Баяндалып жаткан жагдайдын Күнү болуп Кыргыз Республикасынын парламенти чыгат. Тагыраак айтканда, анын, өз дарегине эч кандай сынды кабыл албаган «ак-жолчулар» бөлүгү. Эгерде, кимдир бирөө депутаттарга иштеги кемчилдиктерин көрсөтө турган болсо, алар үчүн ал № 1 душман болуп калат.
Өткөн шаршемби Жогорку Кеңештин дубалдарындагы чыр-чатак менен белгилүү болуп калды. «Элдик» партиянын депутаттары аларга өзүнүн жеке көз карашын билдиргендиги үчүн «Кыргызпатенттин» башчысы Улан Мелисбекке айып тагууга безилдеп, ынтымакта киришишти.
Мурда бейөкмөт уюмда жүргөн, ал эми азыр «акжолчу» Гүлнара Дербишева анын кесиптеши Алмазбек Каримовдун демилгесин Мелисбек сынга алууга батынгандыгын айтып чыкты. Эске салсак, ал кесиптеши чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын дипломатиялык ведомстволорунун өкүлдөрүнө өз ара сүйлөшүүдө жана расмий сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө кыргыз тилин гана колдонууну сунуш кылган. «Мындай маанисиздикти элчилерге, консулдарга жана дипмиссияларга кандайча таңуулоого болот?» – деп суроо салган Мелисбек.
«Парламенттин ичинде ушундай болбогон кепти кандайча айтууга болот?» – деген суроону мен эл депутаттарынын өздөрүнө беремин.
Дербишева депутаттардын демилгелерин сынга алуу чиновнике бедел алып келбей тургандыгын билдирди. Айтмакчы, мыйзамчы элдин кыжырын кайнатуу болбосо дагы таң калтыруучу алардын кээ бир демилгелери парламентарийлерге ар-намыс алып келээр-келбеси жөнүндө ойлоп да койгон жок.
Эстафетаны экинчи «акжолчу» Динара Молдошева (мурдагы америкалык ӨЭУнун кызматкери) жулуп кетти. Ал Мелисбекке ал мамлекеттик кызматкер болгон соң мамлекеттик кызмат жөнүндө мыйзамды бузбай туруп өзүнүн принципиалдуулугун көрсөтүшү керек экендигин эскертти. Молдошеванын логикасы таң калыштуу экен. Депутат адегенде өзү шилтеме берип жаткан мыйзам менен жакшылап таанышып алса жакшы болоор эле. Анда так жана бир мааниде мындай деп айтылат: «Мамлекеттик органда мамлекеттик кызмат орунун ээлеп турган Кыргыз Республикасынын жараны» мамлекеттик кызматкер болуп эсептелет (мен – У.Б. бөлүп көрсөттүм). Ушул жерде Динаранын өзүнө суроо бергим келет: Кыргызстандын жарандарынын оозун жаптырууга ага ким укук бериптир?
Азоо Мелисбектин жазасын берүүгө кесиптештерин «акжолчу» Нарынбек Молдобаев үндөдү. Ал өкмөттүн, президенттин жана премьердин өкүлдөрүнө Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын башчысы депутаттар менен «кызматташуунун» (б.а. алардын болбогон бир идеяларын колдоонун) ордуна дайыма шылтоолорду таап тураарын «эскертип», чиновниктин жүрүм-турумуна баа берүүнү суранды.
Улан Мелисбекке өз энчисин берүү керек – ал өзүнүн жеке жарандык көз карашын ачык айтат (кээ бир азыркы парламентарийлерден айырмаланып – У.Б.) жана дайыма өз пикирин билдирет. «Мен көрсөтүлөгн мыйзам долбооруна же менин адистик ишмердүүлүгүмө тиешелүү болгон депутаттардын суроолоруна жооп берүүгө даярмын» – деп билдирди каршылыкка жооп кылып Мелисбек. Бирок парламентарийлер көнүп калган салттары боюнча мыйзам долбоорун талкуулоону шоуга айлантып жиберишти. Андан кийин Мелисбек белгилегендей, ага берилген жыйырма суроонун ичинен экөө гана документке түздөн-түз тиешелүү болду, ал эми калгандары көпчүлүк учурда кежир (ыңгайсыз) чиновниктин эсебин берүүгө окшоду.
Чынында эле биздеги депутаттардын айрымдары күлкүлүү. Кызык, отурумдар залына кирээр алдында алар эмне чегишет (ичишет, жытташат) болду экен? Жогорку Кеңештин дубалдарынан көпчүлүк учурда кускуңду келтире турган кокуй нерселер тарап турат. Бирок биздин мыйзам чыгаруучуларды талкуулаганга жана айыптаганга болбойт. Анткени алар өзүлөрүн Күн катары эсептешет.
Булак:
http://www.mk.kg/index.php?option=com_content&task=view&id=2717
Булак:
Московский Комсомолец
