• English
  • Кыргызча
  • Русский
Санавардын сан арал ырлары
Жарыяланган күнү : 
19/02/2010

Санавар Сайпидинованын жакында (2009-жылы) «Калабалуу дүйнө» аттуу ырлар жыйнагы жарык көрдү. Китепти Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы интеллектуалдык менчиктин Мамлекеттик фонду чыгарган. Бул жагынан «Кыргызпатент» жалпы эле чыгармачыл жаштарга жападан жалгыз демөөрчү болуп келе жатканын айта кетүүбүз абзел.

Санавар жана сан арал деп атаган, Санавардын ар бири өзүнчө бир көркөм аралдары элестетип тургандай туюлат мага. Албетте кеп жаратылыш жөнүндө эмес, жан дүйнөнүн аралы жөнүндө.

«Таалайдын тактысына алып барчу,
Тазалык, кагылайын жашыңды аарчы».

64 беттен турган жыйнактан ырлардын негизги идеясын ушул эки сап кандайдыр бир деңгээлде чагылдырып турат десем болот.

Көнүлгө түшүп көлөкө,
Көөнөрүп турам мен өтө.
Калабалуу дүйнө экен,
Каалабай турган бөлөккө.

Санавардын ырларында сырткы дүйнөнү же жаратылышты сүрөттөгөн саптар жок. Өмүр өлүм, аруучулук, тазалык, түбөлүктүүлүк жөнүндөгү ойлорго жык толгон. Ал ар бир сапка маани берет. Жолон Мамытов айткандай «Акындык аңды-дөңдү уйкаштырып, ааламдан алдап өтүп кетүү эмес» экендигин эн жакшы түшүнөт. Эгерде ар бир жаш акын сөзгө ушундай мамиле жасаса, сөзсүз ийгиликтерге жетмекпиз.

Тандап алып бурганагын агымдын,
Чабалактап бар алынча жанымдын.
Өксүү менен өргө тарттым боорумду,
Келбей такыр толкундарга багынмын.

Анын ойлору да, мүнөзү да толкундарга багынбаганына ушул китепти толук окуп чыккан окурман түшүнөт.

Өчкөн оттун чындык кайра жанбасы,
Өлбөстүктүн кайда деги пардасы?
Жакшы ойлонуп тандаар элем бар болсо,
Жашоонун же жаралбоонун айласы.

Бул саптар «жандырмаксыз суроолор» деген ырдан үзүндү. Жарык дүйнөгө келүүнүн өзү философия. Райкан айткандай: «Туулдуң калдын балаага». Өмүр өлүм жөнүндө акындар жер шаары жаралгандан бери жазып келет. Бирок Санавардын жашоонун же жаралбоонун айласын издегени жаңыча ой жүгүртүүдөн кабар берет.

Аз болсо да жазганымдын ченеми,
Аттиң ырдын болсом жетик чебери.
Ар бир сабы ырларымдын замзадай,
Жандандырса өлүп жаткан денени.

Поэзияга ушундай аруу тилек менен аттануунун өзү жогорку баага татыктуу деп ойлойм.
 Же

Көзүңдүн ыйлаганынан,
Көңүлдүн ыйы оор тура.
Көөдөндү кыйнаган улам,
Көмүскө арман толтура.

Жамалың жууган көз жаштан,
Жаныңдан сызган жаш кыйын.
Жүзүмдү сүртсөм из кетээр,
Жүрөктү кантип аарчыйын.

Бирок канткени менен жүрөктү аарчый турган керемет нерсе бар. Ал Санавардын мөлтүр булак болуп сызылып аккан поэзиясы. Санавар, сан аралдарды элестеткен саптарды жарата бер.
Китептин калабалуу дүйнө деп аталганы көп нерсени айтып турат. Санавар жаш болсо да саптарында кээде сексен, токсонго чыккан турмуштун өйдө-ылдый жолдорун басып өткөн карынын көз караштары байкалат. Бирок ырлары шыңгырап аккан тунук булакты элестетет. Ал бир дагы сабынын жүк көтөрбөй жайдак «төө» болуп басканына жол бербейт.

Талдай издеп ыр сонунун жарыктан,
Таңды атырып кээ күн көздү талыткан.
Таразадай олку-солку нук менен,
Таштан күндөр агат көңүл карыткан.
«Талант, кызмат, турмуш, окуу… Башка ой:»
«Таалайымы табам кайсы багыттан?»

Бул ыр 1999-жылы жазылган экен. Албетте ар бир таланттын ушундай арасат ойлорго кабылган учурлары болот. Ал талаайын поэзиядан табаарын эн жакшы түшүнөт. Эгерде түшүнбөсө калемин карс сындырып, адырдын ары жагындагы жай турмушту беттеп басып кетмек. Санавар жан дүйнөсүндө буркан-шаркан түшкөн бороонду окурмандан жаап жашырбайт. Буга мисал катары анын «Таңды күтүп тосомун» аттуу ырын толук сунштагым келип турат.

Жүргөн менен жаздай жайнап сыртыман,
Жүрөктө муң, көзүмдөгү күн туман.
Жаздыгыма жаткан бойдон, аттиң ай,
Жайрап кайра турбай калсам уйкуман.

Отуз ашып калган менен ордум ээн,
Оттой чакта суу чачкандай болдум мен.
Төө көтөргүс сана басып төбөмдөн,
Төгөрөккө төгүлө албай, толдум мен.

Турмуш курсам тутанган жок очогум,
Тулку боюм тушалгандай бошодум.
Түндү түйшүк түгөтчүдөй каршы алып,
Таңды түтөп, тургум келбей тосомун.


Кечиктим мен… бардыгынан кечиктим,
Кеч күздө да сыртындамын эшиктин.
Алга айткандай болот турат тагдырың,
Айткан менен «ана-мына» дешип миң

Ыр чындыктын перзенти. Муну жан дүйнөнүн чыңырыгы деп коюшса болот. Калпка толгон бир ыр китептен көрө ушундай бир ыр бийик, жогору турат. Анткени ал окурманды алдап, азгырбайт.

Карбалас Бакиров,
«Эркин Тоо»
2010-жылдын 19 февралы