• Кыргызча
  • Русский
«24.kg» МА: Эл аралык уюм Кыргызстанга интеллектуалдык менчик боюнча Улуттук стратегияны иштеп чыгууга каражат бөлөт.
Жарыяланган күнү : 
02/03/2010

Эл аралык уюм Кыргызстанга интеллектуалдык менчик боюнча Улуттук стратегияны иштеп чыгууга каражат бөлөт. Бул жөнүндө бүгүн журналисттерге берген интервьюсунда Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбек кабарлады.

Анын айтымында, Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму бул программаны финансылоону толугу менен өзүнө алды. Бирок, Улан Мелисбек бул долбоордун алкагында канча каражат бөлүнө тургандыгын тактаган жок.
«Азыркы күндө Интеллетктуалдык менчик мамлекеттик кызматы анын негизинде иштеп жаткан «Интеллект» программасы 2010-жылы ишин аяктайт, ал эми жаңысы болсо жыл ичинде иштелип чыгат. Ал бизге бүгүнкү турмуш чындыгын эске алуу менен иштөөгө мүмкүндүк берет», – деп белгиледи Улан Мелисбек.