Маалыматчы-дизайнчы Виктор Харченко кыргыз тилинде мобильдүү телефон жасады. Жаңы телефон үч миңге жакын сөздөрдү камтыйт. Ойлоп табуучунун айтуусуна караганда, ал биздин өлкөгө жаңы маалыматтык коомдоштукка активдүү жуурулушууга жардам берет.
Виктордо мындай трубканы түзүү идеясы соталык байланыштын сервистик бөлүмүндө иштеп жүргөн кезинде пайда болгон. Бул жакка республиканын алыскы райондорунан келишкен адамдар көп кайрылышаар эле. Борборго келгенде мезгил шарына ыкчам аралашуу үчүн алар мобильдик телефондорду алышат. Бирок, эңсеп жүрүп жеткен оокатты кантип пайдаланышты биле алышпайт.
Телефондун менюсу салттуу түрдө орус же англис тилинде жазылуу болот эмеспи. Эреже катары алыстан келген абоненттер эки тилде тең эч нерсе түшүнө алышпай кыйналышат. Ошондо Виктор: ушул сыяктуу кардарлар үчүн телефонду кыргыз тилиндеги нускама менен жабдып өзүнчө бир мобильдик лингвистикалык курс орнотуп коюуга эмнеге болбосун деген ойго келет.
— Бул идеяны турмушка ашыруу үчүн мен адистигим боюнча архитектор болсом дагы программалоону изилдей баштадым, – дейт Виктор.–Мага жаңы тилдик ресурс менен телефон жаратуу кызыктуу болду. Натыйжада телефон дагы пайда болду, бул жерде бардыгы – үндүк коштоодон тартып графикалык кооздоого чейин – ата мекендик материалда жасалды.
Буюм чынында эле оригиналдуу. Трубканы күйгүзгөндө чыгуучу салттуу сүрөттүн ордуна – шамалга желбиреп тургансыган кыргыздын улуттук желегинин анимирленген сүрөттөлүшү чыгат. Ал эми салттуу чакырык музыканын ордуна – Кыргызстандын гимни жаңырат. Бул модель үчүн музыканы жана сүрөттөрдү Виктор өзү тандаган, ошондуктан тандоо – эксклюзивдүү.
— Мен биздин жергебиздин табиятына абдан кумарланамын жана көптөгөн башка нерселер менен катар фотосүрөттөр менен алектенем. Менин автордук коллекциямда бир топ кызыктуу сүрөттөр бар ошолордон телефонго «көктөдүм», бул менин өзгөчө сыймыгым. Бул жерде жалаң гана тоолуу пейзаждар эмес, борбордогу ажайып кооз жайлар да бар. Архитектор катары мени имараттардын алды жагын, өзгөчө биздин борбордун рухун сактап турган эски имараттарды тартып алуу кызыктырат. Мындайча айтканда ушул фотосүрөттөр боюнча шаарда багыт алууга болот, бул телефондун дагы бир милдети, – дейт шыктануу менен ойлоп табуучу.
Ал эми рингтондорду тандоодо ал башка ыкманы колдонгон. Ар кандай жаш курактагы топтордун арасында өзүнчө бир социологиялык изилдөө жүргүзгөн жана ата мекендик хиттердин «мыкты ондугун» тапкан. Мекендештер тарабынан эң көп суралуучу мелодиялар ошол эле замат мобильдик телефондо орун алган.
Жаш новатордун идеясын лингвистика жана маалыматтык технологиялар тармагынын чебер адистери колдоого алышты. Ишке кирерден мурда Виктор өзүнүн өзгөчө планын жергиликтүү программачылар жана лингвисттер менен талкуулады, алар соталык телефондун программасында камтылган бардык терминдердин жана аталыштардын котормосун жасап чыгышты.
Амалия БЕНЛИЯН.
http://members.vb.kg/2010/02/15/rechi/2.html