• English
  • Кыргызча
  • Русский
Лос-Анжелесте 7 миллион доллар суммасына каракчылык дисктердин чоң партиясы алынды.
Жайындалган күнү : 
2010-01-19

2010-жылдын 7-январында Лос-Анжелестин порттук комплексинде АКШнын Бажылык-чегаралык кызматынын (CBP) кызматкерлери Түштүк Кореядан келген контейнерди конфискациялаган, анын ичинде контрафактылык продукция бар болуп чыккан -деп кабарланган америкалык ведомствонун сайтында.

CBP пресс-кызматынын маалыматтары боюнча, контейнерде фильмдери жана музыкасы менен 253 миңге жакын контрафактылык DVD-дисктер табылган. Жасалма товардык белгилери бар дисктер Лос-Анжелес аймагында импорттолууга арналган.

Алынган партиянын сунушталган чекене баасы 7,1 миллион доллардан ашык АКШ доллары менен бааланат. Алынган DVD-дисктер жок кылынат.

2009-жылы АКШнын Бажылык-чегаралык кызматы жана Иммиграция жана бажылык көзөмөл кызматы тарабынан бүтүндөй өлкө боюнча $ 260.6 миллион доллардан ашык суммага контрафактылык продукция алынган.

http://www.cbp.gov/xp/cgov/newsroom/news_releases/01152010_6.xml