Voltage Pictures кинокомпаниясы “Бороон башкаруучусу” аттуу фильминин продюссери торренттердин беш миң пайдалануучусун сотко берди, доо арызы Колумбия округунун сотуна 24-майда берилген деп кабарлайт Право.Ru.
Компания BitTorrent протоколун пайдалануу менен жалпы кирүү мүмкүндүгү үчүн интернетте “Бороон башкаруучусунун” көчүрмөсүн чыгарышкан пайдалануучуларга каршы доо арызын берди. Бирок, жоопкерлердин аттары али аныкталбагандыктан, доо арызында Voltage Pictures 5000 жашыруун пайдалануучулар жөнүндө айтат.
Өзүнүн доо арызында Voltage Pictures “торренттерде бир гана фильмди жайгаштыруунун өзү фильмди адамдардын чексиз санынын арасында көз ирмемде жайылтууга алып келиши мүмкүн” экендигин билдирет. Жакынкы убакыт ичинде компания интернет-провайдерлерге торрент-трекерлердин жардамы менен, “Бороон башкаруучусун” көчүрмөлөгөн пайдалануучулар жөнүндөгү маалыматтарды ачууну талап кылган эскертүү белгисин жөнөтөт.
Дареметтүү жоопкерлердин тизмесин алып, компания аларга сотко чейинки тартипте бузулуп жаткан автордук укуктарды жөнгө салуу сунушу менен кат жөнөтөт. Айып пулдун өлчөмү ар бир учурда бир жарым миң доллардан ашык сумманы түзүшү мүмкүн.
Сотто ишти караштырууда укук ээсине келтирилген зыяндын чоңдугу 150 миң долларды түзүшү мүмкүн. Анын ичине фильмди каракчылык жолу менен жайылтуудан тарткан чыгымдар, ошондой эле адвокаттарга жана башка чыгымдарга кеткен чыгымдар дагы кирет.
Буга кызыгуу “Бороон башкаруучусу” бүтүндөй 6 анын ичинде мыкты фильм жана мыкты режиссура үчүн “Оскарды” алгандан кийин пайда болду. Айтмакчы Киноакадемия сыйлык тапшыраар алдында фильм дагы бир соттук териштирүүгө дуушар болгондугу белгилүү болду. АКШ армиясынын сержанты Джеффри Сэрвер фильмдин мазмуну анын турмушуна негизденгендигин белгилөө менен, фильмдин продюссерлерин сотко берген.
