Бүгүн, Кыргызстандын Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча улуттук стратегиясын иштеп чыгуу жөнүндө маселелерди талкуулоо менен, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн директору Михаил Свантнер, интеллектуалдык менчик жаатындагы Улуттук стратегия Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүүгө өбөлгө түзөт деп билдирди.
Анын айтымына караганда, ИМБДУ – бул, Бириккен Улуттар Уюмунун системасында турган, интеллектуалдык менчик, өнөр жай жана автордук укуктар боюнча эл аралык ченемдерди алга жылдырууга адистештирилген уюм: «Бул уюм Эл аралык келишимдерди башкарууга жооп берет жана бүгүнкү күндө ИМБДУнун курамына 184 өлкө кирет».
Көз карандысыз кеңешчи Рон Маршан, марттын башында башталган, алар аркылуу жүрүп жаткан эл аралык эксперттердин визитинин жүрүшүндө мамлекеттик министрликтердин жана ведомстволордун, чыгармачыл союздардын, ЖОЖдордун, ошондой эле юридикалык компаниялардын жана бизнес-структуралардын өкүлдөрү менен жолугушуулар өткөрүлгөндүгүн белгиледи: «Бул жолугушуулардын максаты интеллектуалдык менчикке тиешелүү маселелерди талкуулоо болду».
М.Свантнер, дүйнөлүк экономика каатчылыгынын залалдары эң өнүккөн өнөр жайлуу өлкөлөрдүн жонунда жатат деп кошумчалады. Көптөгөн өлкөлөр бул маселеге керектүү деңгээлде көңүл бура башташты, ошонун натыйжасында финансылык каатчылыкка карабастан, алардын экономикасы өнүгө баштады: «Дүйнөлүк практикада интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча маселелер талап кылына баштагандыгы байкалууда».
«Интеллектуалдык менчик боюнча улуттук стратегияны өнүктүрүүнүн өзү, дал ошол Кыргызстандын экономикасын жана чарбасын өнүктүрүү үчүн өнөр жайлык жана автордук укуктарды пайдалануу, ошондой эле аймактык жана эл аралык планда экономиканы, өндүрүштү жана тышкы соода жүгүртүүнү көтөрүүгө жетишүү үчүн бул ресурстарды стратегиялык колдонуу маселелеринин контексинде турат. Ушул пункттар стратегиянын негизги кыймылдаткычтары болуп эсептелет», – деп айтты М.Свантнер.
(Э.Айыпова).
