• Кыргызча
  • Русский
МСН: "Интеллектуалдык стратегия"
Жарыяланган күнү : 
05/03/2010

Кыргызстан КМШда биринчи болуп Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) менен өнөктөштүктө Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууга киришет. Анын өкүлдөрү республика менен таанышып, анын мүмкүнчүлүктөрүн жана келечегин баалоо үчүн, ушул жумада Бишкеке келишти. Келүүнүн биринчи эле күнүндө ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн директору Михал Свантнер жана эксперт, Улуу Британиянын патентик ведомствосунун мурдагы башчысы, өз өлкөсү үчүн ушундай стратегиянын иштеп чыгуучусу Рон Маршан биздин гезитке эксклюзивдүү интервью беришти.

- Кыргызстанга жаңы стратегия эмне үчүн керек, ал коомго эмне берет?

Рон Маршан: - Азырынча адисттердин жайылтылбаган гана бөлүгүн кызыктырган интеллектуалдык менчик (ИМ) маселелери коммерция дүйнөсүнө жана өнөр жай өндүрүшүнө жайылышы үчүн ушундай продукт зарыл. Эгерде интеллектуалдык менчикти коргоо тармагындагы көйгөйлөргө көңүл бурулбаса, анда силердин базарыңарды чет өлкөлүк укук ээлери басып алышы мүмкүн. Стратегия ИМди пайдалануудан түшкөн кирешени кыргызстандык ойлоп табуучулардын, өндүрүүчүлөрдүн жана жергиликтүү калктын алуусуна багытталган.

Михаил Свантнер: - Кыргызстанда иштеп жаткан «Интеллект» программасы 10 жыл мурда иштелип чыккан, бул мезгил ичинде эл аралык коомчулуктар бай тажрыйба топтошту. Өткөөл экономикадагы, силердин өлкөгө окшогондор, инновациялык жана ойлоп табуучулук ишмердүүлүктү, экономикалык өнүгүүнү, бизнести шыктандырууну, эл аралык сооданы алга жылдырууда жеке өзүнүн стратегиясына ээ болуусу керек.

- Сиздин көз карашыңызда автордук укуктарды же соода маркаларын тышкы оюнчулардын кысымынан коргоо чөйрөсүндөгү бүгүнкү жагдай кандай?

Маршан: - Мен Кыргызстан боюнча эксперт болуп эсептелбейм, ошентсе дагы мен иштөөгө туура келген өткөөл экономикадагы көп өлкөлөрдө жергиликтүү өндүрүштөр интеллектуалдык менчикти оптималдуу пайдалануу үчүн ыңгайлашкан эместигин белгилегим келет. Ошондуктан азыр сөз мыйзамдарды түзүү жөнүндө гана эмес, укуктарды колдонуу практикасы жөнүндө дагы жүрүп жатат.

Свантнер: - Кошумчалай кетейин, мыйзамдар планында сиздердин өлкөңүздөр эң сонун ийгиликтерге жетишкен. Укук базасынын сапаты жогорку деңгээлде. Жергиликтүү мыйзамдарды эл аралык ченемдерге жана келишимдерге эриш-аркак келтирүүгө жетишүү үчүн эң чоң күч аракеттер жумшалган. Эми дагы бир кадам алга шилтөө керек – мыйзамдар иштеп, стратегиялык ыкма пайда болууга, жергиликтүү бизнестин өнүгүүсүн шыктандыра турган интеллектуалдык менчиктин алдында ушундай шарттар түзүлүүгө тийиш.

- Алдыдагы иштердин жол-жоболору жөнүндө айтып берсеңиз.

Маршан: - Кайсы жакты көздөй илгерилеп, кайсы багытта иштөө керектигин түшүнүү үчүн, баарыдан мурда ИМ жаатында өлкө өнүгүүнүн кайсы этабында экендигин билүү зарыл. Ушул суроолорго жооп берүү менен гана эмне иш кылуу керектигин аныктоого болот.

