Мындан бир аз мурдараак Жогорку Кеңештин дубалдары кезектеги шоуга күбө болушту. Анын башкы кейипкерлери депутат Нарынбек Молдобаев жана Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын («Кыргызпатент») директору Улан Мелисбек болушту.
Мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда эл депутаты чиновникке «негизи сиздин атыңыз ким өзү? Аты кайсынысы, ал эми фамилиясы кайсы?» – деп кайрылды да окуя андан ары уланып кетти…
Ушундан кийин айрым бир электрондук ММКда ар кандай маанидеги кабарлоолор пайда болду. Аларда, айтышуу учурунда Улан Мелисбек депутаттарга кыргыздардын атасынын атынын аяккы тамгасы «Кыргызпатенттин» башчысынын өзүнүн аты сыяктуу жазылышы керек деген мыйзам долбоорун демилгелөөнү сунуштагандыгы жөнүндө айтылган.
— Мындай эч нерсени сунуштаганым жок, – деп жагдайды түшүндүрдү «Вечеркага» ведомствонун директору. – Жөн гана сүйлөшүүлөр учурунда мен ушундай мыйзамы бар Казакстанды мисал катары келтиргем жана ушундай мыйзамды биз дагы кабыл алсак дурус эле болмок деген пикиримди айткамын. Анын үстүнө мен мындай ченемди кыргызча сүйлөшкөндө колдонуу жөнүндө гана ойду билдиргем, эч кандай мыйзамдардагы түп тамырынан берки өзгөртүүлөр жөнүндө сөз болгон эмес.
Муну менен Улан Мелисбек ошондой эле мыйзам чыгаруучулардын жалпы маданияты боюнча өз пикирин ортого салды.
— Нарынбек Молдобаев мага орой мамиле жасады. Эгерде ал менин атымды билбесе, сураштырып маалымат алып алса болот эле го, депутаттар кимди чакырганын деле билишпегендиги көрүнүп тургандай. Дегиңкиси парламентарийлер чиновниктерге мектеп окуучусун тартипке салып жаткандай мамиле кылууга көнүп алышкан. Бирок мен стандарттуу эмес жетекчимин жана мен бүк түшпөймүн. Мен өзүм үчүн эмес мамлекет үчүн күйүп-бышып жатамын жана өзүмдүн кылган иштериме ишенимдүүмүн. Мени президент дайындаган, мен анын алдында гана жооптуумун. Ал эми депутаттар менен оюн курбаймын. Ошондой эле, мамлекеттик органдардын мамиле түзүүнүн цивилизациялуу формасына өтүүсүнө учур келди деп эсептейм. Парламент дагы профессионалдуу болуп, ар кандай болбогон нерселерди териштирбей, мыйзам чыгаруу ишмердүүлүгү менен иш алып барууга тийиш.
Ал эми жалпы кабыл алынган вариантта анын аты толугу менен кандайча айтылат деген суроого «Кыргызпатенттин» башчысы кыскача мындай деп жооп берди:
— Менин толук аты-жөнүм Улан Мелисбекович Оморов. Ал эми Мелисбек деген – бул мегзилинен эрте дүйнөдөн өтүп кеткен атамдын жаркын элесине урмат-сый көрсөтүү иретинде тандалып алынган ысым. Ошол эле учурда менин тукумумда салттуу фамилиянын болушуна артыкчылык беремин.
Урмат КЕНЖЕСАРИЕВ