Ачык сүйлөгөн, эч нерседен тайманбаган бул жигит менен бир айдай иштешип калдым. Жөнөкөй, бирок эч кимге сөз бербеген оргу-баргы кыялы бар экен. Бир жолу өзүнө чакырып, элди мендей адамдар башкарыш керек деген кыязда бир топ акыл-насааттарын угуп унчуккан эмесмин. Көрсө, бүгүнкү күнү калкты ушундай эр-азаматтар башкарышы мезгил талабы экен. Жүрүм-турумун, жасаган иштерин карап, саяк окшойт дегендер бар. Бирок, анын теги Карабалта тараптагы Жетиген уруусуна барып такалат.
Мекенчил. өз элинин патриоту. Элибизде бир жакшы кеп бар: «Атадан үч уул туулат. Атадан артык уул, атага теў уул, атадан кем уул. Артык уул ата даўкын элге жайылтат. Тең уулу атасынын жолун улап эл ичинде жүрөт. Кем уул, ата баркын түшүрөт» дешет. «Аккан арыктан суу агат» демекчи, атасынын арбагын көтөрүп, калкка кызмат кылсам деген азаматтардын бири. Жазмыш деген ушу экен, Мелисбек Оморов бу турмуштан эрте кетти. Атаганат, азыр көзү тирүү болгондо ушундай уулдуу болгонуна сыймыктанбайт беле. Кыскасы, төрт тилде эркин сүйлөп, азыркы заманбап технологиянын куралын кылдат пайдалана билген жетекчилердин бири Улан Мелисбектин бейнесин окурмандарга азыноолак ачып берели деген тилек менен төмөндөгү макаланы сунуштап турубуз…
Алгачкы атактын келиши
2005-жылы Улан Мелисбек жетектеген бир катар сайттар - www.kyrgyz.us, www.gazeta.kg, www.akaevu.net деген саясатка тиешелүү долбоорлор кыска мөөнөттүн ичинде калк арасында бир топ белгилүү болгон. Алгач ачылган сайттар Тойгонбаевдин программисттери тарабынан “атаканын” астында калып, акыркы www.akaevu.net деген сайты ынкылаптын алдында бир күн мурун 23-мартта ачылган эле. Ошондо бирөө да “Улан Мелисбек ушундай ресурс ача кал” деген көрсөтмө берген эмес. Кандайдыр бир ички туюм менен сайт ачуу чынында эрдик эле. Анткени, ошол учурда бир катар интернеттеги сайттар жабылып калган болчу. Ал убакта У.Мелисбек ошондогу оппозициянын позициясын жактап маалымат берип турду. Ошентип, ал маалымат согушун б.а. Акаев, Тойгонбаев жактарды утуп алганын азыркылардын эсинде да жок…
«Биз титулдук улут болгондон кийин “жок дегенде сайттар кыргызча болуш керек” деген ураанды учурунда Улан Мелисбек туура көтөргөн. Жыйынтыгы жаман болгон жок. Азыр интернетке баш багып киргенде Кыргызстандын Президенти менен Кыргызпатенттин сайты гана кыргыз тилинде ачылат. Бул да болсо У.Мелисбектин эмгеги. Анын бул демилгесин башка мамлекеттик органдардын жетекчилери колдоп кетсе жакшы болбойт эле?….
Сын жана жоопкерчилик жөнүндө
Ал мамлекеттик кызматкерлерди курч сындагандан тажабайт. Эч нерседен тайманбайт. «Мен өзү мамлекеттик кызматкерлери курч сынга салып келген кишимин. Бирок сынга салуу оңой экен. Азыр мына мен мамлекеттик кызматкер болгондон кийин муну түшүнүп, жоопкерчилигин сезип жатамын» (У.Мелисбек). Мунун күбөсү катары өткөн айлардагы «Ак Жол» фракциясынын Жогорку Кеўештеги депутаттары Кыргызпатенттин башчысы Улан Мелисбектин «Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндөгү» мыйзамын» талкуулашын айтсак болот.
Анда эл өкүлдөрү анын парламенттеги жүрүм-турумун жана прессадагы айткандарын эстешти. Кайым айтышуулардын катышуучуларынын сөзүн угуп отурган адамга Жогорку Кеўеш Жогорку Сотко айлангандай сезилет. Мыйзам боюнча бар болгону 2 гана суроо болгону парламенттин баркын кетирбейби?
