Юстиция министрлигинде жаңы юридикалык жак – Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу «KG» домен аймагын башкаруу борбору катталды. Ошентип, улуттук домен аймагын башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды Кыргызпатентке өткөрүп берүү жөнүндөгү өлкө башчысынын Жарлыгын ишке ашыруу жолунда дагы бир чечкиндүү кадам жасалды. Жаңы түзүлгөн түзүм эмне менен иш алып бара тургандыгы жөнүндө Борбордун директору Нурлан Баяман айтып берет.
- «KG» аймагын башкаруу боюнча ыйгарым укуктарды өткөрүп берүү процесси кандайча илгерилөөдө жана жаңы түзүлгөн Борбор менен азыркы администратор - «Азияинфо» компаниясынын мамилелери кандайча уланууда?
- Бул фирма менен болгон биздин мамилелерибиз өткөн жылдын июнь айында кол коюлган ниеттенүүлөр жөнүндө протоколдун негизинде курулууда. Муну каттоо ишин башкаруу иши менен чаташтырбоо керек экендигин белгилеп кетким келет. Башкача айтканда «Азияинфо» домен наамдарын сатуу жана каттоо боюнча өзүнүн каттоочу катарындагы милдеттерин сактап калат жана бул мааниде катардагы колдонуучулар үчүн эч нерсе өзгөрбөйт. Ал эми Кыргызпатент, анын ведомствого караштуу структурасы болуп эсептелген Башкаруу борборунун жардамы менен башкаруунун милдеттерин аткарат. Буларга мамлекеттик саясатты ишке ашыруу, колдонуучулар менен домен наамдарынын базарынын катышуучуларынын ортосундагы өз-ара мамилелерди жөнгө салуу, улуттук домен аймагын техникалык тейлөө боюнча адистерди даярдоо, ошондой эле домен наамдарын иштетүү чөйрөсүндө ченемдик-укуктук базаны калыптандыруу сыяктуу милдеттер кирет. Сиздер көрүп тургандай, домен наамдарын түздөн-түз каттоо Борбордун милдеттерине кирбейт, бул боюнча бардык алдыңкы IT компаниялары аркылуу каттоочулар гана, анын ичинде “Азияинфо” иш алып барат.
Натыйжада, домен наамдарын каттоо боюнча кызмат көрсөтүүлөр базарында чыныгы атаандаштык келип чыгат, өлкөдө Интернет түйүнүн колдонуу кеңейет, каттоонун жана «KG» аймагында домен наамдарын кармап туруунун сапаттуу жана ишенимдүү системасы түзүлөт.
- Интернет-мейкиндигинин мазмунуна улуттук домен аймагынын администратору кийлигишпей тургандыгына кандай кепилдиктер бар?
- Келгиле мындай бир жөнөкөй окшоштукту карап көрөлү. Домен наамы – бул болгону Интернеттеги гана дарек. Эгерде сиз жашаган үй кандайдыр бир дарек боюнча жайгашып турса, анда сиздин паспортуңузда катталгы жөнүндө белги коюлат. Ал сиздин туруктуу орун алган жериңизди гана тастыктайт, бирок сиздин үйүңүздүн техникалык абалына, анын архитектуралык өзгөчөлүгүнө эч кандай таасир этпейт. Ошондуктан, kg аймагын башкаруу милдетин өзүнө алуу менен, Кыргызпатент Интернеттеги сөз эркиндигине аракет кыла тургандыгы жөнүндө билдирүү – бул чайкоочулуктан ашпаган нерсе.
Борбордун бүтүндөй ишмердүүлүгү домен наамдарын бөлүштүрүүнү жана колдонууну жөнгө салууга багытталган. Мисалы, жакынкы келечекте Борбор мамлекеттик мекемелердин домендик аталыштарын тартипке келтирүү боюнча иш жүргүзөт, алардын бардыгы “KG” аймагында жайгашып турууга тийиш. Бул баарыдан мурда элчиликтердин сайттарына тиешелүү. Анын үстүнө иш, башкаруу куралдары аркылуу эмес, сунуш кылуу деңгээлинде гана жүргүзүлөт. Бул, катардагы жарандардын мамлекеттик органдардын маалыматтарына кирүү мүмкүндүгүн жеңилдетүү үчүн жасалат.
- Жакында эле ММКда Мамлекеттер аралык байкоочу комитетте (GAC ICANN) Кыргызпатент биздин өлкөнүн расмий өкүлү болуп калгандыгы жөнүндө маалымат кетти. Кыргызстанга бул эмне берет?
