• English
  • Кыргызча
  • Русский
Эмгектик эмес кодекс
Жарыяланган күнү : 
17/02/2010


Эгемендик менен кошо бизге жүк болуп калып калган советтик мыйзымдардын эскирген ченемдерин алмаштыруу керек экендигине мен жакында өз көзүм менен көрүп ынандым. Элестетип көрүңүзчү, биздин мекемеде жети жылдан бери иштейт деп эсептелген кызматкер болгону көп болсо эки жылча иштеген. Бирок ошол мезгил ичинде дагы иш жүзүндө эч нерсе кылбаган. Ал иштеген бөлүм жоюлганга чейин өз ичине мамлекеттик сырды камтуу мүмкүндүгүнө ойлоп табууларды текшерүү менен иш алып барган. Айтмакчы, 20 жыл ичинде Кыргызстанда мындай прецедент чагылдырылган эмес. Башкача айтканда кызматкер эч бир иштеген эмес.

Биздин Эмгек кодексибиз жумушта деп эсептелип бирок иштебей жүрө берүүгө, анан дагы ал үчүн акча алууга жана стаж топтоого мүмкүндүк берет. Ушундай да болот бекен деп ойлойсузбу? Көрсө болот экен да. Сиз аял кишисиз жана эртедир кечтир тукум улоо вазыйпасына келесиз, башкача айтканда декреттик өргүүгө чыгасыз. Сиз анда үч жылга чейин болуп, андан соң жумушка чыгууга милдеттүүсүз. Бирок бул жерде дагы оңой эле иштен качып кетүүгө болот – эмгекке жарамсыздык баракчасын алып келе коёсуз, биздин кызматкер ушундай кагаздарды жети жылдын ичинде кадрлар бөлүмүнө толтуруп жиберген. Ошентип ал үч төрт ай өткөрөт, мен анын кеселге чалдыкканына кантип ишенбей кое алам, андан кийин кеңседе үч жумача отурган соң кайрадан эмгекке жарамсыздык баракчасы. Анан карасаң эле кезектеги эмгек өргүүсүнүн мезгили келип калат! Ал бүткөндөн кийин кайрадан декрет….

Жок, мен балдардын төрөлүшүнө таптакыр каршы эмесмин, бирок, жетекчи катары ушул кызматкердин натыйжасыз экендигин көрүп турам. Эмгек кодекси дагы бул адамды жумуштан чыгарууга мага мүмкүндүк бербейт – анын бардык кылган иштери мыйзамдуудай болуп турат, кызматкердин эмгек китепчесин колуна карматканга себеп жок. Бул аялга көп жылдардан берки анын «ишмердүүлүгүнүн» мекемеге келтирген пайдасы нөлгө барабар болуп жаткандыгын түшүндүрдүм. Ал өз каалоосу менен иштен кетүү жөнүндө арыз жазууга макул болуп чыгып кеткен, бирок андан кийин кадрлар бөлүмүнө барып алып чатак чыгарып, сотко берем деп коркуткан экен жана эртеси кайрадан эмгекке жарамсыздык баракчасын алып келиптир.

Ушул жылдар ичинде бул аялдын өргүүлөр үчүн жана башкалар үчүн канча акча алганын эсептеп коюу кыйын эмес – ишенип коюңуздар, эми аз эмес.

Батышта эмгек мыйзамдары эбак оптималдаштырылган – ал жакта адам ресурсун мүмкүн болушунча натыйжалуу пайдалануу кабыл алынган. Жетекчиде, эч нерсе жасагысы келбеген жана анысын анчалык деле жашырбаган кызматкерге эшикти көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк бар. Ал эми ушинтип жеткиликтүү иштелип чыкпаган мыйзамдар менен соодалашууга ал жакта таптакыр болбойт. Бизде өткөндөн калган ушул жаман адат жумуш берүүчүгө балээ болуп жабышты – жалкоону иштен бошотууга эч кандай мүмкүнчүлүк жок.

Ушуга окшогон мисалдардын далайын келтирүүгө болот, мындай адамдар (эмгек кылбагандар) мамлекеттик жана коммерциялык уюмдарда көп. Бирок, алар менен эч нерсе кылууга болбойт. Алар өргүү жана сыркоологондугу үчүн акча алышат, аларга пенсия төлөнөөрүн дагы билишет. Адегенде бир тууган ишкананын, андан соң социалдык төлөп берүүлөрдүн эсебинен жашап, муну менен эмгектенбегендик – оңой жол. Бирок, ошону менен структуралардын жана ишканалардын иштеринин натыйжалуулугу жоголот, киреше азаят, продуктивдүүлүк жоголот.
Мыйзам чыгаруучулар Эмгек кодексин карап чыгууга эбак мезгил жеткен, болбосо, багууда отура берүү элдин кеңири массасын кучагына алуу коркунучу турат, бул өлкөнүн экономикасына терс таасирин тийгизүүсү анык.

Ошондо, чакан кеңседен тартып мамлекеттик аппаратка чейинки кандай масштабдагы реформа болсо дагы – кулап калуусу мүмкүн. Кайсы бизнесчи болсо да билет: корпоративдик машинада ашыкча бир дагы бурама болбоого тийиш, алар ойдогудай кыймылдоосуна тоскоолдук гана келтиришет. Анткени, кошумча чыгымдар болбосун үчүн жана кызматкерлердин штаты оптималдуу болуусу үчүн механизмдин ар бир түйүнү максималдуу жүктөлүүгө милдеттүү болот. Ошондо гана ишмердүүлүк максималдуу пайда алып келет, ал эми кайтарымдуулук талапка ылайыктуу болот.

Улан МЕЛИСБЕК,
Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору.