• Кыргызча
  • Русский
Слово Кыргызстана: "Кыргызпатент: Өлкөнүн келечегине иштейбиз"
Жарыяланган күнү : 
16/06/2010

Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы (МИМК) эгемендүү Кыргызстанда Патенттик ведомство түзүлгөн күндүн 17 жылдыгын белгиледи

Кыргызпатенттин жамааты үчүн ведомствонун туулган күнү – бул өз ишинин жыйынтыгын чыгаруу үчүн жана биздин өлкөдө интеллектуалдык менчикти коргоодогу, өнүктүрүүдөгү жана натыйжалуу пайдалануудагы көйгөйлөргө дагы бир жолу коомчулуктун көңүлүн буруу. Бул мезгил ичинде интеллектуалдык менчик системасы өзүнүн өнүгүүсүндө кандай жолду басып өткөндүгү, веодмствонун алдында кандай милдеттер тургандыгы жөнүндө биз Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын директорунун милдетин аткаруучу Зина ИСАБАЕВА менен маек курдук.

Зина Беккелдиевна, Сиз Кыргызпатентте ал түзүлгөн күндөн тартып эмгектенесиз. Бүгүн Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы өзүнүн 17 жылдыгын белгилеп жатат. Интеллектуалдык менчикти коргоо чөйрөсүндө бул мезгил ичинде кандай өзгөрүүлөр болгондугу туурасында айтып берсеңиз.

– Бардыгы Илим жана жаңы технологиялар боюнча мамлекеттик комитеттин түзүмүндөгү Патент башкармалыгынын түзүлүшүнөн башталды. Ишти ченемдик документтерди иштеп чыгуудан баштаганбыз, анткени ал кезде республикада интеллектуалдык менчик жаатындагы укук мамилелерин жөнгө салуучу улуттук мыйзамдар жок болучу. Өнөр жай менчиги жана өтүнмөлөрдү берүү жөнүндө Убактылуу жобо иштеп чыктык. Өзүбүздүн тажрыйбабыз жетишсиз болгондуктан, Казакстандагы, Белорусиядагы, Россиядагы кесиптештерибизден үйрөнүү үчүн ал жактарга иш сапарларына барып окуп кечүбүз.

Бул жылдар ичиндеги эң башкы жетишкендик – интеллектуалдык менчиктин бардык объектилери боюнча мыйзамдык базанын калыптандырылышы болду, бул жөнүндө ушул тармактагы 14 мыйзамдын иштелип чыгышы жана кабыл алынышы, иштеп жаткан граждандык, кылмыштык кодекстер жана административдик жоопкерчилик жөнүндө ылайыктуу ченемдер күбөлөндүрүп турат. Кабыл алынган мыйзамдарга ылайык, интеллектуалдык менчиктин айрым бир объектилери боюнча мамилелерди жөнгө салуучу ар кандай жоболор жана эрежелер түрүндө жүздөн ашуун мыйзамга караштуу ченемдик актылар иштелип чыкты жана аракеттке киргизилди.

Ушул жылдар ичинде Кыргызпатенттин ыйгарым укуктары өнөр жай менчиги объектилеринен – ойлоп табуулардан, пайдалуу моделдерден, өнөр жай үлгүлөрүнөн, товардык белгилерден, интеллектуалдык менчиктин бардык чөйрөсүнө чейин кеңейди – булар автордук укук жана чектеш укуктар, селекциялык жетишкендиктер жана салттуу билимдер. Ошентип бүгүнкү күндө Кыргызпатент интеллектуалдык менчик маселелери боюнча мамлекеттик саясатты калыптандыруучу жана ишке ашыруучу мамлекеттик орган болуп эсептелет. Ведомствонун калыптануусуна кошулган зор салым Кыргызпатенттин биринчи жетекчиси Роман Оморвго таандык экендигин белгилеп кетүүгө тийишмин.

Интеллектуалдык менчиктин заманбап системасын карай жылуу жолундагы эң маанилүү баскыч Кыргызстандын БСУга кириши болуп калды. Ошол мезгилге интеллектуалдык менчик жөнүндөгү мыйзамдарга Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча Макулдашууда чагылдырылган, интеллектуалдык менчик укуктарынын коргоонун көлөмүнүн, пайдалануунун жана камсыз кылуунун бар болушуна карата стандарттар киргизилип калган болучу.

Биздин өлкө бүгүнкү күндө интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү эл аралык кызматташтык системасына активдүү жуурулушууда. Азыркы учурда Кыргыз Республикасы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ), Өсүмдүктөрдүн сорттору боюнча эл аралык союздун, Евразиялык патенттик уюмдун, Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин мүчөсү, интеллектуалдык менчик жаатындагы 22 көп тараптуу эл аралык келишимдердин катышуучусу болуп эсептелет. Өткөн жылдан баштап Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Кавказ, Борбордук Азия жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнүн топтору боюнча аймактык координатору болуп саналат.