- Кыргызстандыктар тарабында эмнеге умтулуу керектиги жөнүндө өзүлөрүнүн белгилүү бир көрө билүүлөрү, өздөрүнүн даярдыктары бар. Кайсы болбосун стратегия колдо бар болгон бир нерседен башталат эмеспи.

Свантнер:
- Туура. Биз аны иштеп чыгуунун үстүндө чогуу иштейбиз, бирок бул кандайдыр бир жаңы нерсени жаратуу дегенди билдирбейт. Биздин милдет –бардык кызыкдар болгон тараптар – өкмөт, адистештирилген агенттиктер, илимий-изилдөө чөйрөлөрүнүн, бизнестин өкүлдөрү бул көйгөйдү теңчиликте талкуулоо үчүн кызматташуунун платформасын түзүүгө жардам берүү. Басып өткөн жолду талдоо программалык документтин негизи болуп калат, б.а. силерде жашап жаткан ИМ чөйрөсүндөгү бардык жетишкендиктерди камтуу менен, жаңы стратегияны куралы деп жатабыз.

Чет өлкөлүк эксперттерди тартуунун эсебинен эле ишке жөндөмдүү стратегияны түзүүгө мүмкүн эмес. Кыргызстандын кызыкдар чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү негизги кыймылдаткыч болуп калган шартта гана ийгиликке жетүүгө болот. Биз өзүбүз тараптан башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы менен бөлүшүүгө, методологиясын сунуштоого жана биздин кеңештерибизди берүүгө даярбыз. Биз ал тургай башка өлкөлөрдө эмнелер ишке ашпай калгандыгынын мисалдарын дагы келтире алабыз.

Маршан: - Бизди ар кандай мамлекеттик структуралардын, бизнестин, илимдин, ЖОЖдук коомдоштуктардын жетекчилери менен боло турган жолугушуулар күтүүдө. Биз иштин жагдайын байкаштырып көрөлү деп жатабыз. Биз Кыргызпатентке биздин байкоолорубузду жана баалоолорубузду кабарлайбыз. Ал эми чечимди – кыргыз тарап өзү кабыл алат.

- Сиз ушул сыяктуу стратегияларды ишке ашыруудагы ийгиликсиз болуп калган мисалдарды айттыңыз. Ишке ашпай калуунун себептери эмнеде болгон?

Свантнер: - Стратегия жакшы, ал эми ишке ашыруу жаман болгон. Мындайлар, ИМди өнүктүрүүнүн маанисин өлкөдөгү катышуучу жактардын айрымдары жакшы түшүнбөй калган учурда болгон. Бир учурларда процесске өндүрүшчүлөр экинчи бир учурда парламентарийлер жетишээрлик даражада тартылбай калган. Бүтүндөй системанын бузулушуна ушул чынжырдын ичинен бир эле звенонун түшүп калуусу жетишээрлик болот эмеспи. Мындай болбос үчүн, ийгиликтин жана натыйжалуулуктун талаптарынын бири, иштеп чыгууга салым кошо тургандардын бардыгы менен конструктивдүү консультативдик сүйлөшүүлөр болуп калууга тийиш. Булар интеллектуалдык менчик боюнча адистер, патенттик ишенимдүү өкүлдөр, ишкерлер жана эмне үчүн инновацияга каражат салуу керектигин жана эмне үчүн инновацияларды шыктандыруу керектигин түшүнүшү керек болгон финансылык чөйрөнүн өкүлдөрү.

Маршан: - Эң негизгиси – каалоо, саясый эрктин болушу. Бүгүн мен Өнүктүрүү жана инновациялар боюнча борбордук агенттик бул демилгени колдоп жаткандыгын билдим. Ийгиликке жетүүнүн дагы бир шарты – чыныгы турмушка шайкеш мамиле. Эгерде силер билип туруп жетишүүгө мүмкүн болбогон максаттарды койсоңор, анда албетте, үмүттү үзүп коюуга болот.

