• Кыргызча
  • Русский
Акипресс: "Кыргызпатент ИМБДУ менен бирдикте интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгат"
Жарыяланган күнү : 
25/02/2010

Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө Интеллектуалдык менчик тармагында улуттук стратегияны иштеп чыгууда жардам көрсөтөт. Бул боюнча ылайыктуу келишүүлөргө өткөн жылдын күзүндө ИМБДУнун Өкмөттөр аралык комитетинин 15-сессиясынын алкагында Женевада болгон Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору менен ИМБДУнун Генералдык директору Фрэнсис Гарринин жолугушуусу учурунда жетишилген болчу, бул жөнүндө мекеменин пресс-кызматы кабарлады.

Кыргызстан мурдагы советтик мейкиндикте биринчилерден болуп ушул багытта ИМБДУ менен иштеп баштайт. Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуунун биринчи баалоо этабынын алкагында Бишкекке ИМБДУнун көз карандысыз кеңешчиси, Британиянын интеллектуалдык менчик боюнча ведомствосунун мурдагы башчысы Рон Маршан, ошондой эле ИМБДУнун өкүлдөрү: Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн директору Михал Свантнер жана ошол бөлүмдүн кызматкери Александр Матвеевдер келишет. Алар интеллектуалдык менчикке тиешелүү маселелерди талкуулоо максаттарында мамлекеттик мекемелердин, чыгармачыл союздардын, ЖОЖдордун, юридикалык компаниялардын, бизнес-структуралардын өкүлдөрү менен жолугушат.

ИМ жаатында стратегияны иштеп чыгуу боюнча колдонмодо”: “ИМ стратегиясы белгилүү бир даражада, ылайыктуу өлкөлөргө белгилүү бир милдеттенмелерди жүктөп коюуусу ыктымал болгон эл аралык жана аймактык ченемдер менен аныкталса дагы, ал толугу менен таңууланууга же сыртта өздөштүрүлүүгө мүмкүн эмес. Өлкөнүн өзү гана, анын конкреттүү шарттарына жооп берүүчү деталдуу стратегияны иштеп чыгып, турмуш жүзүндө натыйжаларга жетишүүгө зарыл болгон ресурстарды бөлүп берип, андан соң стратегияны ишке ашыруу боюнча практикалык кадамдарды кабыл ала тургандыгын белгилөө керек”. -деп айтылат.