Ошентип, Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти башкаруу системасы калыптануу этабынан өттү деп айтсак болот жана биз бүгүн өнүгүүнүн жаңы баскычында турабыз. Анткени мыйзамдык базаны калыптандыруу бир иш, ал эми бул системанын мындан ары натыйжалуу иштеши жана өнүгүүсүнө жетишүү башка иш. Эми биздин алдыбызда ИМ объектилерине коргоо берүү милдети гана турган жок – бүгүнкү күндө бул басып өтүлгөн этап. Биздин алдыбызда техникалык инновациялар, көркөм чыгармачылык жана интеллеткуалдык менчиктин башка чөйрөлөрү чыныгы өнүгүү ала турган чөйрөнү түзүү милдети турат. Мындай өзгөрүүлөрдүн натыйжалары, билимдерге негизденген экономиканын калыптандырылышы болуп калууга тийиш.

- Мунун зарылдыгы жөнүндө 90-жылдырдын ортосунан бери эле эң жогорку деңгээлдерде айтылып келе жатат. Ушул максатка карай алга жылууга эмнелер тоскоолдук кылууда?

– Биздин коомдо азыр тилекке каршы, өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүдөгү интеллектуалдык менчиктин маанисин түшүнүү жеткиликсиз. Мисалы, көпчүлүгү интеллектуалдык менчикти сактоо менен коргоону чаташтырышат. Укук ээсине коргоо документин – патент берүү – бир иш. Ал эми ойлоп табуулардын натыйжаларын, соода маркаларын, жаңы технологияларды, чыгармачылыктын натыйжаларын мыйзамсыз пайдалануудан сактай турган жана укук ээлерине дивиденддерди алып келе турган натыйжалуу системаны түзүү – таптакыр башка иш.

Өлкөбүздүн Конституциясында жеке анын ичинде интеллеткуалдык менчиктин кайсы болбосун түрүн коргоо боюнча милдеттенмелерди мамлекет өзүнө алат деп жазылган. Ошону менен бирге эле биз БСУга кирүү жана ар кандай эл аралык макулдашууларга кошулуу менен, эл аралык аренада дагы өзүбүзгө ылайыктуу милдеттенмелерди алдык.

Совет мезгилинде ар бир ишканада, көпчүлүк ИИИлерде өзүлөрүнүн патенттик бөлүмдөрү бар болгон. Демек ылайыгына жараша адистер–патент таануучулар патенттик маалыматтын жана патенттик издөөнүн негизин билгендер болушкан. Ошол маалымат өндүрүштө абдан жигердүү пайдаланылган. Муну менен ойлоп табуулардын өзүлөрү мамлекетке таандык болгон.

Новатордук иштелмелерди өздөштүрүү жөнүндө маселелерди чечүүдөгү башкы талап, алардын экономикалык натыйжасы болгон. Мисалы, совет мезгилинде булгары-тери иштетүү заводунда көрүнүктүү ойлоп табуучу А. Кривовязюк иштеген. Айтмакчы ал, 2001-жылы биринчилерден болуп Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Алтын медалын алган. Ошентип, анын ойлоп табуулары ал өзү иштеген ишканада өздөштүрүлгөн. Бүгүнкү күндө ойлоп табуучулар жалгыздап, ишкана менен байланышсыз иштешет жана натыйжалуулуктун эсеби дайыма жүргүзүлбөйт. Ал эми эгерде мындай эсептер жок болсо, ишкерге сенин идеяң ага пайда алып келээрин кантип далилдейсиң?

Кээ бир өнүккөн өлкөлөрдө, мисалы, Улуу Британияда, инновацияларды өздөштүрүү, аларды өндүрүшчүлөргө сатуу менен атайын коммерциялык борборлор иш алып барат. Өндүрүш процессин кайра куруулардын кайсынысы болбосун адегенде жоготууларга, кирешенин кыскаруусуна алып келээри жашыруун эмес. Ошондуктан, инновациялык экономикага багыт алган мамлекеттер соңку иштелмелерди өздөштүрүүчү ишканалар үчүн салыктык жеңилдиктерди караштырышат. Бул бизнес үчүн жана ойлоп табуучулар менен жаңы технологияларды иштеп чыгуучулар үчүн жакшы өбөлгө катары кызмат кылат.

Ата мекендик бизнестин көп өкүлдөрү биздин патенттк-техникалык китепканага келип, патенттик маалыматтан кабар алып турушат. Бирок бул жерде башка маселе турат: интеллектуалдык менчик ээлеринин укуктарын сактоо жөнүндө. Жакында эле гезиттердин биринен ишкерлердин пикирлери боюнча менчиктин кайсы түрлөрү кыйла көбүрөөк коргоону талап кыла тургандыгы жөнүндө кызыктуу маалыматты окуп калдым. Сурамжылоону Эл аралык иштиктүү кеңеш (ЭИК) жүргүзгөн экен. Биринчи орунга бизнесчилер кыймылсыз мүлктү, ал эми экинчи орунга – интеллектуалдык менчикти коюшуптур. Мени бул натыйжалар кубантты, анткени, бул бүгүнкү биздин коомдо экономиканы өнүктүрүүдө интеллектуалдык менчикти түшүнүү пайда боло баштагандыгын күбөлөндүрөт.