- Мисалы, стратегия иштелип чыкты жана кабыл алынды деп коелук. Бардык тараптар аны колдошту. Бирок биздин өлкө үчүн бул макулдашылган аракеттердин кепилдиги эмес. Белгилүү бир административдик ресурсту иштетүүгө болобу?

Свантнер: - Биздин методологиянын өзү процесстин туюк болуусун болжоштурат. Бул деген, стратегияда кандайча ишке ашыруу, эмнеге негиздөө керектиги боюнча кеңештерди гана камтылбастан, аны кандайча коштоо керектиги, аралыктагы узак мезгилдүү баалоону кандайча жүргүзүү керектиги, ишке ашырууга ким жооптуу боло тургандыгы, ийгиликтин талаптары, бул баалоолорду ким жана кайсы этаптарда жүргүзүүгө тийиш экендиги жөнүндөгү сунуштар дагы камтылышы керек дегенди билдирет. Ошентип, биз өз артынан автоматтык түрдө өздөштүрүү, байкоо жүргүзүү процессин жана аралыктык натыйжаларды үзгүлтүксүз баалоону алып келүүчү механизмди коебуз.

Стратегия өлкөнүн премьер-министри же президенти тарабынан бекитилиши мүмкүн. Бирок, бардык белгиленгендерди турмушка ашыруу үчүн ошол дагы жетишсиздик кылышы мүмкүн. Анын ийгиликтүү ишке ашуусуна кепилдик берүүчү факторлордун бири – процесске ММКнын өкүлдөрүнүн катышуусу.

- Сиздер кеңеш берүүчүлөр катары чыгуудасыңар, ал эми негизги ишти Кыргызпатент аткарат. Бирок анын статусу анчалык бийик эмес, министрликтер дагы бар. Кыргызпатентте бардык ведомстволор менен иштеше ала тургандай кошумча ыйгарым укуктар барбы?

Свантнер: - Силер негизгилердин бири болуп эсептелген абдан маанилүү маселени козгоп жатасыңар. Бул ролду мыйзамдык системага ылайык аныктоо зарыл. Бирок жалпы катчылык болууга тийиш. Жаңы милдет – Кыргызпатент үчүн бере койгон тартуу эмес, анткени ал абдан көп ресурстарды талап кылат. Товардык белгилер, өтүнмөлөр жана патенттер боюнча өзүнүн ишинен тышкары ал стратегиянын өнүктүрүү процессин тейлөөгө тийиш. Бирок биз ага жардам беребиз. Бардык өлкөлөрдө бул роль патентик ведомстволорго жүктөлөт.

Маршан: - Эгерде бардык жоопкерчилик Кыргызпатентке жүктөлсө, бул жетишсиздик кылат. Улуу Британияда стратегиянын үстүндө иштегенимде мен министр менен иштешкем. Кыргызстанда бул ӨИИБА болушу мүмкүн.

- Экономикалык каатчылык бардык өлкөлөргө, анын ичинде биздин өлкөгө дагы жетти. Адамдар бир кесим нанга кантип акча табуу керектигин ойлоп жаткан учурда интеллектуалдык менчикти коргоо жөнүндө маселени биз коюп жаткандыгыбыз өз убагында болуп жатабы?

Свантнер: - Экономикалык өнүктүрүү максаттарында интеллектуалдык менчикти пайдалануу дал ошол кризистик жагдайларда бир топ динамикалуу болот. Өткөөл экономикадагы өлкөлөр үчүн бул алдыга кадам таштоонун мүмкүндүгү. Экономикалык өнүктүрүү максаттарында интеллектуалдык менчикти пайдалануу Кытайда жана Индияда байкоого мүмкүн болгон натыйжаларды сөзсүз берет.

Маршан:
- Бардык өкмөттөр өз элин кантип багууну ойлойт, бирок бул стратегияларды даярдоо жолунда токтотпойт, анткени бул келечекке болгон көз караш. Биз инновациялык нерселерди жасашыбыз керек жана биздин ишибиздин жемиши дал ошондой болооруна мен үмүттөнөм.

Лариса ЛИ.
Булак:
МСН
Source:
 МСН