• Кыргызча
  • Русский
Тай-чи боюнча адис “Панданын кунг-фусун” түзүүчүлөрдү уурулукта күнөөлөдү жана 1 миллион доллар компенсация талап кылууда
Жарыяланган күнү : 
03/06/2010

Тай-чи боюнча адис жана философ-сценарийчи Теренс Данн “Панданын кунг-фусун” түзүүчүлөрдү– DreamWorks Animation компаниясын уурулукта күнөөлөдү деп кабарлады The Hollywood Reporter ге шилтеме берүү менен Lenta.Ru.

Данндын айтуусу боюнча, 2001-жылдын ноябрында ал “кунг-фуну билген, жогорку духтук жөндөмдүүлүгү бар панда” жөнүндө мультфильм тартуу сунушу менен Ланс Янг компаниясынын аткаруучу продюссерине кайрылган. Мазмуну боюнча аны сыйкырдуу токойдо беш жырткыч – жолборс, кабылан, ажыдаар, жылан жана турна тарбиялайт. Фильмдин аягында панда бешилтикти башкарууга жана токойго жакын жайгашкан айылды сактап калууга тийиш (кимден сактоо керектиги такталган эмас).

Теренс Данндын билдиргенине караганда, узакка созулган сүйлөшүүлөрдөн кийин DreamWorks Animation компаниясы анын идеяларынан баш тартат, ал эми бир нече ай өткөн соң, өз алдынча “Панданын кунг-фусун” тартуга киришип, ал 2008-жылы экранга чыгарылган. Данн компаниядан бир миллион доллар компенсация талап кылууда.

Эске салсак, “Панданын кунг-фусу” прокатта жакшы натыйжаларды көрсөткөн: 130 миллион доллар бюджет менен фильм 630 миллиондон ашык доллар жыйнаган. Азыркы учурда экинчи сериясы иштелип чыгууда.

Булак:
 Lenta.Ru