Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын башчысынын фигурасы көптөн бери коомдо кызыгууларды жаратып келет. Анын 7-апрелдеги окуялардан кийин кызматтан биротоло кетүүгө даяр экендигин жарыялагандыгы туурасында көп пикирлер айтылууда. Бүгүнкү интервьюсун ал өзүнүн акыркы сөзү деп эсептейт…
— Сиздин кызматтан биротоло кетүүгө даяр экендигиңиз жөнүндөгү билдирүүңүз ар түрдүү пикирлерди жаратты. Бирөөлөр чечкиндүү кадам деп эсептешти, экинчилери – мурдагы бийликке карата чыккынчылык деп чыгышты. Айткандарыңызга өкүнүп калган жоксузбу?
— Мен өзүмдүн айткан сөздөрүмдү эч качан танбайм. Өлкөгө кайтып келип иштей баштагандан бери эле мени 2005-жылы Бакиевди сындап жүрдү эле, эми кызмат берген соң башкача сайрап баштады деп жемелеп келишти. Ооба, мен “жоогазын” революциясынан кийин, бардыгы Бакиевди улуттун сактап калуучусу катары көрүп жатышканда gazeta.kg сайтында, кийинчерээк өзүмдүн интервьюларымда мекендештериме шайлоодо ага добуш берүү менен эң чоң жаңылыштык кылып жаткандыктарын түшүндүрүүгө аракет жасагамын. Бирок эл 2005-жылы жана 2009-жылы дагы ага добуш беришти. Ошондой эле мени жемеге алгандар өз учурунда бул адамдын өлкөнүн лидери болуп калышына көп күч аракет жумшашты.
Бакиев мени өз командасына экинчи мөөнөткө аны шайлоого даярдыктар жүрүп жаткан мезгилде чакырган. Ага оппозицияга калыстыгын көрсөтүү жана бийликтеги өзүнө жакындардын бекем катарын жаңы адамдар менен толуктоо керек болгон. Балким демократиялык декорацияларды түзүү үчүн менин талапкерлигим ылайык келип калса керек. Жаңы бийликке карата менде эч кандай иллюзиялар болгон эмес. Бирок бул сунуштан мен өз өлкөмө пайдалуу иш кылууга мүмкүндүк болуп тургандыгын көрдүм. Ишенип коюңуздар, көп жылдар бою чет өлкөдө жашап жана ал мезгил ичинде Турцияда, АКШда, Евросоюзда мамлекеттик жана коомдук институттар кандай иштешээрин көргөн адам үчүн, бул чындыгында кызыктырарлык сунуш эмеспи.
Мен өзүмө – батыштын башкаруу стандарты боюнча иштей турган жана кызматкерлери татыктуу эмгек акы алып иштей турган үлгүлүү мамлекеттик ведомство түзүү максатын койдум.
“Кыргызпатент” бюджеттен каражат албастан өз алдынча иштеп акча тапкандыгын эске алганда, бул толук ишке ашырууга мүмкүн нерсе. Жашырбайм: мага бул башталыштарда чектелбеген ыйгарым укуктарды беришти, анын үстүнө интеллектуалдык мүлк Үй-бүлө кызыкчылыгынын чөйрөсүнө кирген эмес.
— Бирок сиз айланада эмне болуп жаткандыгын көрүп турдуңузбу?
— Кайталап коеюн: башынан эле менде эч кандай иллюзиялар болгон эмес. Бирок, бул өлкөдө ушул биздин тарйбализмибиз менен, алыстан келген, байланыштары жок адамга эң жогорку деңгээлдеги колдоочулуксуз өз идеяларын турмушка ашыруу мүмкүн болмок эмес. Бир нече жолу бардыгын таштап АКШга кайтып кетким келди. Биринчи жолу Медет Садыркуловдун табышмактуу өлүмүнөн кийин кетким келди: анын кокустук эмес экендиги айдан ачык болду. Андан кийин – шайлоо астында, бийлик кандай ыплас технологияларды колдоноорун көргөндө. Бирок баштаган ишимди ара жолдо таштап баса бере алган жокмун, анын үстүнө мага ишенич көрсөткөн пикирлештердин командасы түзүлө баштады. Менин резонанстык түйүндүк долбоорлорум (Gazeta.Kg, Kyrgyz.Us, Akaevu. Net) боюнча мени унутпаган жакынкы чет өлкөдөгү жаш кыргызстандыктар дагы колдоп турушту. Алар мага, эгерде бул жерде алардын билимдери керек болсо, мага окшоп Кыргызстанга келүүгө даяр экендиктери жөнүндө жазышты. Ошондуктан мен калып,саясаттан обочолонуп, ишти уланта бердим.
