• Кыргызча
  • Русский
Вечерний Бишкек: “Контрга каршы фактылар”
Жарыяланган күнү : 
16/06/2010

Жагдайды жакшы жагына өзгөртүүгө карата Кыргызпатенттин кызматкерлеринин көптөгөн күч-аракеттерине карабастан, Кыргызстанда контрафактылык продуктуларга жана автордук укуктун бузулушуна каршы күрөшүү практика жүзүндө нөлгө теңелип калды.

Бул туурасында Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын (МИМК) адистеринин журналисттер менен болгон жолугушуусунда сөз болду. Пикир алышууга катышкан МИМКнын директорунун милдетин аткарыуучу Зина Исабаева, директордун орун басары Данияр Сыдыков, бөлүмдөрдүн башчылары Тимур Адилов, Шамиль Аилчиев, Аскар Нажимудинов, ошондой эле патенттик бюронун жетекчиси Леонид Ким мамлекетти жана ошондой эле коомду кабатырланта турган көйгөйлөрдү ортого салышты.

Өлкө каракчылык продуктуларына, өзгөчө фильмдер жазылган дисктерге, программалык камсыз кылууларга толуп кеткендигин, баарыдан дагы адамдын ден-соолугу үчүн коркунучтуу товарлар кабатыр кыла тургандыгын белгилешти.

Адистер каракчылыкты түп тамырынан бери толук жоюуга мүмкүн эместигин, бирок бир топ төмөндөтүүгө боло тургандыгын айтышты. Мүшкүлдүн баары контролдоочу, укук коргоочу органдардынКыргызпатент менен бирдикте иш алып бара албай жана көпчүлүк учурда кесиптештер менен тил табыша албай жаткандыгында болуп жаткандыгын белгилешти. Ар бир структуранын көйгөйдү чечүүгө өбөлгө түзө албай жаткан өз милдеттери жана кызыкчылыктары бар.

Контрафактылык продуктулардын артында белгилүү бир күчтөр тургандыгы эч кимге жашыруун эмес, анын натыйжасында көптөгөн миллиондогон салыктар мамлекеттик казынаны четтеп өтүүдө. Мыйзамсыз продуктуларга каршы күрөшкө интеллектуалдык менчик ээлери өз салымдарын кошууга тийиш. Мыйзамсыз продукт менен лицензияланган продуктунун ортосундагы баада айырмачылык эң төмөнкү чекке чейин кыскарганда керектөөчү албетте сапаттуусун сатып алат.

МИМКнын мыйзам бузуучуларды жазалоого ыйгарым укугу жок экендигин белгилөө керек. Ал интеллектуалдык менчикти – ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, товардык белгилерди укуктук жактан коргоого милдеттүү.

2010-жылдын мартына Кыргызстанда ИМдин 50 миңден ашуун объектилери корголууда турат. Өткөн жылы инновацияларды патенттөөгө 150 өтүнмө келип түшкөн. МИМКнын планында – мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү, интеллектуалдык менчикти уурдоого каршы күрөшкө арналган иш-чараларды жана акцияларды өткөрүү ж.б. бар.

Эльза КИМ.

Булак:
Вечерний Бишкек