Курманбек Бакиев Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын жаңы жобосун жана иш схемасын бекитүүчү жарлыкка кол койду.
Мындан ары бул ведомствонун ишин регламенттөөчү документтерде башкаруунун принципиалдуу жаңы ченемдери жазылган. Ведомствонун жетекчилиги бул регламентти кубануу менен кабыл алды.
— Биз 6 айдан ашык убакыттан бери “kg” домен аймагын башкаруу борборун түзүүгө далалаттанып жатабыз, бирок, бюрократиялык жол-жоболордун айынан муну жасай албай келебиз, – деп баяндады «Вечеркада» Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директору Улан Мелисбек.
— Документтерди бардык кызыкдар болгон министрликтер жана коомдук уюмдар менен макулдашуудан өткөрдүк, бирок Игорь Чудинов башында турган мурдагы өкмөт бизге жашыл жарык берүүгө жетишкен жок. Азыр мамлекеттик башкарууну реформалагандан кийин ишти дээрлик башынан кайра баштамакпыз. Интернетке байланышкан маселелерди жөнгө салуучу ICANN эл аралык уюму борбордун түзүлүшүн күтүп жатпайбы. Эми биз муну эч тоскоолдуксуз жасай алабыз.
Улан Мелисбек “Кыргызпатенттин” иши жөнүндө жаңы жобону алдыга карай чоң кадам деп атады. Эми кызматкерлерге материалдык өбөлгө берүүгө, жыйынтыгында кызматка жогорку адистиктеги кадрларды жана иште маанилүү ийгиликтерди камсыз кылууга мүмкүнчүлүктөр пайда болду.
— Бул реформанын натыйжасында бизде көп маселелерди, мисалык кадрдык маселелерди өз алдыбызча чечүүгө мүмкүнчүлүк пайда болду, – деп белгиледи чиновник. – Мүмкүндүктөр бизге коммерциялык структуралар менен тыкыр иштөөгө, базар мыйзамдарына ыңгайлашууга кыйла кеңири ыйгарым укуктарды берет. Мурдагы советтик интеллектуалдык менчик ведомстволорунун ишмердүүлүгү азырынча тажрыйбасы бекемделбеген жана башка мамлекеттик структуралардын ишине окшош эмес. Биз ишкерлер, ойлоп табуучулар, жөнөкөй жарандар менен мамиле түзөбүз, ошондуктан кыйла натыйжалуу иш үчүн эркин мамиле түзүүлөргө максималдуу жакындашуу керек. Муну менен биздин жоопкерчилигибиздин жогорулашы – кадыресе жана керектүү көрүнүш, ведомствонун директоруна бул дегеле персоналдуу тиешелүү!
Президенттик жарлык менен «Кыргызпатентке» ошондой эле өлкөнүн Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду дагы өттү. Бул Улан Мелисбектин пикири боюнча мамказнаны маанилүү үнөмдөйт.
— Белгилүү болгондой, биздин ведомство толук өзүн-өзү камсыз кылууда турат, бюджеттен бир тыйын дагы албайбыз. Муну менен жыл сайын 20 миллион сом чамасында салыктар түрүндө чегерип турабыз, мурда бул сумманын теңи мамфондду кармоого кайтарылчу. Мындан ары ошол эле сумманы казнага беребиз жана муну менен ведомствого караштуу структураны өзүбүз кармайбыз. Бул мамлекеттин оордугун жеңилдетет. Домен аймагын башкаруу борборун дагы өз алдыбызча кармайбыз, бул албетте Финансы министрлигин кубантат. Ушундай жол менен үнөмдөлгөн акчаларды республиканын өтө зарыл көйгөйлөрүн чечүүгө жумшоого болот.
Андрей ОРЕШКИН.
http://members.vb.kg/2010/01/19/tema/4.html