• Кыргызча
  • Русский
МСН: "Өзүлөрүнүн акылдары менен иштеп табышат"
Жайындалган күнү : 
2010-01-22

Үстүбүздөгү жылдын бюджетинде мамлекеттик казынадан Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматын (Кыргызпатент) кармоого жана иштетүүгө бир тыйын дагы караштырылган жок. Өткөн жумада президент Курманбек Бакиев жарлыкка кол койду. Бул жарлыкка ылайык, мекеме өзүн-өзү финансылоого өтөт.

Өкмөттө – бул өзүн-өзү бакканды үйрөнгөн бир аз гана структуралардын бири экендигин белгилөө абзел. Мурда бюджеттен Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондун жана патентик-техникалык китепкананы кармоого каражаттар келчү. Ал дагы ушул мекеме төлөгөн салыктардын эсебинен болчу. Эми болсо, “KG” домен аймагын башкаруу борборун камтуу менен китепканадан башка Кыргызпатенттин бөлүктөрүн финансылоо өз каражаттарынын эсебинен гана жүзөгө ашырыла турган болду.

Ушул мезгилде интеллектуалдык менчик боюнча мекеменин түзүмүн калыптандыруу боюнча иш аягына чыгып калды. Пресс-кызматтын таануусу боюнча, оптималдаштыруу бардык штаттык кызматкерлердин үчтөн бир бөлүгүнүн кыскартууга туш болушуна алып келиши ыктымал.
Анын ортосунда өкмөт жана Кыргызпатент эки айлык мезгил ичинде өз чечимдерин мамлекет башчысынын жарлыгына ылайык келтирүүгө тийиш.

Лариса ЛИ.
Булак:
 МСН