Москванын арбитраждык апелляциялык соту Teflon/”Тефлон” товардык белгисин пайдаланууга тыюу салган чечимге карата “Домтек” ЖЧКнын арызын кабыл алган жок. Мындай маалыматты Российское агентство правовой и судебной информации (РАПСИ)ге шилтеме берүү менен РИА Жаңылыктары 2010-жылдын 22-июнунда жайылтты.
РИАНдын кабарчысы Сергей Феклюнин кабарлагандай, Товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн эл аралык классификациясынын (үй-тиричилик же ашкана буюмдары жана идиш-аяк) 21-классындагы Teflon/”Тефлон” брендинин укук ээси болуп эсептелген E.I. du Pont Nemours and the Company (АКШ) компаниясы Москванын Арбитраждык сотунда – ашкана буюмдарын сатуучу “Домтек” ЖЧКдан жана “Пилот Лтд” ЖАКтан көрсөтүлгөн товардык белгини пайдаланууну токтотууну талап кылды.
Доогер ошондой эле өзүнүн өзгөчө укуктарын бузгандардын ар биринен 2,5 миллион рубльден кайтарып берүүнү суранган. Талаптардын негиздеринин далили катарында америкалык компания сотко жоопкерлер соода кылып жаткан – “Bierhof Teflon сковорода 24 Омлет”, “Bierhof Teflon Омлет 26”, “Bierhof Teflon сковорода 24 ”М-тибиндеги” товарлардын этикеткаларын көрсөткөн.
Жоопкерлер сотто “доогердин товардык белгиси ашкана буюмдарына эмес, түбүнө тарттыруудан сактагыч менен капталган идиштерге жайылтылгандыктан, товар окшош эместигин”, ошондуктан алар соода маркасынын укуктарын бузбагандыктарын далилдөөгө аркет кылышты.
Ошого карабастан кабарлоодо “сот тараптардын далилдерин кадимки керектөөчүнүн көз карашында баалап, жоопкерлердин товарларынын этикеткаларында жайгашкан доогердин каралып жаткан белгилери “албетте окшош, анткени ошол эле шрифте, ошол эле алфавитте, окшош тамгалар менен жазылгандыктан, сотко, доогердин товардык белгиси менен аралашып кеткен деңгээлге чейин окшош экендиги жөнүндө жыйынтык чыгарууга мүмкүндүк берди” деп айтылат.
Судья Андрей Чадов чечим чыгарды, анда жоопкерлерди доогердин өзгөчө укуктарын бузууну токтотууга милдеттендирди, ошондой эле “Домтек” ЖЧКсынан 500 миң рубль, “Пилот Лтд” ЖАКтан – 100 миң рубль компенсация кайтартып берди.
Апелляциялык инстанциянын соту бул чечимди күчүндө калтырды.
