Кыргызпатент Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгууга киришүүдө. Бул иште ага Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) эксперттери жардам беришет.
Кийинки жумада Бишкекке эл аралык уюмдун консультанттар тобу келет, алар бир жума ичинде өлкөнү – анын географиялык абалын, саясый жана экономикалык жагдайын, маданиятынын жана илиминин абалын ж.б. изилдешет. Ал эми конокторду тоолуу республика менен жакшыраак тааныштыруу үчүн, өлкөнүн жетекчилиги, министрлер, интеллигенция өкүлдөрү, коомчулук жана ММК ж.б. менен жолугушуулардын тыкыр графиги түзүлдү.
- Кыргызпатент он жыл ичинде «Интеллект» программасы боюнча иштеген, ал жыл аягында бүтөт, – деп “МСН”ге айтып берди Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директорунун орун басары Данияр Сыдыков. – Өткөн күздө биздин директорубуз Улан Мелисбек Женевада ИМБДУнун башчысы Фрэнсис Гарри менен жолугушуп, бүткүл дүйнөлүк уюмдун адистери Кыргызстанга Улуттук стратегияны иштеп чыгууда жардам берип, мындай жардамды өз убагында алар Индияга жана Кытайга берген сыяктуу методологиялары жана тажрыйбалары менен бөлүшө тургандыгы туурасында макулдашкан.
Бул өлкөлөр бүгүн бүткүл дүйнөгө адамдын тиричилик аракетинин ар түрдүү тармактарында, анын ичинде чыгармачылык, интеллектуалдык менчик сыяктуу тармактарда инновацияларды өздөштүрүүгө пландуу мамилени көрсөтүшүүдө. Андан тышкары, мамлекеттин стратегиясын ишке ашырууга бюджеттен алынуучу каражаттарды аянышпайт. Биз Индия менен КЭР кандай ийгиликтерге жетишкендигин көрүп турабыз.
Стратегиялык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Зина Исабаеванын айтымында, Кыргызпатенттин эксперттеринин жана ИМБДУнун кеңешчилеринин иши бир нече багыттарда жүргүзүлөт. Негизгилери, автордук укуктарга коргоо берүү, мамлекеттик патентик фондду калыптандыруу, соттук жана укук коргоо органдарынын кызматкерлерин окутуу, аларды бул тармакта колдонулуп жаткан эл аралык ченемдер менен тааныштыруу жана башкалар болуп эсептелет.
Кыргызпатенттегилер моюнга алып отургандай, азырынча бул чоң жана биргелешкен кыйын ишке алдын ала болжолдоолор гана, марага келүү жылдын аягына пландаштырылууда. Стратегиянын бардык маанилүү жоболору кеңири коомчулуктун талкуусуна коюлмакчы. Жаңы программа канча мөөнөткө эсептелээрин, ал кандай мүнөздү алып жүрөөрүн – концептуалдык же аткарууга милдеттүү боло тургандыгын бүгүн айтууга эч ким батына элек. Көп нерселер ИМБДУнун эксперттеринин баалоосуна жана сунуштарына жараша болот.
Патенттик мекемедегилер, бүткүл дүйнөлүк уюм биз менен ыктыярдуу жана кайтарымсыз негизде кызматташууга принципиалдуу макулдугун берип тургандыгынын өзү маанилүү факт, анын ушунчалык бай интеллектуалдык даремети болгондуктан, стратегия сөзсүз ишке ашат деп эсептешет.
Лариса ЛИ.
Булак:
МСН