Биздин окумуштуулар бүтүндөй дүйнөнүн лабораториялары баш катырып жаткан нерсени жасашты. Алар отун катары водородду колдонуунун үнөмдүү жана коопсуз ыкмасын таап алышты.
—Бул жерде 30 литр бензиндин эквиваленти бар, – деп орточо картошкадай чоңдуктагы плассмасса капсуланы көрсөттү Эйнштейн атындагы Эл аралык энергетика академиясынын кыргыз бөлүмүнүн президенти, техникалык илимдердин доктору Владимир Свиденко.
— Бул, автомобиль менен Бишкектен Алматыга барып, кайра келгенге жетет. Ичинде водороду бар капсула атайын суюктугу бар кичинекей бакка орнотулуп, аны автомобилдин моторуна коюшат. От алдыруучу ачкычты бураганда атайын ийнече капсуланы тешет, водород чыгып, кыймылдыткычты кыймылга келтирет. Мындай капсуланы өзүңөрдүн ашканаңарга коюп алып (мындай иштелмелер дагы бизде бар), силер бир жума бою тамак бышырсаңар болот. Анын үстүнө бензин менен жаратылыш газынан анын айырмасы, баллончо жарылып кетет же күйүүдө ууландыруучу заттарды бөлүп чыгарат деп кабатыр болбойсуңар.
— Биздин водород топтоочу затыбыз (анын аталышы жашыруун) тоолордо ушунчалык көп санда жайгашкандыктан, алар менен миң жылдар бою камсыз кылууга болот. Ал башка заттарга караганда водородду дагы 20 эсе көп топтойт жана жогорку температураны талап кылбайт, – дейт Владимир Свиденко.
Свиденконун ойлоп табуусу мыкты деп табылган Донецкде өткөн эл аралык конференциядан кийин Владимир Николаевичке япондук, түштүк кореялык адистер бир нече ирет келип технологиянын сырын тартып көрүштү. Бирок мындан эч майнап чыккан жок.
Айрым бир чет өлкөлүк «тыңчылар» водороддуу ноу-хау үчүн көп акча сунуш кылышты.
— Мен патриотмун. Мындай өнөр жайы бизде иштеп кетүүсүн каалаймын, – деп түшүндүрдү окумуштуу. – Биздин эсеп боюнча водороддуу капсулдарды жаратууга болгону 300 миллион сом керек. Анын үстүнө алардын баасы дагы отундун башка түрлөрүнө караганда ондогон эсеге арзан болот. Муну менен газ түтүктөрүн, нефть түтүктөрүн куруунун жана көмүр казуунун кереги жок. Бул абдан чоң үнөмдөө. Бирок, президенттин аппаратына жазган катыма, жакшы иш экен, бирок Өнөр жай министрлигине кайрылыңыз дегендей жооп алдым. Ал жакка бардым. Алар болсо толгон токой себептерди айтышып бул ишти колго ала албайбыз дешти. Бирок мен мүңкүрөп калган жокмун, кыргыз-орус биргелешкен компаниясын түзүү тууралуу Россия Федерациясынын Премьер-министри Владимир Путин менен кат алыштым. Ал жактагы энергетикалык инстанциялардан төрт кат алдым, алардын бардыгы оң жооп беришти. Кызыгып калышты! Жакынкы күндөрдө бешинчи, чечүүчү кат келиши керек. Эгерде Россия макулдук берсе, жакынкы убактарда Бишкекте, андан кийин башка шаарларда водороддуу отун заводдору иштеп баштайт.
Анастасия ХОДЫКИНА.
Фотосүрөт Темир СЫДЫКБЕКОВДУКУ.
http://members.vb.kg/2010/02/03/panorama/1.html

