Интернет аркылуу лицензияланбаган, каракчылык продуктуларды жайылтуу көйгөйү жалгыз Кыргызстан үчүн гана эмес, бүтүндөй дүйнө үчүн абдан татаал көйгөй болуп эсептелээрин 5-мартта «Кабар» КУМАда болгон пресс-конференцияда Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) көз карандысыз кеңешчиси Рон Маршан айтты.
Англиянын патенттик ведомствосунун мурдагы башчысы Р.Маршан суроолорго жооп берүү менен, «Торрент-сервистер» жөнүндө айтып, ушул кезде Улуу Британиянын парламентинде Интернете ишмердүүлүктү жөнгө салуучу мыйзам долбоору иштелип чыгып жаткандыгына токтолду. Мыйзам долбоорунда ошондой эле контрафактылык продуктуларды жайылтууга тиешелүү маселелер караштырылган.
Р.Маршан азыркы учурда Англияда каракчылык продуктуларды жайылтуу булагын кармаган учурда, укук ээси же ведомство таркатуу жүрүп жаткан Интернет-кызматынын провайдерине кайрылат. Андан ары укук бузуучу анын компьютеринен «кандайдыр бир түшүнүксүз» лицензияланбаган нерсенин жайылтылып жаткандыгы жөнүндө кабардар болушу мүмкүн.
Эгерде жайылтуу токтотулбаса, мындай учурда Интернет каналын тарытууга же ал тургай өчүрүп салууга санкция берилиши мүмкүн. Андан тышкары каракчылык продуктуну жайылтуучуга кылмыш жазасы дагы колдонулушу мүмкүн, деп айтты ал.
ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн башчысы Михал Свантнер мындай деди: «Интернетте каракчылык продуктуну жайылтуу маселеси адамзаттын келечеги үчүн абдан маанилүү. Эгерде биз келечекте бул маселе боюнча келишүүлөргө бара албасак, анда келечекте искусствону жана илимди өнүктүрүүдө коркунуч болот».
Source:
Акипресс