• Кыргызча
  • Русский
Жазуучу айым Джоан Роулинг уурулук жөнүндө соттук доо боюнча жоопкер болуп калды
Жарыяланган күнү : 
18/02/2010

Жазуучу айым Джоан Роулинг уурулук жөнүндө соттук доо боюнча жоопкер болуп калды
Британия жазуучусу Эдриан Джейкобстун мураскерлери жазуучу айым Джоан Роулингдин үстүнөн сотко доо арызын беришкендигин Associated Press кабарлайт. Доогерлер «Гарри Поттер жана от кубогу» аттуу китептин сюжетинин элементтери Джейкобстун «Сыйкырчы Виллинин жоруктары номер биринчи: каардуу жер» (The Adventures of Willy the Wizard. - No 1 Livid Land, 1987) аттуу китебинен өздөштүрүлүп алынгандыгын белгилешүүдө.

2009-жылдын июнунда мураскерлер Лондон сотуна Bloomsbury Publishing PLC басмасынын үстүнөн доо арызын беришкен, 17-февралда жоопкерлердин тизмесине Роулингдин аты кошумчаланган. Жазуучунун Австралияда жашоочу мураскерлери мурда мөөнөтү өтүп кеткендигине байланыштуу жазуучу айымдын өзүн соттоо мүмкүндүгүн өткөрүп жибердик деп эсептеп келишкен, бирок эми бул андай эмес экендигин такташты.

Джейкобс 1997-жылы өлгөн, ал эми «От кубогу» 2000-жылы чыккан. Доогерлер эки жазуучу тең бир адабий агенттин кызмат көрсөтүүлөрүнөн пайдаланышкан: ошентип Роулинг жазуучу Джейкобстун китеби тууралуу билген деп эсептешет. Бирок, жазуучу айым мурда Джейкобс жөнүндө эч качан укпагандыгын билдирүү менен, уурулукта күнөөлөөнү четке каккан болучу.

Bloomsbury басмасы июнда Роулингдин дарегине айтылып жаткан күнөөлөөлөр негизсиз, далилсиз жана чындыксыз болуп эсептелээрин билдирген. Басманын маалыматтары боюнча, Джейкобстун мураскерлери 2004-жылы каршылык менен кайрылышкан, бирок, анда Гарри Поттер жөнүндөгү китептин текстинен уурдалган фрагменттерди көрсөтө алышкан эмес.
Эми Джейкобстун мураскерлери Поттер жөнүндөгү фильмдерде, ошондой эле жакын арада Флоридада ачыла турган көңүл ачуучу тематикалык паркта алардын автордук укуктары бузулбагандыгын текшерүүгө убада беришүүдө.

2002-жылы Роулингди, “Гарри Поттердин” авторун уурулукта соттоо үчүн жазуучу айым Нэнси Стоффер дагы аракет кылган. Ошондо дагы сот Роулингдин тарабында болгон.

Булак:
Lenta.Ru
Source:
 Lenta.Ru