• Кыргызча
  • Русский
Акипресс: "Интеллектуалдык менчик боюнча улуттук стратегияны ийгиликтүү ишке ашыруу Кыргызстандын өзүнө көз каранды, – ИМБДУнун өкүлү”
Жарыяланган күнү : 
05/03/2010

Кыргызстанда интеллектуалдык менчиктин (ИМ) укук ээлеринин укуктарын коргоо жана ИМ жана инновациялар боюнча улуттук стратегияны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн өлкө өзүнүн күч аракеттерин жумшоого тийиш, деп айтты ИМдин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) өкүлү Михаил Свантнер.

«Кабар» КУМАда 5-мартта болуп өткөн пресс-конференцияда чыгып сүйлөө менен, ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн башчысы М.Свантнер ИМ боюнча Улуттук стратегиянын жоболорун ишке ашыруу үчүн, ошондой эле, текшерүүчү жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери, инспекторлору жана “ал тургай санитарлары” дагы күч аракет жумшоосу зарыл деп айтты.

ИМБДУнун өкүлдөрү жана эл аралык эксперттер Кыргызстанга Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын башчысы Улан Мелисбектин чакыруусу боюнча, улуттук стратегияны иштеп чыгууга жардам берүү үчүн келишти.

Ушул маселе боюнча 2-мартта Бишкекте КРнын Бажы кызматынын имаратында ИМБДУнун, Кыргызпатенттин, бажы кызматынын, финансы полициясынын, тышкы иштер мамлекеттик министрлигинин, ӨИИБАнын өкүлдөрүнүн, сот системасынын жана бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен “тегерек стол” болду.

Булак:
ИА ”Акипресс”