• Кыргызча
  • Русский
Вечерний Бишкек: “Күндү - күрөөгө алуу”
Жарыяланган күнү : 
05/07/2010

Үрүмчүдө өткөн эл аралык жолугушуунун катышуучулары күн энергиясын пайдалануу мүмкүндүгүн талкуулашты.

Энергиянын альтернативдүү булактарынын маанилүүлүгү жөнүндө Казакстандын, Монголиянын, Россиянын, Тажикстандын, Өзбекстандын адистери сөз кылышты. Кыргызстанды Кыргызпатенттин Тышкы байланыштар бөлүмүнүн жетекчиси Фархат Ибрагимов көрсөттү.

— Бул баруунун натыйжасы, төмөндөгү үч багыт боюнча кызматташуу жөнүндө СУАРдын белгилүү компанияларынын бири менен макулдашуу болуп калды: жеңилдетилген баада биздин ишкерлер тарабынан продуктуну түз сатып алуу, биргелешкен ишкана жана дистрибутивдик түйүн түзүү, – дейт Ибрагимов. – Мамлекеттик колдоо гана керек болот. СУАРдагы күн энергиясын пайдалануу тажрыйбасы таасир калтырат. Бул жерде ишмердиги күн жана шамал генераторлорун чыгарууга, ошондой эле альтернативдик булактардан иштөөчү жабдууларды жасап чыгарууга багытталган ишканалар көп. Күн чырактары менен көчөлөрдү жарык кылуу боюнча долбоорлор абдан кызыктырды. Биздин күнөстүү республика үчүн бул жөн эле табылга.

Ибрагимовдун айтымында, Үрүмчүдөгү Жогорку технологиялык өнөр жайын өнүктүрүүнүн улуттук аймагы (технопарк) бардыгынын көңүлүн бурду. Бул илимий-техникалык уюм жогорку технологияларды алга жылдыруу менен, интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу боюнча иш алып барат. Технопарк ошондой эле ИМди күрөөгө коюп кредиттерди алууда патент ээлерине жардам берет. Ушуга окшогон механизмдер бизде дагы иштелип чыгууда. Демек жакынкы келечекте биздин керектөөчүлөрдө ушундай жол менен банктык займдарды алууга мүмкүнчүлүк пайда болот. Андан тышкары, КЭРдеги практика көрсөткөндөй, бул механизм өлкөгө инвестицияларды тартуу үчүн эң мыкты курал болуп калышы мүмкүн.

Эльза КИМ.