Кыргызстандын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы 2009-жылы автордук сый акыларды төлөп берүү үчүн үч миллион сомго жакын акча чогулткан. Бул жөнүндө «КАБАР» Маалымат агенттигинин кабарчысына жогоруда аталган мекеменин пресс-кызматынын жетекчиси Людмила Павлович кабарлайт.
Анын айтымында, бул сумма ар жыл сайын 10-15 пайызга өсүүдө. Чогултулган автордук чыгармалардын жалпы санынын 50 пайызы – ата мекендик жана 50 пайызы – чет өлкөлүк.
Л.Павлович, бүгүнкү күндө кыргызстандык авторлордун 500дөн ашууну автордук укуктарды башкаруу боюнча өздөрүнүн ыйгарым укуктарын өткөрүп берүү жөнүндө Кыргызпатент менен келишим түзүштү. «Россиялык кесиптештердикине караганда ата мекендик аткаруучулардын автордук сый акыларынын өлчөмдөрү байкалаарлык аз, атап айтканда, 100 сом жана 15 миң сомдук катышта болушу мүмкүн». – деп кошумчалады ал.
Мекеменин пресс-кызматынын жетекчиси ошондой эле, совет мезгилинде чыгармачылыл адамдардын ылайыктуу сый акыларды алуулары үчүн кам көрүүчү автордук укуктар боюнча Бүткүл союздук агенттик иштегендигин, бирок, өз алдынча мамлекеттик орган Кыргызпатент пайда болгондон кийин, бул маселелер толук өлчөмдө каралбай келе жаткандыгын белгиледи. «Бүгүнкү күндө республикада азырынча мындай бирикме жок болгондуктан, авторлор өз укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктарын Кыргызпатентке өткөрүп беришет, ал үчүн алардын мүлктүк укуктарын башкарууга атайын келишим түзүшөт», – деп сөзүн аяктады Л.Павлович.
(М.Рыскелдиева)
Булак:
КНИА ”Кабар”