- Домен наамдарын берүү боюнча интернет-саясат узак мезгилдер бою АКШнын Соода министрлигинин көзөмөлү астында туруучу компания, интернетте домен наамдарын берүү боюнча Интернет корпорация – ICANN тарабынан контролго алынып келген. Мындай жагдай, интернет-саясат эл аралык кызматташтык принциптеринде курулууга тийиш деген көз караштагы дүйнөлүк түйүндүк коомдоштукту эбактан бери канааттандырбай келген. Ошондуктан, мурда байкоочу органдын гана статусуна ээ болуп келген ICANNге караштуу Мамлекеттер аралык байкоочу кеңеш (GAC ICANN) эми сунуштарды киргизүүгө, ушундай жол менен домен наамдарын алуу чөйрөсүндө ченем жаратууга таасир этүүгө мүмкүндүк алды. GAC ICANNдин катышуучулары болуп эсептелген өлкөлөр домен наамдары системасын өнүктүрүү саясатын калыптандырууда өзүлөрүнүн улуттук кызыкчылыктарын алга жылдырууга мүмкүнчүлүк алышат. Айтмакчы, бул кеңешке айрым бир чоң эл аралык уюмдар, анын ичинде Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму (ИМБДУ) жана Эл аралык телекоммуникациялык союз (ITU) киришет. Мамлекеттер аралык байкоочу кеңеш бардыгы болуп мамлекеттердин 109 өкүлчүлүктөрүн камтыйт.
Кыргызстандын GAC ICANNде өз добушун алышы, биз үчүн, Кыргызстандын интернет-колдонуучулары үчүн актуалдуу маселелерди талкуулоо мүмкүндүгү дегенди билдирет. Мисалы, домен аймагында латындык эмес аталыштарды колдонуу жөнүндө. Кириллдик домендерди каттоо колдонуучулар үчүн бир катар артыкчылыктарга ээ, анткени алар түйүндүн орус тилдүү колдонуучулары үчүн ыңгайлуу болот. Андан тышкары, бул, латын алфавитинде окшоштору жок болгон кыргыз тилинин (ө,ң,ү) спецификалык тамгаларын оңой чагылдырууга мүмкүндүк берет.
Марттын башында Найробиде (Кения) GACтын кезектеги, бирок биринчи жолу жаңы форматтагы отуруму болот. Ошол отурумда GACтын өзү сыяктуу эле ICANN үчүн дагы мындан ары жетекчиликке алына турган базалык ченемдик актылар талкууланат жана кабыл алынат деген ишеничтебиз.
Андан тышкары, биз дагы бир катар маселелердин, алардын ичинде мисалы, «кг» домен аймагын латындык эмес белгилөөнү кабыл алуу сыяктуулардын чечилишине ишенебиз. Эгерде домен наамдарын берүү боюнча Корпорация тарабынан ушундай наам кабыл алынса, сайтты, мисалы Кыргызпатенттин сайтын даректик сапта «патент.кг» түрүндө, ал эми «Слово Кыргызстана» гезитинин сайтын - «ск.кг» түрүндө терүүгө болот. Бирок, бул жерде дагы өзүнүн кыйынчылыктары бар. Мисалы, Россия домен аймагын «рф» деп белгилөөнү кабыл алган. «Ру» деген белгини алышкан жок себеби, графикалык жактан латынча «py» дегенге окшоп калат экен, ал эми ушундай домен наамы Парагвайга таандык. Эң башында биз улуттук доменге «кр» (Кыргыз Республикасы) деген наамды берели дегенбиз. Бирок, ал латынча жазылышы боюнча Түндүк Кореянын “kp” деген домен аймагынын жазылышына окшош. Чындыгында, кээ бир адистер «кг» деген кириллдик домендин дагы «эгиздери» бар экендигин белгилешүүдө, анткени кириллдик «г» саптамгасы латынча «r»тамгасын элестетип турат, ал эми «kr» домени болсо Түштүк Кореяга таандык. Ошондуктан, биз азыркы күндө маалыматты белгилүү интернет-форумдарга жайгаштыруу менен, бул маселени кыргызстандык түйүндүк коомдоштуктардын талкуусуна алып чыктык. Келечектеги Кирнет жөнүндөгү мындай пикир алышуулар www.cctLd деген биздин сайта дагы салттуу болуп калды.
Баарлашкан Людмила ПАВЛОВИЧ.
2010-жыл, 16-февраль № 17 (22466)
