• Кыргызча
  • Русский
Ау, адистер!
Жайындалган күнү : 
2010-01-22

Көптөгөн жаш адамдар мурдагы бийликтин кадрлар саясатынан иренжигендиктен алардын сапаттарын, адистигин жана иш билгилигин туура баалай турган жерлерди издеп Кыргызстанды таштап кетишти. Алар жакшы орун алып калгандыктарына карабастан, кантсе да өз Мекенинде өздөрүн андан да толк кандуу көрсөтө алышмак болчу. Мен муну АКШда 6 жыл жашаган соң түшүндүм. Ошондуктан биздин өлкөдө болуп жаткан кайра түзүүлөргө өз салымымды кошуу үчүн кайтып келдим.

Өзгөчө мамлекеттик башкаруу системасында маанилүү өзгөрүүлөр жүрүп жатат. Өлкөнүн жетекчилиги кадрларды жаңыртууга багыт алды. Бийликти совет бийлигинин көнүмүш нерселеринен эркин болгон, базар категориялары менен ой жүгүртүүчү жаңы муунга басым жасоого түртүүнүн себептеринин бири – бул, эгемендүүлүк жылдары ичинде негизинен үзүлүп калган мамлекеттик башкаруу институтуна калктын ишенимин кайтарууга умтулуусу.

Кайсы болбосун мекеменин натыйжалуу жана заманбап стандарттар менен иштөөсү үчүн анын командасында жаңы формациянын адистеринин болуусу маанилүү. Ошондуктан биз ылайыктуу билими бар жаш адамдарды Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) кызматкерлеринин катарын толтурууга чакырабыз.

Жакынкы эле күндөрдө Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын жаңы жобосу жана түзүмү бекитилди. Биздин мекеменин статусу жогорулады. Биз зор кайра түзүүлөрдүн жолундабыз жана жакшыртууларга умтулуудабыз.

Жакын арада бизди чоң жумуштар күтөт – бул баарыдан мурда чыгармачыл адамдарга, авторлорго, ойлоп табуучуларга колдоо көрсөтүү, каракчылыкка жана контрафактылык продуктуларды чыгарууга каршы күрөшүү, салттуу билимдерди жана генетикалык ресурстарды коргоо. Андан тышкары интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча улуттук стратегияны иштеп чыгуу, «KG» улуттук домен аймагын башкаруу борборун түзүү, мекеменин ишин жүргүзүүнү толук автоматташтыруу процессин аяктоо, автордук укуктарды жамааттык башкаруу коомун түзүүгө жардам көрсөтүү сыяктуу көптөгөн жаңы долбоорлорду ишке ашыруунун башталышы күтөт.

Эгерде Сиз ыкчам, прагмативдүү, жаңыны кабылдагыч болсоңуз, чыгармачылык менен ой жүгүртө алсаңыз, өз көз карашыңызга мурунтан жаман ойдо болбосоңуз, тез чечим кабыл алууга жөндөмдүү болсоңуз жана өлкөнүн келечеги үчүн жоопкерчиликти өзүңүзгө алууга даяр болсоңуз – биз Сизди Кыргызпатентте күтөбүз.

Күжүрмөн, биримдиктүү жана интернационалдуу жамаат – биздин мекеменин эң негизги баалуулуктарынын бири. Ар бир кызматкердин салымы байкалбай калбайт. Бул жерде ар бири кошумча дем берүүлөрдү, сыйлыктарды, бонустарды алууга, өзүнүн квалификациясын чет өлкөдө жогорулатууга, эл аралык семинарларга жана конференцияларга катышууга мүмкүндүк ала алышат.

Техникалык, юридикалык, экономикалык, ошондой эле маалыматтык-байланыш технологиялары боюнча билими барларды ишке чакырабыз.

Эгерде Сиз биздин командада иштөөгө даяр болсоңуз өзүңүздүн резюмеңизди e-mail дареги боюнча жөнөтүңүз.

Сизди кызыктырган бардык нерселер жөнүндө Кыргызпатенттин расмий сайтынан билсеңиз болот: www.patent.kg

Улан Мелисбек
Булак:
Улан Мелисбектин жеке блогу
Тема боюнча материал:
Вечерний Бишкек