Баракелде, парламент!.
Фракциянын жыйынында депутаттар Г.Дербишева А.Каримов тарабынан көтөрүлгөн мыйзамды борбордук гезиттердин бирине жарыяланган «Смешной телефон» деген макалада У.Мелисбек «болбогон нерсе» деп атаганын билдирген. Парламентарий айымдын айтымында, депуттардын демилгесине түшүндүрмө бергенде мамлекеттик кызматтагы чиновник абайлап сүйлөп, абайлап макала жазыш зарыл, дегеле бул жетекчинин айтканы ага барк алып келбейт деген кинеси суу кечпей калды. Анткени буга жооп кылып У.Мелисбек анын оозун эч ким тыя албастыгын кыйытып, «Мен эч качан атуулдук позициямды жаап-жашырган эмесмин. Газетадагы макала бул менин инсандык жеке пикирим. Депутаттардын сунуш кылынган мыйзам долбоору же профессионалдык ишмердүүлүгүмө тиешелүү бардык суроолоруна жооп берүүгө даярмын» деген маданияттуу жообун узатты. «Мен эл тарабынан шайланган депутаттарды сыйлайм, бирок, кээ бир депуттардын кемчилигин көрсөм, аны жашырып кое албайм. Бул деген депутаттардын алдына чыгып жооп берип калам дегенди билдирбейт. Кээ бир министрлер менен ведомстволордун жетекчилери сыяктуу оозума талкан сугунуп алгансып унчукпай коркуп отура албайм. Эгерде мен мындай жол менен иштесем, андан көрө кызматымды таштап баса бергенди эп көрөт элем. Анткени мен эч качан кызматка жабышкан эмесмин», - деп «Ак жолчулардын» оозун аппак кылды.
Чынында Улан Мелисбектин эл өкүлдөрүн сындаганга акысы жокпу? Ал деген Америкадан келип, Кыргызстанга жаштар бийликти кантип башкарат деген үлгүнү көрсөтүп жаткан кыргыздын кыраан жигиттеринин бири эмеспи. Колдон келсе мындай адамдардын этегине намаз окуш керек.
Депутат Д.Молдошева газетадагы макалада Кыргызпатенттин башчысы Улан Мелисбектин колу турганын баса белгиледи. Депутат Н.Молдобаев өкмөттүн, Президенттин жана Премьер-министрдин ыйгарымдуу өкүлдөрүнө, депутаттар менен кызматташуунун ордуна дайыма ар кандай сөздөрдү айткан чиновниктин жүрүм-турумуна өздөрүнүн баасын берүүсүн суранды. Кептин ачыгы «Ак жолчулардын» алдына келип бүжүрөгөн көптөгөн жетекчилерге У.Мелисбектин мындай позициясы үлгү болоорлук таризде. Буга жеке эле мен эмес көптөгөн адамдар ыраазы болушту. Жигит болбосоў кое кал! Ар ким атуулдук баркын сакташ керек да…
Кызмат колдун кири
«Мен креслого жабышып калбайм!» - деп ушуну менен эл алдына үч жолу жарыя кылды. «У.Мелисбек жумуштан кетсин»,- деп жер сабаган киши деле жок. Патенттин алдында пикетчилер деле көрүнбөйт. Кыргызпатентти өз билгендей башкарып, кызматкерлерин «жашартып», кан алмашуу каалагандай жүрүп жатат. Айрым кызматкерлер жылуу жеринен козголуп, Кыргызпатенттин келечеги үчүн квартиларды оўдоп-түзөп жаткан кези. Эч кимдин алы жетпеген имарат маселесин да чечти. Мунун баары мактоого арзырлык. Бирок, иши жылышып, ити чөп жеп жаткан кырдаалда, неге мынча коомчулукка кайра-кайра «кызматты таштап баса берем» деген жарыяларын жаадырат? Чыныгы жигиттер жигин билгизбей эле кете беришет эмеспи. Бул жагын түшүнбөй калдык…
Жазган мыйзамы шыр өттү
У. Мелисбек тарабынан сунушталган «Автордук укук жана чектеш укуктар тууралуу» Мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө мыйзамдын долбоору депутаттар тарабынан биринчи окулушунда кабыл алынганы дагы ал башкарып жаткан кызматкерлеринин жогорку профессионалдуулукта иш аткараарынан кабар берет.