— Сиз саясый бомонддордун өкүлдөрүнүн арасынан биринчилерден болуп убактылуу өкмөттү колдоо жөнүндө билдирдиңиз. Кээ бирлери муну жаңы багытка өтө калуу деп эсептешти…
— Мен убактылуу өкмөттү колдоо жөнүндө билдирүүнү жана Бакиевди президенттик ыйгарым укуктарын өткөрүп берүүгө чакырууну кырдаал кандай болуп кетээрин эч ким алдын ала айта албай турган учурда эле жасагам. Бул чакырык чын дилимден чыкты. Бийликтин өз жарандарына каршы ок атышы эч бир нерсе менен актала албайт. Андан дагы шаар капсалаңга учурап бейтапканалар жарадар болгондорго толуп жаткан учурда Курманбек Салиевич “Эхо Москвы” радиосу аркылуу коомчулуктун көз алдында өзүн куралдуу төңкөрүштүн курмандыгы катары көрсөтүүгө аракеттенди. Мен мындай учурда оозумду басып отура алмак эмесмин. Ошондуктан Роза Отунбаева аркылуу жаңы өкмөттү колдогондугумду билдирдим. Убактылуу өкмөттүн башка мүчөлөрүнө чынымды айтсам көз карашым бир жактуу эмес. Ошондуктан бар үмүтүбүз Роза айымдын адамдык жана профессионалдык сапаттарында. Эгерде убактылуу өкмөт консолидациялана алса, эгерде өз аракеттерин сын көз карашта баалай алса жана өз дарегине айтылган сынды кабыл ала билсе, анда бизде мурдагы каталарыбызды оңдоого мүмкүндүк болот.
Мен үчүн бийликте ким тургандыгы эмес, менин өз өлкөмө кандай пайда алып келе ала тургандыгым маанилүү. Кыргызстандын бардык жарандары менен бирге азыркы болуп жаткан окуяларга кабатырлануу менен көз салып турам. Аттиң, эч кандай революция биздин элди трайбализмден, жактоочулуктан жана мыйзамдарга тоотпостук менен мамиле жасоодон арылта албайт окшойт. Ошентсе да бүгүн бизге болуп көрбөгөндөй саясый оптимизм керек. Ал эйфорияга өсүп жетпесе эле болду.
— Ошентип сиздин иштен биротоло кетишиңиз жөнүндө маселе эми эмне болот?
— Анчалык эч нерсе деле болбойт. Бейкүнөө адамдар Бакиев тарабынан атылгандан кийин, мен ошол эле замат кызматтан биротоло кетүүгө даяр экендигимди жана ушул кызмат орунун ээлөөгө моралдык укугум жок экендигин билдирдим. Бирок иштен мени эч ким алган жок жана мен жоопкерчиликте болгон мекемени эмне болсоң ошо бол деп таштап кетпедим. Убактылуу өкмөт бул маселени чечмейинче жетекчилик милдетимди аткара берем.
Креслого тырмышууга ниетим жок, ишти өткөр деген адамга жөн гана өткөрүп берем. Бир гана, ара жолго таштоого мажбур болгон олуттуу реформалар аянычтуу. Кайсы олуттуу чиновник болбосун мунун бардыгы мамлекеттин жана Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматынын кызыкчылыгы үчүн жасалганын көрөт. Ошондой, мага кызмат оруну эмес, аягына чыкпай калган иштер аянычтуу. Жаңы начальник эстафетанын таякчасын ийгилик менен марага чейин жеткирет деп үмүттөнөм.
Андрей ОРЕШКИН.
Булак:
Вечерний Бишкек
