Кыргызстанда митаамдыктын жаңы түрү өнүгүүдө. Көп өлкөлөрдө буга окшогондорду нонсенс катары эсептешмек, ал эми бизде болсо буга эч ким таң калып да койбойт.
Уурдоо жана «көбөйтүү»
Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын жетекчилиги белгилегендей, 2004-жылы эле кайсы бир шылуун адамдар байып кетүүнүн өзүнчө бир ыкмасын ойлоп таап алышкан. Ал товардык белгилерди коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдардын кээ бир жагдайларына байланыштуу. Белгилүү болгондой, эгерде дүйнөдө белгилүү бир аталыш менен товардык белги катталган болсо, анда ушундайдын экинчиси болууга мүмкүн эмес жана бул маркадагы продукция корголууга тийиш.
— Биздин республикада болуп жаткандар жеке мен үчүн таң калыштуудай сезилет, – деп «Вечеркага» Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбек айтып берди. – Жакында болуп өткөн бир окуя буга далил. Кытайдын Chigo фирмасынын кондиционерлерин көптөрү билишет – негизинен ал арзан болгондуктан сатып алуучулардын суроо-талаптары арбын. Жакында бир укук нонсенси болду – кыргызстандын кайсы бир ЖЧКсы КРнын аймагында Chigo белгисин каттоого өтүнмө бериптир. Биз албетте текшердик: мындай бренд мурдатан бар жана аны кайталоого болбойт. Бирок ушул этапта эң түшүнүксүз нерсе башталат.
Чиновниктин айтымында схема эң эле жөнөкөй жана мыкты иштелген. ЖЧК Кыргызстандын аймагында белгилүү товардык белгини жоюу талабы менен сотко доо арызын берет. Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын юристтери болгон күч аракеттери менен далилдөөгө аракеттенишет: мындай өтүнүчтү канааттандыруу үчүн Фемидада негиз дагы, шарт дагы жок. Бирок көпчүлүк учурда иш чет өлкөлүк өндүрүшчүлөрдүн кызыкчылыгын коргогон мамлекеттик ведомствонун утулушу менен аяктайт.
— Эгерде чет өлкөлүк фирманын товардык белгиси ушундай мыйзамсыз жол менен жергиликтүү шылуундардын колуна түшсө, анда алар ушул Chigoнун товарларын Кыргызстанга өткөрбөөгө, аларды бажыда кармоого автоматтык түрдө укук алышыт, – деп түшүндүрдү Улан Мелисбек. – Башкача айтканда биздин өлкө соодалык өнөктөшүн, ал эми чет өлкөлүк фирма болсо – сатуунун чоң базарын жоготот. Мен КРда эч кандай негизсиз товардык белгини жоюу – нонсенс экендигин айтпай эле коеюн. Катардагы керектөөчүнүн дагы укуктары бузулат – мындан ары ал товар тандоодо бул марканы потенциалдуу алуу катары кароо мүмкүндүгүнөн ажырайт.
Кыргызпатенттин башчысынын пикири боюнча, бүтүндөй жол-жобонун кадимки шантаждоо максаты бар. Эртедир кечтир КРда соода кылуу укугун жоготкон өндүрүүчү муну өзүнө кайтарып алууга аракет жасайт. Бул үчүн бренддин жаңы ээси менен сүйлөшүүлөр столуна отурууга туура келет. Ал болсо тоголок суммага товардык белгиге карата укукту сатып алууну сунуштайт. Же башка шарт коет: кыргызстандагы ЖЧКны өндүрүүчүнүн Кыргызстандагы расмий дистрибьютору кылып дайындоо жөнүндө, бул көп кирешеге алып барат.