Бул окуядан көп өтпөй У.Мелисбектин «Вечерний Бишкек» гезитине «Депутат умом богат?» (15.02.2010.4 стр под рубрикой «реакция») аттуу макаласы жарык көргөн. Анда депуттар корпусу министрлер кабинетинин ишине кедерги болуп жатканы айтылат. Сөздөрүнүн көбү көчө ушагынан деўгээлинде. «Автордук укук жана чектеш укуктар тууралуу» мыйзам боюнча мага берилген 20 суроодон 2 гана суроо документтин өзүнө тиешелүү болду. Министр же мамагенттиктин директорунун иши чачтан көп, ар бир секунда эсептелүү. Айла жок, сааттап болбогон нерселерди парламент мүчөлөрүнө түшүндүрүп берүүгө мажбур болот. Мырзалардын, чиновниктердин жиликтеп шишке сайып, өз абройлорун көтөргөндөн башка кылаар иштери жокпу? «Неприкосновенность дает чувство собственной значимости и безнаказанности. Потому можно капризничать, обижаться, и открыто сводить счеты сказать что угодно, кому угодно - наказания не последует». Мына ушундай макаладан соў, Улан Мелисбектин айткандарына кошулбаган киши болбостур. Бир ашыкча эч нерсе жок. Болгону болгондой. Бул бүгүнкү сиз менен биз жашап жаткан коомдун азыркы абалы.
Бу жигит мекенчил
«Батыш социологдорунун айтымына караганда, кыргыз тилине окшогон тилдер 50 жылда жоголуп кетет экен. Буга далилдер көп. Анткени мындай абал Бишкектин көчөлөрүнөн эле көрүнөт. Орус тилинен түздөн-түз которулган сөздөр көп. Мисалы, кыргыз эртең менен турат да кечке чейин канча сөз колдонот? Көп болсо 15-20 сөз, андан ашпайт, кыскасы кыргыз тили жагынан “дудук”. Кыргызча -саясат жөнүндө ушак айтуу, күнүмдүк сөздөр. Биздин тил ушуну менен гана чектелет. Ал эми кайсы бир тармак боюнча пикир алышканда орусчадан которуп сүйлөшөт. Анткени биздин “маңкурт” башыбыз орус тилине, маданиятына ийилип калган. Тилекке каршы, бул чоң бир трагедия. Кыргыз тилинин тагдырына опурталдуу коркунучту туудурган жагдайга карата мамлекеттик сектор кыймылда болуш керек» деген Улан Мелисбектин кабарчыга берген жообунан эле анын эне тилге болгон мамилеси байкалат. Биздин көптөгөн жалган мекенчилдерден, «ооз көптүрмө кыргыз тилинин күйөрмандарынан» айырмаланып, анын айтканы менен иши айкалышып жаткандыгында, анан кимди мекенчил деп айтабыз?
Элден жашынган жетекчи да жетекчиби?
«Мамлекеттик ишмерлер элден алыстап, дубалга жашынбай, тескерисинче, элге жакын, ачык болушу керек», - деген принципти туу туткан У.Мелисбек жаңы кызматка келген күндөрү эл менен жолугушам деп, ким кирем десе кабыл ала берди эле, эми эл аягы сээлдеп, орчунду маселелер менен кайрылгандарды кабыл алып калган кези. Дегинкиси Кыргызстандын чыгармачыл адамдар менен иш алып барган Кыргызпатентке акча сураганы да, колдоо сураганы да көп келет. Ар бирин өзүнчө көйгөйү бар. Баарын сыдыргыга салгандай чечип коюуга мүмкүн эмес. Ошентсе да жаш жетекчи өз принциби менен иштерди алга жылдырууда. Кыргызпатент илимий-техникалык орган, мыйзамга таянып ишин жүргүзөт. Кептин ачыгы, Кыргызстанга Улан Мелисбектей жаш кадрлар керек. Келечек ушулардын колунда. Кыргыз элинин тагдырын бир нукка салып кете турган мына ушундай жигиттер көбүрөөк болсо эч кандай кризис элди коркута албайт.
Сапалкан АРИПОВ
Аалам, 18.03.2010, № 9
