабыл алууда банктарда жана башка финансылык мекемелерде, укук коргоо органдарында колдонулат.
Чындыкты текшерүү детектору Мексикада, Израилде, Украинада, Россияда, Японияда, Түштүк Кореяда, Сингапурда, Канадада, Индияда, Польшада, Литвада, Түркияда, Бириккен Араб Эмираттарында, Малайзияда жана башка өлкөлөрдө кыйла активдүү колдонулат. Коррупцияга каршы күрөш максаттарында мамлекеттик органдарга полиграфиялык тестирлөөнү киргизүү жөнүндөгү маселе Казакстанда активдүү талкууланууда. Ал эми бул тизмелерди болсо Кошмо Штаттар башкарат, бул жерде чындыкты текшерүү детекторунда жылыга миллиондогон текшерүүлөр жүргүзүлөт.
– Сиздин көз карашыңызда, мамлекеттик кызматкерлерди полиграфта тестирлөө жол-жоболорун киргизүү коррупциянын деңгээлин төмөндөтүүгө реалдуу таасир көрсөтө алабы?
– Ар түрдүү өлкөлөрдүн жеке компанияларынын жана мамлекеттик мекемелеринин жумушка кабыл алууда жана кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүүдө полиграфта тестирлөөнү колдонуусу өзүн кадр саясатындагы жетишээрлик натыйжалуу курал катары көрсөттү. Ошол эле учурда бул коорупциялык көрүнүштөргө каршы ыкма экендиги жөнүндө дагы эч ким айткан жок. Бул болгону аларды азайтуу үчүн механизмдердин бири гана.
Белгилүү болгондой, “Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө полиграфта тестирлөө системасын жайылтуу боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө” Президенттин Жарлыгына ылайык, полиграфта тестирлөө саясий мамлекеттик кызмат орундарын, бош кызмат орундарды ээлөөгө талапкерлерге карата колдонулат. Андан тышкары, мындай тестирлөөлөрдөн мамлекеттик кызматкерлер аттестация өткөрүүдө же ротация учурунда, ошондой эле мамлекеттик органдарда кызматтык иликтөөлөрдү жүргүзүүдө өткөрүлөт.
Биздин өлкөдө акыркы эки он жылдыктын ичинде бийликтин мамлекеттик органдарына жана ошондой эле бүтүндөй чиновниктерге ишенүүнүн деңгээли эң төмөнкү көрсөткүчкө түштү. Менин көз карашымда, полиграфта тестирлөөнү киргизүү ошондой эле мамлекеттик структуралардын башкаруучуларына коомдун негативдүү мамилесин жоюу, бийликке болгон ишенимди жогорулатуу планында маанилүү.
Ошол эле учурда адамдык деп аталган фактор жөнүндө дагы эстен чыгарууга болбойт. Мен полиграфта тестирлөө өткөрүп жана анын көрсөткүчтөрүн чечмелей турган адистерди айтып жатам. Полиграфологдун иши терең жана ар тараптуу атайын билимдерди талап кылат эмеспи. Чындыкты текшерүү детекторунда иштөөгө үйрөнүү – жетишээрлик узак жана татаал процесс. Бул ишти китептин же ММКдагы макаланын жардамына таянып, адистин жардамысыз өз алдынча “чындыкты текшерүү детектору” менен ушул тематика боюнча көнүгүп, өздөштүрүү иш жүзүндө мүмкүн эмес. Анын үстүнө анын натыйжасына конкреттүү адамдардын тагдыры көз каранды боло турган полиграфологдун иши, айталык врачтын кесиби сыяктуу эле жоопкерчиликтүү болот. “Зыянга учуратпа!” деген ураан бул жерде дагы актуалдуу. Ошондуктан, полиграфты пайдалануу менен сурам жүргүзүү боюнча адистерди полиграфка окутуу көйгөйү бул ыкманын теориялык жана колдонмо аспектилерин камтуучу башка маселелердин ичинде дээрлик борбордук болуп эсептелет.
Андыктан, мен полиграфта тестирлөөнү дагы бир коррупциялык куралга айлантуу менен анын маңызын бузуп албоо үчүн, адис полиграфологдорду окутуунун жана тестирлөө жол-жобосун контролго алуунун натыйжалуу системасын иштеп чыгуу зарыл деп эсептеймин.
Баарлашкан
Людмила ВЛАДИМИРОВА