— Мыйзамдар иштеген өлкөлөрдө соттор алардын канондору боюнча катуу иштешет, Фемида бренддин ээсинин укугун коргоо менен, доо арызын жөн гана четке кагат болчу, – деп сөзүн улады Улан Мелисбек. – Биздин юристерибиз сурамдар жөнүндө билер замат, бир эле учурда сотто анын укуктарын коргоо менен, чыныгы укук ээси менен байланышууга аракетенишет. Бирок фирмалар чет өлкөлүк, ошондуктан, чет тилде иштин жагдайын түшүндүрүү ж.б. үчүн ээсин издөөдө бир топ кыйынчылыктар бар. Ушул жагдай боюнча биз ал тургай Кыргызстандагы КЭРдин элчилигине дагы кайрылып көрдүк, бирок кытайча Жаңы жыл майрамын белгилөөгө байланыштуу жазмыштын бир кечигүүсү өкүм сүрүп туруп алды. Өндүрүүчү мындай өзгөчө окуя жөнүндө өтө кеч укту – анын товардык белгиси эми КРнын аймагында башка кимдир бирөөгө таандык болуп калат.
Кызарууга туура келбейби?
Улан Мелисбектин айтуусунда, акыркы беш жыл ичинде мындай окуялар бир топ болуп кетти. Бирөөнүн товардык белгисин жоюп жана андан ары өзүнө тариздеп алуу иши менен максаттуу иш жүргүзүүчү бир топ компаниялар түзүлгөн. Ар бир жолу Кыргызпатенттин юристтери болуп жаткан окуянын мыйзамсыздыгын далилдөө менен, ар кайсы инстанциялар боюнча алпурушуп, бирок соттор кандайдыр бир себептер менен алардын каршылаштары тарапка токтошкон.
— Куулук кылуунун бул түрүнүн ал тургай расмий аныктамасы дагы жок, ал эми интернет-даректерди басып алуу чөйрөсүндө мындайларды киберсквоттинг деп атап коюшат, – деп белгиледи Улан Мелисбек. – Фемиданын калыстыгысыз мындай көрүнүштүн болушу дегеле мүмкүн болмок эмес. Көпчүлүк учурда мыйзам кызматчылары белгисиз себептер менен бардык жалпы кабыл алынган ченемдерге каршы келүүчү чечимдерди кабыл алышат. Мисалга алсак, Раrlament деген аталыштагы төрт окшош товардык белгилер таптакыр ар түрдүү болгон юридикалык жактарга катталган. Соттор дагы деле, жогорку инстанцияга чейин, ушундай укуктук нонсенстерди колдошот. Мен мындай прецедентттерди брендге карата басып алуучулук деп атоого батынмакмын.
Кыргызпатентте буга окшогондорду улуттук гана эмес эл аралык мыйзамдарга дагы каршы келет деп эсептешет. Белгилүү болгондой биздин өлкө БСУга мүчө болуп эсептелет жана бул уюмдун алкагындагы макулдашууларга кол коюлгандарды сактоого милдеттүү. Андан тышкары, Кыргызстан Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмуна (ИМБДУ) дагы кирет, бул дагы бизге олуттуу милдеттенмелерди жүктөйт.
— Айтмакчы, эгерде ошол эле Chigo компаниясы абдан чоң жана таасирдүү болсо, эки өлкөнүн ИИМдери аркылуу дипломатиялык каналдар боюнча өз кызыкчылыктарын коргойт, биз тараптан болгон мындай мыйзам бузуулар кыргыз–кытай мамилелерине тескери таасирин тийгизүүсү мүмкүн, – деп эсептейт Кыргызпатенттин башчысы. – Эгерде жапа чеккен тарап өз укуктарын коргоо үчүн БСУга же ИМБДУга кайрылса, мындай учурда, ушундай ылайыксыз натыйжага алып келген соттордун мыйзамсыз аракеттери үчүн Кыргызстандын жетекчилигине абдан кызарууга туура келет. Экономикалык санкциялар түрүндө мүмкүн болгон жазаны айтпаганда эле биз эл аралык аренада жүзүбүздү жоготобуз. Эртедир кечтир чатак чыгат, маселе мөөнөттө гана.
Андрей ОРЕШКИН.
Сүрөт Роман БЯХОВдуку.
P.S.Жакында Жогорку сот Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын активдүү каршылыгына карабастан КРнын аймагында Chigo товардык белгисин каттоону баары бир жоюп салды. Ал эми ушуга жетишкен компания брендди биздин өлкөдө калыбына келтирүүгө өтүнмө берүүгө укуктуу, бирок, эми өз канатынын астында.
Булак:
Вечерний Бишкек
Булак:
Вечерний Бишкек
Алакалуу макалалар:
ИА ”Акипресс”