Өз мезгилинде Кыргызстанда “Интеллект” Мамлекеттик программасы кабыл алынган эле. Ал күтүлгөн натыйжаларды бердиби?

– Бир гана интеллектуалдык менчикти коргоо боюнча чаралар жетишсиздик кыла тургандыгы талашсыз. Инновациялык жана чыгармачылык ишмердиктин жыйынтыктарынын натыйжалуу пайдаланылышы, авторлорго киреше алып келиши жана өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө өбөлгө түзүүсү маанилүү. Бул үчүн өз мезгилинде 2000–2010-жылдарга КРнын интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүнүн “Интеллект” Мамлекеттик программасы иштелип чыккан.

Өз мезгили үчүн бул прогрессивдүү программа болгон жана ал Кыргызстандагы интеллектуалдык менчик системасынын калыптанышында жана өнүгүшүндө белгилүү ролду ойногон. Чыгармачыл жана илимий интеллигенциянын өкүлдөрү менен жигердүү кызматташтык башталып, ведомствонун алдында Авторлор кеңеши жана Ойлоп табуучулар кеңеши түзүлгөн.

Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фонду аркылуу инновациялык жана чыгармачылык ишмердикти колдоо системасы түзүлгөн. Эл аралык өнөктөштүк интенсивдүү өнүккөн. Балким ошол кезде кайсы бир иштерде биз өзүбүзгө өтө жогорку жоопкерчиликти алгандырбыз, ошентсе да негизинен “Интеллект” программасы тарабынан коюлган милдеттер аткарылды.

2010-жылдын мартында ИМ жаатында улуттук стратегияны иштеп чыгуу боюнча долбоорду ишке ашыруу башталды. Жаңы стратегия мурдагы программалардан жана ИМ жаатындагы стратегиядан эмнеси менен айырмалуу болот?

– Улуттук стратегия жөнүндө жетишээрлик кеңири айтылды. Бул жерде мен үч маселени көрүп турам. Биринчиден, бул ведомствонун өзүн өнүктүрүү. Бизди буга объективдүү себептер да түртүүдө, мисалы, маалыматтык технологиялардын өнүгүүсү. Дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө кагаз жүзүндө документ жүгүртүүдөн эбак баш тартышкан, товардык белгилерди каттоого өтүнмөлөрдү берүү жол-жоболору, патенттик издөө жана башка көптөгөн иштер Интернет аркылуу жүзөгө ашырылат. Өтүнмөлөрдү карап чыгуу процесстери ыкчамдашууда, эксперттөөнүн сапаты жогорулоодо. Кызыкдар болгон адамдардын эң кеңири чөйрөсү үчүн патенттик гана эмес, башка маалыматтарга кирүү мүмкүндүгүн камсыз кылуу абдан маанилүү. Бул дагы биздин ведомстводогу белгилүү бир жакшыртууларды талап кылат.

Андан кийинки негизги маселе – кадрларды даярдоо. Анын үстүнө биз патенттик ведомство үчүн гана эмес, интеллектуалдык менчикке байланышкан тигил же бул маселелер боюнча иш алып барууга туура келген өтө ар түрдүү структуралар үчүн да кадрларды даярдоого тийишпис. Бул ошол эле бажы кызматы, укук коргоо органдары жана соттор. Айтмакчы көптөгөн өлкөлөрдө интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү талаш-тартыштарды жана укук бузууларды карап чыгуу менен иш алып баруучу атайын адистештирилген патенттик соттор бар. Биз үчүн азыркы этапта бул албетте реалдуу эмес. Бирок, ушул тармакта жок дегенде адистешкен соттордун анча чоң эмес топторун даярдай баштасак жаман болбос эле. Бүгүнкү күндө ушул чөйрөдө мыйзам бузуулар жөнүндөгү иштерди карап чыгууда сот практикасында көйгөйлөр бар. Ал эми бир нече жыл мурда көпчүлүк учурларда судьялар эмне тууралуу сөз болуп жаткандыгын да толук түшүнө алышчу эмес.

Албетте Кыргызпатент өзү жалгыз бул маселени чече албайт. Бирок, биз соттордун эл аралык борборлордо окуудан өтүүсүнө өбөлгө түзө алабыз. Эгерде ушундай жол менен жок дегенде он чакты сотторду даярдай алсак, бул жакшы натыйжа болмок.

Дал ошондой эле ЖОЖ кызматкерлеринин арасында дагы интеллектуалдык менчик маселелерин түшүнгөн адистерди даярдоо керек. Алардын инновациялык иштелмелерди коммерциялаштыруу жана технологияларды өткөрүп берүү чөйрөсүндө билиминин бар болуусу абдан маанилүү. Дагы ошондой эле базар экономикасынын шарттарында товар деп эсептелген интеллектуалдык менчикти баалоо боюнча адистердин зарылдыгы курч сезилүүдө.

Башкача айтканда интеллектуалдык менчиктин пайдубалы орноп калган ушул этапта биздин алдыбызда идеялардын жана чыгармачылык инновациялардын базарын өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү иштери турат.

Маектешкен Эльвира МУРАТОВА.